Сиз бул сайттын азыраак дата коротуучу, тексттен турган версиясын көрүп жатасыз. Сайттын бардык сүрөттөрдү жана видеолорду камтыган негизги версиясын көрүңүз.
"Иш козголуш керек". Кыйноого кабылганын айткан Аскат Жетиген
- Author, Мээрим Догдурбекова
- Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын кабарчысы
- Published
- Окуу убактысы: 4 мүнөт
Жакында эле абактан чыккан акын Аскат Жетиген журналист Семетей Аманбековго берген маегинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге кат жолдогону, камакка алынган кезде УКМК кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылганы тууралуу айтып берди. Юристтер мындай билдирүүдөн кийин укук коргоо органдары окуянын чоо-жайын иликтеши керек дешсе, аткаминер кызматтан кеткенден кийинки ага карата айтылган сын-пикирлерди каралоо дегендер да бар.
"Ташиев деле сөгүнгөн"
24-октябрда Семетей Аманбеков жарыялаган подкастта акын жана комузчу Аскат Жетиген өзүнүн чыгармачылыгы, саясат жана абакта кыйноого кабылганы тууралуу кенен кеп салды. Анын УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев тууралуу айтканы интернет колдонуучулар арасында желдей тарады.
"Сот мага мыйзам баарына бирдей деди. Камчыбек Ташиев сөгүндү эле, улуу трибунада туруп сөгүнгөн. Депутаттар уккан, министрлер уккан, президент уккан, эл да уккан. Мыйзам баарына бирдей болсо, кана?", - деген Аскат Жетиген.
"Ток менен кыйнашкан"
Ошондой эле акын Жетиген 2024-жылы камалганда УКМКнын кызматкерлери аны ток менен кыйнап, башына желим баштык кийгизип, сабашканын айтып берди.
"...Кишен салып алып, арка жагы менен жер төлөсүнө түштүк. Түшүп баратканда эле оң капталында эшик бар экен, кирип баратканда эле башка кийгизгендин, колго кийгизгендин түрлөрү туруптур, жерде жатыптыр. Мен тамашалап жатат деп ойлодум чындыгында. Мындай болот деп күткөн эмесмин. Темир үстөлү бар экен, ошого отургузду мени. Колдорума токту туташтырды. Кишенди туташтырды. Кое берди. Болжолу менен бир сааттын тегереги болду. Мээң иштебей калат экен. Зикир чалып отурдум...", - деп айтып отурду Аскат Жетиген.
"Иш козголушу керек"
Коомчулукта акындын бул айткандары талкууга түшүп, расмий органдар реакция кылышы керек деген пикирлер айтылууда. Адвокат Нурбек Токтакунов Аскат Жетиген кыйноого кабылганын абакта отурганда эле айтканын билдирип, ошондо эле иш козголушу керек болчу деген пикирде.
"Расмий органдар ошол кыйноо болуп жатканда эле маалымат берилген, ошондо эле көңүл буруп, иш козгош керек болчу. Азыр андан бетер иш козгош керек, Башкы прокуратура козгошу керек", - деди Нурбек Токтакунов.
Башкы прокуратура бул боюнча комментарий бере элек.
Керимбаев: "Ташиевди каралоо болуп жатат"
Ошол эле учурда УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан кеткенден кийин ага карата сын-пикирлердин айтылышын негизсиз каралоо катары кабыл алгандар да жок эмес.
"Эми азыр көрүп жатпайбызбы, маектерге, подкасттарга барып, Камчыбек Ташиев жөнүндө туура эмес сөздөрдү айтып, сын-пикир айтып жатышпайбы. Бул эми билбейм, ар кимдин өз иши, албетте. Бирок негизи бул жерде системада иштеп кетти, күч органдарынын системасында. Азыр ал киши кызматтан кеткенден кийин ошол кишиге баарын жүктөп, негизсиз каралоо катары кабыл алат элем. Аны эл-журт өзү көрүп турат. Подкастка барып Камчыбек Ташиевди жамандап койгон сайын, ал жаман болуп кетпейт", - деди Камчыбек Ташиевдин тарапташы Мукай Керимбаев.
Аскат Жетигендин иши
Үч жылга соттолгон Аскат Жетиген быйыл 19-августта эркиндикке чыккан. Ал Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти басып алууга чакырык жасоо" беренеси боюнча айыптуу деп табылган. Акын айыптоолорду четке кагып, ырайым сураган эмес жана жаза мөөнөтүн толук өтөп бүткөн. Жакында ал Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда үч күн концерт берген. Ошондой эле ал эки күн мурун саясатка аралашуу ниети бар экенин жарыялаган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Аскат Жетигенди 2024-жылы 16-мартта Кочкор районунан кармап, Бишкек шаарына алып келген. Коомчулук анын бошотулушун талап кылган. Эки күндөн кийин,18-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.
