Бир айга жакын убакыттан бери изделип жаткан Ханэл Жоробаевдин сөөгү табылды

Сүрөттүн булагы, Facebook
Бир айга жакын убакыттан бери дайынсыз болуп изделип жаткан Ханэл Жоробаевдин сөөгү табылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2-ноябрда саат 10:27 чамасында Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына Көк-Жар айылындагы Панорама дачасынын чыгыш тарабындагы тоонун этегинен белгисиз адамдын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу жөнөтүлүп, маалымат тастыкталган. Алдын ала маалымат боюнча, адамдын сөөгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары табышкан.
Окуя болгон жерди кароо учурунда маркум болжол менен 300 метр бийиктиктен кулап түшкөн болушу мүмкүн экени аныкталган. Тоонун боорундагы чөптөр басырылып, издер калган. Алдын ала маалымат боюнча, сөөк табылган жерде 10 күндөн ашык убакыт жаткан.
"Маркумдун бутунда кара түстөгү "Хумито" үлгүсүндөгү ботас, күрөң түстөгү спорттук шым жана ачык көк түстөгү футболка болгон. Аталган факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, маркумдун сөөгү өлүк канага жөнөтүлгөн",- деп айтылат милициянын маалыматында.
Ханэл Жоробаев 9-октябрда Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Салкын көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Анын жакындары милицияга арыз менен кайрылып, издөө иштери башталган.
Буга чейин Ички иштер министрлиги 1998-жылы туулган Ханэл Жоробаев изделип жатканын билдирген.
Ал тууралуу маалыматта сүйлөшүп жатканда бир аз нерв оорусу бар экени байкалары, англис, орус жана кыргыз тилдеринде эркин сүйлөй турганы айтылган. Түрк, француз жана араб тилдерин да өздөштүргөнү белгиленген. Жума күндөрү калтырбай мечитке барып, беш убак намаз окуганы да маалымдалган.
Жоробаевдин апасы Гүлкайыр Маткалыкова уулунун дайынсыз жоголгону тууралуу Facebook баракчасына билдирүү жазып, аны күнү-түнү издеп жатышканын айткан. 2-ноябрда уулунан айрылганы тууралуу пост жарыялаган.





























