Сиз бул сайттын азыраак дата коротуучу, тексттен турган версиясын көрүп жатасыз. Сайттын бардык сүрөттөрдү жана видеолорду камтыган негизги версиясын көрүңүз.
Кочкор-Атадагы катуу сел 466 үйдү каптады
Кочкор-Атадагы катуу сел 466 үйдү каптады
Published
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда нөшөрлөгөн жамгырдан улам келип чыккан сел кырсыгына байланыштуу III даражадагы "Өзгөчө кырдаал" режими киргизилди. Бул тууралуу облустук бийлик маалымдады.
13-июлда нөшөрлөгөн жаандан кийин кокту-колоттордон келген сел суулары 466 турак үйдүн короосун каптап, 80 үйдүн ичине кирген.