Бирок 20-мартта УКМК Аскат Жетигенге каршы дагы бир иш козгогон. Ушул эле күнү Биринчи май райондук соту аны Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган.
Бишкектин Свердлов райондук соту акын жана композитор Аскат Жетигенди 2024-жылы 1-июлда "Бийликти басып алууга чакырык жасоо" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылга эркинен ажыраткан. Ал Кылмыш-жаза кодексинин "Жапырт башаламандыктарга чакыруу" беренеси боюнча актаган.
Кийинки инстанциялар өкүмдү күчүндө калтырган. Акын айыптоолорду четке кагып келет.
Укук коргоочулар бийликтен акынды бошотууну жана актоону өтүнүшкөн. Аскат Жетиген күнөөсүз экенин айтып, ырайым суроодон баш тарткан.
Аскат Жетиген - акын жана композитор. Убагында "Ордо Сахна" фольклордук ансамблинин жетекчиси болгон. Акын 2022-жылдан тарта азыркы бийликтин саясатын сындап келген. Айрыкча, казинону иштетүү, мамлекеттик тууну өзгөртүү демилгелерине каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын, маданият тармагындагы иштерди айыптаган. Түз эфирде сөгүнгөн учурлары болгон. Бул үчүн кийин элден кечирим сураган.
Бийликтин позициясы
Президент Садыр Жапаров 13-августта журналист Али Токтокунов менен курган маегинде акын элди көчөгө чыгууга чакырганы үчүн соттолгон болушу мүмкүн экенин айткан.
"Билбейм. Мени кимдер гана сөккөн жок. Бирине да көңүл бурган жокмун. Тим койгула деп коем. Бирок анын башка чакырыгы болушу мүмкүн, уюштуруп жаткан иши болушу мүмкүн, чакырыгы болушу мүмкүн да. Көчөгө чыккыла, анткиле-минткиле деп жатса, ал үчүн жооп бериши керек да", - деп жооп берген Садыр Жапаров.
2025-жылдын 10-февралында президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Көп өтпөй, УКМКнын 17-февралдагы тараткан маалыматында президенттин тапшырмасына ылайык, Аскер прокуратурасы Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Башкы тергөө башкармалыгы менен биргеликте кызматта турган учурда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелген УКМКнын мурдагы айрым кызматкерлерине каршы бир катар тергөө жана оперативдик иш-чаралар жүргүзүлгөнү айтылган. Анын жыйынтыгында айрымдар иштен алынган.
Андан кийин күч түзүмдөрүнүн басым - кысымына туш болгонун айткан Кыргызстандагы бир катар жарандар Аскердик прокуратурага арыз менен кайрылышкан.
УКМКга даттануулардын аягы суюла элек
УКМКнын кызматкерлерине даттануулардын аягы суюла элек. Буга чейин саясатчы Имамидин Ташов, мурдагы депутат Султанбай Айжигитов, журналист Куттумидин Базаркулов жана башкалар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү тарабынан кыйноого кабылгандарын айтып келишкен.
Президенттин Чаткал районунун тургундары менен жолугушуусу учурунда Жаңы-Базар айылынын жашоочусу Уулбүбү Касмалиева атасын УКМКнын кызматкери кыйнап өлтүргөнүнө даттанды. Анын билдиришинче, күч түзүм кызматкери атасынын башына кара пакет кийгизип, уруп сабаган. Кийин ооруканада анын кабыргасы сынганы, сынык өпкөгө сайылып, өлүмгө себеп болгону айтылган. Садыр Жапаров бул ишти Башкы прокуратурага тапшырды.
Ушул эле Чаткал районунун дагы бир жашоочусу жолдошу 2025-жылы УКМКнын тергөөчүлөрү тарабынан алдамчылык иши боюнча кармалганын, кыйноо көргөнүн билдирди.Президент сотторго кайрылып, бул ишти тыкыр карап чыгууга тапшырма берди.
"Реалдуу карагыла. Эч кимден коркпогула. УКМКдан да коркпогула, башкадан да коркпогула. Силер көз карандысызсыңар да. Адилеттүү териштирип чекитти койгула", - деди Садыр Жапаров.
Кыргызстанда укук коргоочулар кыйноо фактыларынын дээрлик көпчүлүгү сотко жетпей каларын айтып келишет. 2025-жылы Башкы прокуратура 188 кыйноо фактысын каттаган болсо, алар боюнча 15 кылмыш иши козголуп, бешөө гана сотко жеткен.