"Өмүрүн алып, мага өлүгүн карматышты": Апасынан айрылган Бегимай адилеттик издейт

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Бегимай апасынын өлүмүнө байланыштуу аза гана күтпөстөн, адилеттик издеп да келет. Анын айтымында, апасы Шакияна Күрөңкеева 34 жыл медайым болуп иштеп, 2024-жылдын 23-октябрында 56 жашында Бишкектеги 7- бейтапканада жумуш ордунда каза болгон.

"Ошол күнү кадимкидей жумушка кеткен. Бир аз тамагым ооруп жатат деп жумушка барганда чогуу иштешкен дарыгер экөөнүн ортосунда сөз болот. Тиги доктур ийне алып койбойсузбу дейт. Бул эми оозеки эле барлашуу болгон. Же кагазга жазып берген дайындоосун бизге көрсөткөн жокпу, ал жагы дагы билинбей калды. Ошентип апам процедуралык кабинетке барып цефтриаксон ийнесин алат. Ал реакция жүрүп кетип ошол жердеги кесиптештери апамды куткара албай калышты. Апама "проба" сайылган эмес. Ошентип апамдын өмүрүн алып, мага өлүгүн карматышты",- деди кызы Бегимай Эмил кызы.

Бегимай апасынын өлүмүнө байланыштуу күнөөлүү адамдарды аныктап, аларды мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартууну өтүнүп арыз жазган. Кийин ал арыздан баштартып, маркумдун өлүмүнө байланыштуу кенемте төлөп берүүнү гана суранган.

Биринчи инстанциядагы сот Шакияна Күрөңкееванын өлүмүн өндүрүштөгү кырсык деп таанып, кенемте төлөө милдетин Саламаттык сактоо министрлигине жүктөгөн. Шаардык сот аялдын жумуш ордунда каза болгонун таанып, бирок кенемте төлөө чечимин жокко чыгарган.

Мындан тышкары, апасы каза болгондон кийин анын Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу турак жай алуу үчүн кезеги да жоюлуп кеткен.

"Саламаттык сактоо министрлиги менен поликлиникага үй-бүлөнүн эрке баласындай мамиле жасалып атат. Биз болсо укуктук, мыйзам сакталган мамлекетибизде жашап өгөйлөнүп жатабыз. Карапайым адамдардын мыйзамдары ушунчалык тебеленет экен. Сотко сексен жаштагы апам (тай энеси) барып катышып атат, араң басат. Чыркырап далилдерибизди айтып жатсак дагы үнүбүз жетпей жатат. Менин апам көзү тирүү кезиндеги отуз төрт жыл жашын, кайтарып келбес өмүрүн мамлекеттик жумушка берди",- деди кызы.

Саламаттык сактоо министрлиги бул иш мыйзамда белгиленген тартипте каралып жатканын билдирип, соттун чечимине комментарий бере албастыгын айтты.

Министрликтин юристи белгилегендей, сот чечимди тараптар сунуштаган далилдердин жана көрсөтмөлөрдүн негизинде кабыл алат. Анын айтымында, эгерде өлүм өндүрүштөгү кырсык катары таанылганда, соттун чечими башкача болмок.

"Ар бир соттун чечими аткарылууга тийиш. Бул иште сот доо арызды негизсиз деп эсептеп, келтирилген материалдардын жетишсиздигине жана берилген көрсөтмөлөргө таянып чечим чыгарган. Биз шаардык сотко эмне үчүн апелляциялык даттануу бердик? Анткени соттук териштирүү мыйзамда белгиленген тартипте, райондук, шаардык жана Жогорку соттун инстанцияларынан өтүшү керек. Жогорку соттун чечими акыркы болуп саналат. Учурда иш шаардык сотто каралды. Эгерде тараптар кааласа, мыйзамда каралган тартипте Жогорку сотко кайрыла алышат",- деди Саламаттык сактоо министрлигинин юристи Достонбек Саттаров.

Бегимай Жогорку сотко кайрылууну көздөп жатат. Ал апасынын өлүмүнө байланыштуу тиешелүү тараптан кенемте төлөп берүүнү талап кылууда.

Бегимай сот ишти ар тараптуу карап чыгып, мыйзам чегинде калыс чечим чыгарат деп үмүттөнөт.