Сиз бул сайттын азыраак дата коротуучу, тексттен турган версиясын көрүп жатасыз. Сайттын бардык сүрөттөрдү жана видеолорду камтыган негизги версиясын көрүңүз.
Финляндия-Кыргызстан. Билим берүүдөгү айырма жана окшоштуктар
Published
Финляндиянын билим берүү системасы кыргыз коомунда да кызыгуу менен талкууланып келет. Жакында Кыргызстандын билим берүү министри баштаган топ, тажрыйба алмашуу максатында Финляндия жана Эстония мамлекеттерине барып кайтышкан. Бул сапардан алган тажрыйбаларды пайдалануу жөнүндө серепчи Искендер Ормон менен Кыргызстандагы “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин башкы директору Нурлан Кудайбердиев Би-Би-Сиге айтып берди.