Трамп Зеленскийди кайрадан сындап, Путин, Си Цзиньпин менен саммит өткөрүү мүмкүнчүлүгүн айтты

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШ президенти Дональд Трамп Украина президенти Володимир Зеленскийди кайрадан кескин сындап, аны Орусия менен согушту токтотууну каалабай жатат деп айыптады. Ак үй башчысы Орусиянын лидери Владимир Путин жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин катышкан үч тараптуу жолугушуу өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экенин билдирди. Трамптын бул билдирүүлөрү АКШ менен Украинанын мамилеси кескин начарлап, Киев америкалык аскердик жардамдын үзгүлтүккө учураганына нааразы болуп жаткан учурга туш келди.
Дүйшөмбү күнү журналисттер Трамптан Зеленскийдин жакында айткан сөздөрү тууралуу сурашты. Буга чейин Зеленский, эгер АКШ бийлиги Орусияны Украинага каршы согушунда колдосо, анда ал "тарыхтын туура эмес тарабында" каларын айткан.
"Муну Зеленский айттыбы? Зеленский эмне жөнүндө айтып жатканын билбейт. Ал бул согушту эчак эле жөнгө салышы керек болчу. Эгер ал менин сөзүмө кулак салганда, мындан алда канча жакшы келишимге эчак эле жетишмек",- деп жооп берди Трамп.
Трамптын оюу боюнча, "башка бирөө Украинанын атынан сүйлөшүүгө убакыт келди". "Эгер ал мени укканда, Овалдык кабинетте эмне болгонун эстейсизби? Бул маселени эчак эле чечмек. Балким, Зеленский сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн башка бирөөнү табышы керек болуп калгандыр",- деди Трамп.
Трамп президенттик мөөнөтүнүн башында, 2025-жылдын февраль айында, Ак үйдүн Овалдык кабинетинде Зеленский менен жаңжал жараткан жолугушуу өткөргөн.
Ошол учурда Трамптын Украина президентине койгон негизги талабы Орусия менен ок атышууну тезинен токтотуу болгон. Зеленский адегенде бул үчүн Киевге ишенимдүү коопсуздук кепилдиктери керектигин билдирген. Бирок Ак үйдөгү жаңжалдан көп өтпөй Украинанын бийлиги ок атышууну токтотууга даяр экенин айткан. Ошентсе да Орусия бул сунушту четке каккан.
Журналисттер Трамптан Украинага америкалык чалгын маалыматтарын берүү үзгүлтүккө учураганы тууралуу да сурашты. Зеленский акыркы күндөрү бул маселени бир нече жолу көтөргөн.
Өткөн аптада ал АКШ Киевге Орусиянын ракеталык соккулары тууралуу өз убагында эскертүү бербегенин билдирген. Жекшемби күнү NBC телеканалына берген маегинде Зеленский чалгын маалыматтары менен алмашуу кайра жанданганын айткан. Бирок дүйшөмбүдө Украина Киевге жасалган баллистикалык ракеталык чабуул боюнча толук маалыматты кайрадан ала албай калганын билдирген.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Ооба, биз чалгын маалыматтарын берип жатабыз,- деди Трамп. Украинага абдан көп жардам көрсөтүп келебиз. Билесизби, биз Украинага абдан көп нерсе бердик. Ал эми алар бизге эч нерсе беришкен жок".
АКШ менен Украинанын мамилеси Трамп Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин кескин начарлаган. Ошол сүйлөшүүдөн кийин Трамп Орусияга дизель майын дүйнөлүк рынокко жеткирүүгө мүмкүндүк берген келишим түзүлгөнүн билдирген. Ошондой эле ал маркум сенатор Линдси Грэмдин ысымы берилген мыйзамда каралган Орусияга каршы санкцияларды киргизүүнү белгисиз мөөнөткө жылдырган.
Буга чейин АКШнын президенти Украинадан Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдоруна сокку урууну токтотууну талап кылган. Анын айтымында, мындай чабуулдар дүйнөлүк рынокто дизель майынын баасынын өсүшүнө алып келет. Бирок эксперттер жана Украинанын бийлиги мунайдын жана мунай продуктуларынын кымбатташынын негизги себеби АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу экенин айтышат.
Трамп ошондой эле Киев менен Москва "энергетикалык элдешүүгө" макул болгонун билдирген. Украина бир нече күн бою Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдоруна чабуул жасаган эмес. Бирок Орусия Украинанын энергетикалык объектилерине сокку урууну уланткан. Андан кийин украин дрондору Орусиянын мунай объектилерине кайрадан чабуул жасай баштаган.
Чалгын маалыматтарын берүүдө үзгүлтүктөр жаралгандан тышкары, Украина дрондорго орнотулган SpaceX компаниясынын спутниктик интернет терминалдарынын иштеши да чектелип, жогорку ылдамдыкта иштебей калганын билдирүүдө. Бул украин аскерлеринин ишине олуттуу тоскоолдук жаратууда.
Трамп, Путин жана Си Цзиньпиндин жолугушуусу мүмкүнбү?

