Кеминде фотокапканга илинген ак илбирс

Чоң-Кеминде фотокапканга илинген ак илбирс
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чоң-Кеминде фотокапканга илинген ак илбирс
Published

Быйылкы жылы жапайы жаратылышта канча ак илбирстин калганы боюнча окумуштуулар глобалдык санак жүргүзүү аракетин баштады.

Кыргызстанда иш алып барып жаткан уюмдардын катарында "Илбирс" коомдук фонду да бар. Анын кызматкерлери жакында эле Чоң-Кемин улуттук коругунун аймагында изилдөөлөрдү өткөрүп, фотокапканга ак илбирстерди түшүрдү.

тоо эчки
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Илбирс" коомдук фонду токойчулар менен чогуу мыйзамсыз аңчылыкка каршы дагы иш алып барат. Фотокапканга түшкөн кайберен
улар
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Илбирс" коомдук фонду Кемин өрөөнүнө мындан алты ай мурун фотокапкандарды койгон

Аталган фонд өлкөнүн бир нече аймактарына фотокапкандарды коюп, жергиликтүү мергенчилер менен иш алып барууда. Мергенчилерди дагы фотокапкандарды коюуга үйрөтүп, изилдөө иштерине тартышкан. "Илбирс" фонду 2016-жылдан бери Кыргызстандагы сейрек кездешүүчү, жоголуп бара жаткан жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрүн сактоо жана изилдөө боюнча иш жүргүзүп келүүдө. Токойчулар менен чогуу мыйзамсыз аңчылыкка каршы дагы иш алып барат.

ак илбирс
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Илбирс" коомдук фонду Кемин өрөөнүндө ак илбирсти фотокапканга түшүрдү
ак илбирс
теке
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ак илбирс үч-төрт күндө бир аркар же текени жейт. Ошол аркылуу болжолдуу сандарын аныктаса болот дейт изилдөөчүлөр
Сүлөөсүн Кыргызстандын аймактарына кеңири тараганы менен саны өтө аз деп айтылат. Фотокапканга түшкөн сүлөөсүн
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүлөөсүн Кыргызстандын аймактарына кеңири тараганы менен саны өтө аз деп айтылат. Фотокапканга түшкөн сүлөөсүн

*