Сиз бул сайттын азыраак дата коротуучу, тексттен турган версиясын көрүп жатасыз. Сайттын бардык сүрөттөрдү жана видеолорду камтыган негизги версиясын көрүңүз.
"Бул жолу жакшы даярдангам". Жапыкеев тил сынагынан өттү
Президенттикке талапкер болуу ниетин билдирип, "Кыргызтестке" кайрадан тест тапшырган Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев сынактан өттү.
Маалыматты Жапыкеев Би-Би-Сиге ырастады.
"Азыр "Кыргызтесттин" сайтына код менен кирип, жыйынтыкты алдым. Экинчи жолу чындыгында жакшы даярданып баргам. "Эл биримдиги" деген темада дил баян жаздым. 63 балл алдым. Эми дүйшөмбү оор күн да, экинчи күнү БШКга барып президенттикке талапкер болуу үчүн арыз жазам. Төгө турган акчам даяр, банкта турат", -деди Жапыкеев.
Сыймык Жапыкеев жана мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев 8-октябрда сынак тапшырып, тесттин жазуу бөлүгүнөн өтпөй калган.
2027-жылдын 27-январында өтө турган президенттик шайлоого талапкер көрсөтүү жараяны 25-сентябрда башталган. Шайлоо мыйзамдары боюнча арыздарды кабыл алуу добуш берүүгө 75 күн калганда, башкача айтканда 13-ноябрда токтойт.
Конституция боюнча президент болуп 35 жашка чыккан, мамлекеттик тилди билген жана өлкөдө жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргызстандын жараны шайлана алат. Президенттикке талапкер болуу үчүн 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасын топтош керек. Талапкер болууну каалаган адам шайлоо фондунун каражатынан БШКнын эсебине бир миллион сом төгөт жана ал кайтарылбайт.
Президенттик шайлоо быйыл 27-январда өтөт.