Сүрөттүн булагы, Reuters
Дүйшөмбү күнү журналисттер Трамптан АКШнын, Кытайдын жана Орусиянын лидерлери катышып, Украинадагы согуш маселесин талкуулашы мүмкүн болгон үч тараптуу жолугушууну өткөрүү ыктымалдыгы тууралуу сурашты.
Дем алыш күндөрү америкалык The Wall Street Journal гезити булактарга таянып, Путин Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө ушундай саммит өткөрүү идеясын сунуштаганын жазган. Дүйшөмбү күнү The Washington Post гезитине да АКШ менен Орусиянын президенттеринин сүйлөшүүсүнө катышкан булак бул маалыматты ырастаган.
Америкалык басылмалардын маектештеринин айтымында, Путин Трамп жана Си Цзиньпин менен жолугушууну Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгы (АТЭК) форумунун алкагында өткөрүүнү сунуштаган. Форум 18-19-ноябрда Кытайдын Шэньчжэнь шаарында өтөт.
The Wall Street Journal гезитине берген комментарийинде Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков саммит өткөрүү мүмкүнчүлүгү чындап эле талкууланып жатканын ырастаган.
"Азырынча жолугушуу же анын мүмкүн болгон күн тартиби боюнча так түшүнүк жок. Бирок үч тарап тең мындай жолугушууну өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар экенин ырастады",- деген Песков.
Трамп Украина маселесин талкуулоо үчүн Кытай жана Орусиянын лидерлери менен жолугушууга макул болобу деген суроого АКШнын президенти дүйшөмбү күнү мындай деп жооп берди:
"Жок. Бирок мен мындай жолугушууга бармакмын. Бирок Украина үчүн эмес. Анткени, чынын айтсам, Орусия Украина маселесинде өзүн туура алып жүрүүдө, алар көп деле эч нерсе кылган жок. Кытайга да ушундай эле баа берсе болот. Биз бул жолугушууну өзөктүк курал жана өзөктүк куралсыздануу маселелерин талкуулоо үчүн өткөрсөк болмок".
Трамптын брифинг учурундагы башка билдирүүлөрүнөн анын Орусия "өзүн туура алып жүрүүдө" деген сөздөрүнүн маанисин түшүнүүгө болот.
Журналисттер АКШ президенти Кытайдын лидери менен Украина тууралуу сүйлөшөр-сүйлөшпөсүн сурашкан.
"Мен бул тууралуу сүйлөшмөкмүн. Бирок азырынча ал Украина маселесинде өзүн абдан адилеттүү алып жүрүүдө, бул маселеге өтө аралашып кеткен жок,- деп жооп берген Ак үйдүн башчысы. Орусия боюнча айтсак, алар колунан келе турган нерселердин баарын жасап жаткан жок. Мен муну баалайм. Алар менин мындай мамилемди бааларымды билишет".
Андан соң Трамп мындай деп кошумчалады:
"Мен мындай жолугушууга бармакмын. Бул тууралуу жаңы эле ойлонуп кеттим. Менимче, жолугушуу Кытайда өтүшү мүмкүн. Си Цзиньпин бул жерден жаңы эле кетти. Эгер Си мындай жолугушууну өткөрүүнү кааласа, мен макулмун. Албетте, соода сыяктуу башка маселелерди да талкуулайбыз. Бирок ооба, мен мындай жолугушууга катышмакмын".
6-октябрда Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков үч тараптуу жолугушуу боюнча иш жүзүндө азырынча талкуу боло электигин билдирген.
"Бул абдан кызыктуу идея. Бирок азырынча жөн гана сөз болуп жатат. Аны баары билет Трамп да, Путин да, Си Цзиньпин да",- деген Ушаков.
Украина жана эксперттер мындай саммит тууралуу эмне дейт?

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШнын, Кытайдын жана Орусиянын лидерлери Украина маселесин талкуулай турган саммит өткөрүшү мүмкүн деген маалыматка дем алыш күндөрү Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига да комментарий берди. Ал Украинасыз өлкөдөгү кырдаалды талкуулоого жол берилбеши керектигин билдирди.
"Украинанын, АКШнын жана Орусиянын лидерлеринин үч тараптуу жолугушуусу бул согушту тезирээк токтотууга жардам бериши мүмкүн. Ал эми Орусиянын, Кытайдын жана АКШнын лидерлеринин үч тараптуу жолугушуусу тескери натыйжага алып келет. Путинди согушту улантууга шыктандырат",- деп жазган Сибига X социалдык тармагындагы баракчасына.
The Washington Post басылмасы белгилегендей, Орусия сунуштаган саммитти өткөрүүгө АКШ менен Кытай макул болобу же жокпу, азырынча белгисиз.
"12 жылдан кийин АТЭК форумун биринчи жолу өткөрүп жаткан Кытай 21 өлкө катыша турган бул иш-чаранын көңүлүн өзүнө буруп кетиши мүмкүн болгон мындай маанилүү жолугушууга барууну каалабашы ыктымал. Ошондой эле Пекин Украинага колдоо көрсөтүп келе жаткан жана Кытайдын маанилүү соода өнөктөштөрүнүн бири болгон Европа биримдигинин жооп чараларынан чочулап, этият мамиле кылышы мүмкүн",- деп жазылган басылманын макаласында.
Орусия Украинага каршы толук масштабдуу согуш баштагандан бери Кытай өзүн бейтарап көрсөтүп, жаңжалды мүмкүн болушунча тез арада тынчтык жолу менен жөнгө салууну жактап келет.
Бирок Пекин Батыш өлкөлөрүнүн Орусияга каршы санкцияларына кошулган жок жана орусиялык товарларды, анын ичинде энергетикалык ресурстарды сатып алууну улантууда. Украиналык жана батыш аткаминерлери Кытай Орусияга курал-жарак өндүрүшүндө колдонулган кош максаттуу товарларды да жеткирип жатканын бир нече жолу билдиришкен.






























