Сиз бул сайттын азыраак дата коротуучу, тексттен турган версиясын көрүп жатасыз. Сайттын бардык сүрөттөрдү жана видеолорду камтыган негизги версиясын көрүңүз.
Көөнөрбөс Жеңиш майрамы
Published
Баш калаа Бишкекте жана региондордун баарында Улуу Жеңиш майрамына арналган салтанаттар өтүп жатат. Бул күндүн урматына Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерине жана тылдын кайратмандарына материалдык колдоо жана сый-урмат көрсөтүлүүдө. Бишкекте Жеңиш аянтында майрам күндүн урматына митинг-реквием болду. Ошондой эле көп миңдеген адам катышкан "Ɵлбөс полк" акциясы өттү.