"Мени актап бериңиз деп өтүндүм". Блогер Батма Жолболдуева президент менен жолукканын айтты

ва
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Баткендик блогер Батма Жолболдуева президент Садыр Жапаров менен жолугушту. Анын айтымында, мамлекет башчы өзүнө козголгон кылмыш иштери боюнча толук актоону сунуштап, башкы прокурорго тапшырма берген. Жолболдуева 17-октябрда президент менен жолугуу үчүн Баткенден Бишкекке жөө жолго чыккан. Ал буга чейин өзүнө козголгон кылмыш иштерин мыйзамсыз деп эсептеп, акталууну талап кылып келген.

"Президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда эртең менен саат 10:30да болдум. Көйгөйлөрүмдү айттым. Садыр Нургожоевичтин жанында жарым сааттай болдум. Кенен сүйлөштүк, баарын укту. Эң башкысы, мага адам өлтүрүү беренеси коюлган эмес беле. Ошол боюнча эле акталыптыр, башкасы боюнча эмнеге акталбады деп сурады. Азыр Жогорку сотко арыз жазганы баратабыз. Анткени ошол боюнча арыз жазып коюңуз деди. Эң башкы өтүнүчүм - мага мыйзамсыз козголгон кылмыш иштерин жокко чыгарып, мени актап бериңиз деп өтүндүм. Ошол үчүн Баткенден жөө чыккам. Мени эки берене менен соттошкон: бейбаштык жана документтерди жасалмалоо. Президент эки берене боюнча тең толугу менен актоону сунуштады. Кайра аскер кызматкери болсун деп да айтты. Мурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде (ӨКМ) дарыкана башчысы болуп иштегем. Азыр кайра аскер кызматкери болууга даярмын. Барып документтеримди даярдайм. Жолугушууга аппарат кызматкерлери, башкы прокурор жана Жогорку соттун төрагасынын орун басары катышты. Президент башкы прокурорго тапшырма берди", - деди Жолдубаева Би-Би-Сиге.

Баткендик блогер Батма Жолболдуева президентке жолугуу үчүн 17-октябрда Бишкекке жөө жолго чыккан. 21-октябрда бери ал 100 чакырым жол басканын билдирген. Көп өтпөй ага Президенттик администрациядан байланышып, мамлекет башчы менен жолуктуруу боюнча сунуштарын айтышкан. Ошондон кийин ал жөө жүрүшүн токтоткон.

36 жаштагы Батма Жолболдуевага 2022-жылы төрт берене боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алдында Баткендеги журналист Арзыгүл Галымбетова ооруканада эсине келбей каза болгон. Милициянын маалыматына караганда, журналист каза болор алдында Жолболдуева үстүнөн арыз жазган. 2023-жылы сот Жолболдуеваны "этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү" жана "жеке жашоонун кол тийбестигин" бузуу беренелери боюнча актаган. Ал эми "Ээнбаштык" боюнча айып пул төлөп, "документтерди жасалмалоо" беренеси менен эки жылга эркинен ажыратылып, жаза өтөөдөн бошотулган жана бир жылга пробациялык көзөмөлгө алынган. Жолболдуева убактылуу кармоочу жайда зордукталганын да билдирген. Башкы прокуратура бул маалыматты четке каккан.