Сиз бул сайттын азыраак дата коротуучу, тексттен турган версиясын көрүп жатасыз. Сайттын бардык сүрөттөрдү жана видеолорду камтыган негизги версиясын көрүңүз.
"Сын айтуу кылмыш эмес": Президенттин басма сөз катчысы Жапыкеевдин айткандарына жооп берди
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов президенттикке талапкерлигин көрсөтүп жаткан Сыймык Жапыкеевдин журналист Эрнис Кыязовго берген маегине байланыштуу билдирүү таратты. Ал Жапыкеевдин айткандарын шайлоо өнөктүгүнүн жакындашы менен байланыштырды.
"Эми шайлоо процесси башталганын баарыбыз жакшы түшүнүп турабыз. Ошондуктан ар кандай пикирлер, сындар айтылат. Айрыкча талапкерлер өз позициясын ар кандай формада, маанайда билдириши мүмкүн. Бул кадимки көрүнүш. Сыймык Жапыкеев деле Кыргызстандын жараны катары өз оюн айтууга, өзүнүн көз карашын билдирүүгө толук укуктуу. Мындан эч кандай маселе көргөн жокпуз. Алдыда шайлоочулар дагы көптөгөн пикирлерди, сындарды, ар кандай убадаларды, ушактарды угушат. Кимге ишенерин, кимди колдоорун эл өзү урнага барганда чечет",- деген ал.
Ошондой эле Алагөзов Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин, бийликти сындаганга эч ким тыюу салбаганын белгилеген.
"Болгону мыйзамсыз аракеттерге, массалык башаламандыкка чакырууга же аны уюштурууга жол берилбейт. Ал эми сын айтуу, башкача ой жүгүртүү, бийликтин позициясына макул болбоо кылмыш эмес. Бул демократиялык коом үчүн кадимки көрүнүш",- деген Алагөзов.
2-ноябрда журналист Эрнис Кыязов президенттикке талапкерлигин коюп жаткан Сыймык Жапыкеевден алган маегин жарыялаган. Анда Жапыкеев өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды айтып, бийликти катуу сындаган.
Ал Кыргызстанда курулуп жаткан имараттар жана социалдык объектилер карыздын эсебинен салынып жатканын белгилеген. Ошондой эле эл жакырчылыкта жашап жатканын, кымбатчылык күч алганын, мамлекеттин карызы көбөйүп жатканын айткан.
"Тойдун артынан эле той болуп калды. 90 пайыз эл сыздап калыптыр, бүт карыз, бүт жетишпегендикте жашап жатат. Бүт кымбатчылык деп жүрөт. Бензиндин кымбатчылыгы, азык-түлүктүн кымбатчылыгы. Кыргызстанда 200дөй айылда таза суу жок. Анан прайм эра дейт",- деген Жапыкеев.
2026-жылдын сентябрында Сыймык Жапыкеев 2027-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышуу ниети бар экенин билдирген.
Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоочу тесттен өтүп, президенттикке талапкер катары Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берген.
Коомчулукка "Чоң Казат" кыймылынын лидерлеринин бири катары таанылган. 2020-жылдын октябрында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы болуп дайындалган. Бирок 2021-жылы аталган кызмат жоюлуп кеткен.