Сиз бул сайттын азыраак дата коротуучу, тексттен турган версиясын көрүп жатасыз. Сайттын бардык сүрөттөрдү жана видеолорду камтыган негизги версиясын көрүңүз.
Раззак Бейшекеев Азия чемпиону болду
Раззак Бейшекеев Азия чемпиону болду
Published
Кыргыз балбаны Раззак Бейшекеев Азия чемпиону аталды. Ал Кыргызстандын капчыгына төртүнчү алтын медалды алып келди. Бейшекеев 67 кг. салмакта күрөшкө чыгып, финалда жапониялык Кенцуке Шимицуну 8:2 эсебинде жеңди.
Күн мурун Акжол Махмудов, Асан Жанышов жана Афтандил Таалайбек уулу Азиянын чемпиондору аталган эле.