2025: Дүйнө жаңы жылды кантип тосуп алды?

Published
Окуу убактысы: 4 мүнөт

Би-Би-Си Кыргыз кызматы окурмандарын жаңы жылы менен куттуктайт. 2024-жылы бизди окуган, көргөн жана уккан катталуучуларыбыздын баарына ыраазычылык айтабыз.

Жаңы 2025-жылды планетадагы эл кантип тосуп алганын сиздерге сунуштайбыз.

Лондон жаңы жылды чоң фейерверк менен тосуп алды. London Eye жанында 12 мүнөттүк фейерверк атылып, музыка жана шоу уюштурулду
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лондон жаңы жылды чоң фейерверк менен тосуп алды. London Eye жанында 12 мүнөттүк фейерверк атылып, музыка жана шоу уюштурулду
Улуу Британия убактысынан үч саат өткөндөн кийин Түштүк Америкада жыл жаңырды. Рио-де-Жанейродо атактуу Копакабана пляжында түстүү фейерверк атылды
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Улуу Британия убактысынан үч саат өткөндөн кийин Түштүк Америкада жыл жаңырды. Рио-де-Жанейродо атактуу Копакабана пляжында түстүү фейерверк атылды
Жаңы жылды планетада биринчилерден болуп Тынч океандагы Кирибати архипелагынын бир бөлүгү болгон атоллдун жашоочулары белгилешет. Сиднейде жыл сайын чоң масштабдагы фейерверк атылып, шоу өтөт
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаңы жылды планетада биринчилерден болуп Тынч океандагы Кирибати архипелагынын бир бөлүгү болгон атоллдун жашоочулары белгилешет. Сиднейде жыл сайын чоң масштабдагы фейерверк атылып, шоу өтөт
Сиднейдин атактуу фейерверктерин көрүү үчүн миңдеген адам аптаптуу күндүн алдында сааттар бою күтүшөт (учурда Сиднейде жай мезгили)
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сиднейдин атактуу фейерверктерин көрүү үчүн миңдеген адам аптаптуу күндүн алдында сааттар бою күтүшөт (учурда Сиднейде жай мезгили)
Кытайдын башчысы Си Цзиньпиндин жаңы жылдык кайрылуусу Пекиндин тургундарына чоң экрандардан көрсөтүлдү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытайдын башчысы Си Цзиньпиндин жаңы жылдык кайрылуусу Пекиндин тургундарына чоң экрандардан көрсөтүлдү
Кытайдын Нанкин шаары жаңы жылды дрон шоу менен тосуп алууда
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытайдын Нанкин шаары жаңы жылды дрон шоу менен тосуп алууда
Жапондор үчүн ыйык саналган Фудзи тоосунан чыгып келе жаткан күндүн элеси Токио мэриясынын имаратында чагылдырылды
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жапондор үчүн ыйык саналган Фудзи тоосунан чыгып келе жаткан күндүн элеси Токио мэриясынын имаратында чагылдырылды
Тайвань жаңы жылды Бээжиндин улам күчөгөн кысымы алдында белгилеп жатат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тайвань жаңы жылды Бээжиндин улам күчөгөн кысымы алдында белгилеп жатат
Түштүк Кореядагы жаңы жыл жекшембидеги авиакырсыктын курмандыктарын эскерүү учуруна туш келди. Сеулдун борборундагы Босингак павильонундагы салттуу коңгуроонун үнү бул жолу дээрлик угулган жок
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түштүк Кореядагы жаңы жыл жекшембидеги авиакырсыктын курмандыктарын эскерүү учуруна туш келди. Сеулдун борборундагы Босингак павильонундагы салттуу коңгуроонун үнү бул жолу дээрлик угулган жок
Бангкоктун түндүгүндөгү Накхон-Саван аймагындагы храмда буддист монахтар жаңы жылда сыйынууда
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бангкоктун түндүгүндөгү Накхон-Саван аймагындагы храмда буддист монахтар жаңы жылда сыйынууда
Жаңы жылда Индонезиянын тургундары Бали курорттук аралында ушундай улуттук кийимдерди кийип алып бийлешет
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаңы жылда Индонезиянын тургундары Бали курорттук аралында ушундай улуттук кийимдерди кийип алып бийлешет

Испанияда жаңы жылда түн ортосунда сааттын же коңгуроонун ар бир соккусу угулган сайын жергиликтүүлөр жүзүмдү бирден жеп турушат. Бул салтка айланган.

Даниянын жашоочуларынын кызыктуу салты бар. Алар жыл бою эски идиш-аяктарды, туткасы түшүп калган чөйчөктөрдү, жараксыз идиштерди чогултуп, жаңы жылда кошунасынын эшигине барып сындырат, ага эч ким кыжырданбайт.

Латын Америка өлкөлөрүндө жаңы жылды ачык, жаркыраган түстөгү ич кийимдер менен тосуу салтка айланган. Сары ич кийим кийгенге келерки жылы байлык келет, кызыл кийгендерге сүйүү келет деп ишенишет.

Филиппиндиктер бул майрамда темир тыйын сыяктуу тегерек буюмдарды алып жүрүшөт. Мисалы, тоголок буюмдарды кийимине тагып алышат, тоголок жүзүм жешет.

Жүзүм
Бангкоктогу фейерверк
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бангкоктогу фейерверк
Индиянын Мумбай шаарындагы жээкке жаңы жылды майрамдоо үчүн миңдеген киши чогулат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Индиянын Мумбай шаарындагы жээкке жаңы жылды майрамдоо үчүн миңдеген киши чогулат
Дүйнөдөгү эң бийик Бурж Халифа имаратында жаңы жылдык шоу өттү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дүйнөдөгү эң бийик Бурж Халифа имаратында жаңы жылдык шоу өттү
Түркиянын Стамбул шаарындагы белгилүү Истиклал көчөсүнө жаңы жылды майрамдоо үчүн чогулгандар көп болду
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түркиянын Стамбул шаарындагы белгилүү Истиклал көчөсүнө жаңы жылды майрамдоо үчүн чогулгандар көп болду