Сиз бул сайттын азыраак дата коротуучу, тексттен турган версиясын көрүп жатасыз. Сайттын бардык сүрөттөрдү жана видеолорду камтыган негизги версиясын көрүңүз.
Залкарлардын көчүн улаган Сапарбек Касмамбетовду эскерүү
Published
Кыргыз улуттук маданияты орду толгус оор жоготууга учурады. Чоң манасчы жана төкмө акын Сапарбек Касмамбетов 86 жашка караган куракта дүйнөдөн кайтты. Азыркы белгилүү манасчылардын ичинен жашы жагынан эң улуусу, жаратмандыгы жагынан эң көрүнүктүүсү эле. Калкынын калкагар тоодой карыясын эскерүүгө филология илимдеринин доктору, белгилүү манасчы Талантаалы Бакчиев менен КРнын эмгек сиңирген артисти Азамат Болгонбаев катышты.