Сиз бул сайттын азыраак дата коротуучу, тексттен турган версиясын көрүп жатасыз. Сайттын бардык сүрөттөрдү жана видеолорду камтыган негизги версиясын көрүңүз.
Кыргыз жараны: согуштан кайта албай жатам
Украинада орус армиясынын катарында согушуп жүргөнүн айткан кыргыз жараны Би-Би-Сиге кайрылды. Ал Орусияда курьер катары иштеп жүрүп, талаштуу жагдайда маңзат ташууга шектелип кармалганын, урушка кетүүгө мажбур болгонун, дээрлик эки жылдан бери согуш аймагынан кайта албай жатканын айтууда. Кыргызстандык бир жылдык келишими бүткөн соң экинчи жылга келишимди узартууга аргасыз болгонун билдирди.
30 жашка чыга элек бул жаран бизге өздүгүн жана согушта жүргөндүгүн тастыктай турган документ катары Орусиянын Коргоо министрлиги тарабынан берилген мөөнөтсүз күбөлүгүн көрсөттү. Анда ал "Ветерандар жөнүндө" Федералдык мыйзамга ылайык, белгиленген укуктарга жана жеңилдиктерге ээ экени жазылган.
Толук макаланы bbckyrgyz.com сайтыбыздан окуңуз.