Аксы: айыл тургундары алтын казууга каршы чыгууда

Чаткалдагы кен казуу иштери
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чаткалдагы кен казуу иштери
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Аксы районунун Кара-Камыш айылынын тургундары президент Садыр Жапаровго кайрылып, аталган аймакта алтын казууга берилген лицензия маселесин карап чыгууну сурашууда.

"Бул маселени жалгыз сиз гана чече аласыз, башка эч кимге ишенбей калдык. Кара-Камыш туристтик аймагында алтын, анын ичинде чачыранды алтын казып алуу үчүн төрт лицензия берилген. Алтын казуу туризмге эле эмес, таза суунун булганышына жана Сары-Челек менен Аркыт токой чарбасынын табиятына, мөңгүлөрүнө түздөн-түз зыян келтириши мүмкүн. Бул аймакта экоциддик абал түзүлгөнү калды", - деди жергиликтүү тургун видеокайрылууда.

Кара-Камыш айылынын тургундары президент Садыр Жапаровго кайрылды
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кара-Камыш айылынын тургундары президент Садыр Жапаровго кайрылды

Жергиликтүүлөрдүн демилгеси менен комиссия түзүлгөн. Анын корутундусу акимге берилген, бирок Кара-Камыш айылынын тургундары президентке жолугууну суранып жатат.

"Биздин элдин атынан чыккан делегацияны кабыл алууну суранабыз. Биз эч кимге ишенбей калдык, акыркы үмүтүбүз сизде калды, бизди кабыл алыңыз", - деди жергиликтүү тургун.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад облустук башкармалыгы Кара-Камыш аймагында алтын казууга байланыштуу түзүлгөн кырдаал боюнча төмөнкүлөрдү айтты:

"Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасы менен түзүлгөн облустук комиссия аймактагы кен казуучу компаниялардын ишмердүүлүгүн жана жергиликтүү тургундардын кайрылууларын изилдеп чыкты. Текшерүүнүн жүрүшүндө "Лабори Майнинг Компани" жана "Султан Голд" компанияларынын тиешелүү лицензиялары бар экени аныкталган. Бирок жергиликтүү калктын каршылыгын, экологиялык тобокелдиктерди, суу ресурстарын коргоону жана аймактын туристтик потенциалын эске алуу менен, Кара-Камыш аймагында кен казуу иштерине убактылуу мораторий киргизүү маселесин кароо сунушталды".

Чаткалдагы кен казуу иштери
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чаткалдагы кен казуу иштери

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү бул маселеден кабары бар экенин, администрациянын жетекчилиги Кара-Камыш айылынын тургундары менен жолугушканын Би-Би-Сиге билдирди:

"Буга чейин президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Шабдан Абдырайым уулу Аксы районунун Кара-Камыш айылынын тургундары менен жолугушкан. Анын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдардан корутундулар алынып, анын негизинде президенттик администрацияга кен казуу иштерине убактылуу мораторий киргизүү боюнча сунуш жиберилген".

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2025-жылдын 20-майындагы маалыматы боюнча, Кыргызстанда чачыранды алтынды казып алууга 96 лицензия берилген, анын жетимишке жакыны алтын казып алууга, калган лицензия чалгындоо үчүн берилген.

Кыргызстанда алтын казууга, экологияга байланыштуу талаш-талкуулар токтобой келет. Буга чейин суу жээгинен алтын чайкаган бир нече ишкана мыйзам бузганы үчүн жоопкерчиликке тартылган.