АКШда демократтар Өкүлдөр палатасында көпчүлүктү ээлеп, Сенаттагы позициясын да бекемдеди

Сүрөттүн булагы, Reuters
- Материал улам жаңыланып жатат.
Би-Би-Синин медиа өнөктөшү CBS News телеканалынын алдын ала божомолуна ылайык, Демократиялык партиянын өкүлдөрү республикачылардан көпчүлүктү тартып алып, АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасында жана Сенатында көзөмөлдү колго алышат. Шайлоочулар 3-ноябрда 435 орундуу Өкүлдөр палатасынын жаңы курамы үчүн добуш беришти. Мындан тышкары, Сенаттагы 100 орундун 25ин кайра шайлашты.
АКШда Конгресске орто мөөнөттүү шайлоодо добуш берүү аяктап баратат. Шайлоо тилкелеринин көпчүлүгү жабылды. Алдын ала маалыматтарга караганда, демократтар Өкүлдөр палатасында көпчүлүк орунга ээ болот деп күтүлүүдө.
Сенатта демократтар 100 орундун кеминде 51ин алат. Айова штатында сенаторлукка талапкер Жош Туректин жеңишинен кийин, Мичиган жана Миннесота штаттарындагы эки талапкери тең утулуп калса да, Демократиялык партия Сенатта көпчүлүктү сактап калат.
Буга чейин добуштарды саноонун жүрүшүндө Республикалык партиянын сенаторлукка талапкерлери салттуу түрдө күчтүү позицияга ээ болгон бир нече штатта жеңилгени белгилүү болгон.
Маселен, Техас штатында демократтар 30 жылдан ашык убакыттан бери жеңишке жете элек болчу. Бул жолу демократ Жеймс Таларико президент Дональд Трамп колдогон талапкер Кен Пакстондон ишенимдүү жеңишке жетти.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Түштүк Каролинада Энни Эндрюс азыркы республикачыл сенатор Дарлин Грэмди жеңди. Трамп быйыл каза болгон сенатордун бир тууганы Линдси Грэмдин ордуна Дарлин Грэмди өзү тандаган.
Огайо штатында демократ Шеррод Браун Сенаттагы орунду жеңип алды. Бул орунду эки жыл мурун азыркы вице-президент Жей Ди Вэнс ээлеп турган.
CBS News белгилегендей, демократтардын ишенимдүү жеңиши президент Дональд Трамптын мыйзам чыгаруу жаатындагы күн тартибине иш жүзүндө бөгөт коюшу мүмкүн. Ошондой эле Трамп Ак үйдө турган акыркы эки жылда анын администрациясына жана бизнес долбоорлоруна байланыштуу бир катар иликтөөлөрдү жүргүзүүгө жол ачат.
Атаандаштык күчтүү болгон бир катар шайлоо округдарында добуштарды саноо уланып жаткандыктан, демократтардын көпчүлүгү канча орунду түзөрү азырынча белгисиз.
Президент Трамп шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына комментарий берип, Truth Social социалдык тармагына бул шайлоодо анын ысымы бюллетендерде болбогонун жазды. Ошондой эле: "Эгер мен катышканымда, биз ишенимдүү жеңишке жетмекпиз!" - деп кошумчалады.
Республикачылар таяныч катары эсептеген бир катар штаттарда жана шайлоо округдарында Демократиялык партиянын талапкерлери жеңишке жетери белгилүү болгондон кийин, Трамп шайлоонун жыйынтыктарына байланыштуу New York Times гезитине дагы бир комментарий берди.
Ал шайлоонун жыйынтыктарын "толугу менен кабыл алууга даяр" экенин жана саясий атаандаштары менен иштешүүгө ниеттенип жатканын билдирди.
"Билесиздерби, биз алар менен кызматташууга кубанычта болобуз. Балким, кандайдыр бир маселе боюнча мунасага келе алабыз", - деди ал.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Демократтардын жеңиши эмнеге алып келиши мүмкүн?
Жаңы шайланган конгрессмендер менен сенаторлор Капитолийдеги кызматтарына 2027-жылдын январь айынын башында киришет.
Демократтар Конгресстин эки палатасында тең көпчүлүккө ээ болгон күндө да, Дональд Трампка импичмент жарыялоо анын кызматтан четтетилиши менен аякташы дээрлик мүмкүн эмес.
Анткени президентти кызматтан четтетүү үчүн Сенатта үчтөн эки добуш, башкача айтканда, 67 сенатордун колдоосу талап кылынат. Саясий серепчилердин баамында, демократтар мындай артыкчылыкка ээ боло албайт.
Ошентсе да, Би-Би-Синин Орус кызматынын редактору Павел Феденко түшүндүргөндөй, Конгресстин бир палатасында, айрыкча эки палатасында тең көпчүлүккө ээ болуу демократтарга саясий таасир көрсөтүү үчүн бир катар мүмкүнчүлүктөрдү берет.
Көпчүлүктү добуш айырмасы менен камсыз кылган партия төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөргө ээ болот:
- Президенттин администрациясынан же Конгресстин экинчи палатасынан сунушталган мыйзам долбоорлорунун кабыл алынышына бөгөт коюшу мүмкүн;
- Администрация үчүн чуулгандуу жагдайларга байланыштуу ар кандай иликтөөлөрдү жүргүзүп, негизги фигуранттарды комитеттердин угууларына чакыра алат. Ошондой эле аларды камералардын алдында дыкат суракка алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт;
- Бюджеттик каржылоого байланыштуу мыйзамдарды жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алат же четке кагат. Мисалы, Трамптын Иммиграция жана бажы кызматын (ICE) каржылоо боюнча сунушун колдобой коюшу мүмкүн;
- Эгер Сенатта көпчүлүккө ээ болсо, федералдык министрлик кызматтарга талапкерлерди жана судьяларды дайындоону жактырбай коюшу мүмкүн.




























