Индонезия: тик учак дарыяга кулады

Видеонун түшүндүрмөсү, Индонезия: тик учак дарыяга кулады
Индонезия: тик учак дарыяга кулады
Published

2026-жылы Индонезияда токой өрттөрү көп катталды. Жыл башынан бери миллиондогон гектар жер күйүп кетти. 8-ноябрда өрт өчүрүү тапшырмасы менен жүргөн тик учак дарыяга кулап, экипаждын бир мүчөсү каза болду.

Өрттүн күчөп кетишине Эль-Ниньо кубулушу жана кургакчылык себеп болду. Андан тышкары жер астындагы чымкөң (торф) катмарлар да күйүп жатат. Аны суу чачып өчүрүү өтө кыйын, тереңдикте көпкө чейин түтөп жата берет.