Камчы Көлбаевдин "Узун Улан" каймана аты менен белгилүү болгон жан сакчысына сот өкүмү чыкты

Сүрөттүн булагы, Social
Кыргызстандагы уюшкан кылмыштуу топтун анабашы атыгып, кийин атайын кызмат тарабынан жок кылынган Камчы Көлбаевдин жансакчысы, кылмыш дүйнөсүндө "Узун Улан" деген ат менен белгилүү Улан Барчакеевди Биринчи Май райондук соту мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Бишкек шаардык соту билдирди.
Маалыматка ылайык, биринчи инстанциядагы сот аны Кылмыш-жаза кодексинин "Уюшкан топ түзүү же ага катышуу" беренси боюнча сегиз жылга эркинен ажыратуу, "Каракчылык" беренси боюнча сегиз жылга эркинен ажыратуу жана 180 миң сом айып пул салуу, "Кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу" беренси боюнча сегиз жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.
Кылмыш-жаза кодексинин 77-беренесине ылайык, айыпталуучуга бир нече жаза жарым-жартылай кошулуп, мүлкүн конфискациялоо менен 9 жылга эркинен ажыратуу жазасы берилди.
Ошондой эле ага 3 жыл бою күзөт кызматына байланыштуу иштер менен алектенүүгө тыюу салынды. Ал жазасын жалпы режимдеги абакта өтөйт.
Жаза мөөнөтү 2025-жылдын 4-сентябрынан башталат. Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейинки камакта отурган ар бир күнү эки күн катары эсептелет.
1972-жылы туулган Улан Барчакеев 2025-жылы сентябрдын башында Москвада кармалган. Ал оор кылмыштар үчүн буга чейин бир нече жолу соттолгон. Кармалганга чейин мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Анын иши Бишкек шаардык сотунда 5-ноябрда карала турганы маалым болду.

























