"Балдар эмес, мугалимдер нес болуп калдык". Сокулукта мектептен өрт чыкты

Видеонун түшүндүрмөсү, "Балдар эмес, мугалимдер нес болуп калдык". Сокулукта мектептен өрт чыкты
"Балдар эмес, мугалимдер нес болуп калдык". Сокулукта мектептен өрт чыкты
Published

Чүй облусунун Кожомкул айылындагы орто мектепте 29-октябрь күнү өрт чыгып, мектеп персоналы 1200 окуучуну эвакуациялап, өрт өчүрүүчүлөр келгенче жалынды колдо бар каражаттар менен өчүрүүгө аракет кылышканы белгиленген.

"Ошол убакытта өрт чыккан кабинетте 5–"Д"классында математика сабагы болуп жаткан. Математика сабагынан берген мугалим Бегалиева Зарина Камчыбековнанын айтымында, жылытуу системасынан түтүн чыгып, жарылган. Ошол убакытта класста 28 бала бар болчу. Жабыркагандар жок", - деп жазылган айыл өкмөтү тараткан маалыматта.