"Камасак, үй бүтпөй калат". Оштогу "Элит Строй Ситинин" көйгөйү
"Камасак, үй бүтпөй калат". Оштогу "Элит Строй Ситинин" көйгөйү
Published
Ош шаарындагы "Элит Строй Сити" курулуш компаниясынын "Манас" турак жай комплексинен батир алган үлүшчүлөр үйлөр белгиленген мөөнөттө бүтпөй жатканына нааразы. Алардын айрымдары батирдин акчасын толук төлөшкөнүн, бирок азыркыга чейин үй-жайсыз, батирде ижарада жашап келишкенин айтышат. Курулуш компаниясы иш кийинки жылы аякташы мүмкүн экенин билдирүүдө.



