Автобус сүзгөн тогуз жаштагы Темирхандын абалы оор

Видеонун түшүндүрмөсү, Автобус сүзгөн 9 жаштагы Темирхандын абалы оор
Автобус сүзгөн тогуз жаштагы Темирхандын абалы оор
Published

Түркияда өтө турган мелдеште командасынын дарбазасын коргоону кыялданып жаткан жаш хоккейчи азыр ооруканада оор абалда жатат. Бишкекте мас делген айдоочу башкарган автобус алты унааны сүзүп кеткен. Ал эми эң катуу сокку 9 жаштагы Темирхан бараткан автоунаага тийген. Баланын мээси чайкалып, башында шишик пайда болгонун дарыгерлер билдирди.

Темирхандын апасынын айтымында, баланын абалын милициядан да, мэриядан да эч ким сураган эмес.