Польшада эмне болуп жатат: "мамлекеттик төңкөрүшпү" же "мыйзам үстөмдүгүн калыбына келтирүүбү"?

    • Author, Адам Истон
    • Role, Би-Би-Си, Варшава
  • Published
  • Окуу убактысы: 4 мүнөт

Польшанын Конституциялык трибуналынын айланасындагы саясий тирешүү өкмөт анын эки жетекчи судьясын кызматтан четтетүүгө жана кылмыш жоопкерчилигине тартууга аракет кылгандан кийин күчөдү.

Польшанын юстиция министри, ошол эле учурда башкы прокурор кызматын да аркалаган Вальдемар Журек журналисттерге Конституциялык трибуналдын төрагасы Богдан Свенчковский менен анын орун басары Бартош Соханскийди судьялык кол тийбестиктен ажыратуу боюнча өтүнүч жөнөткөнүн билдирди. Бул эки судья тең буга чейинки өкмөттүн тушунда, оңчул «Мыйзам жана адилеттик» партиясы бийликте турган кезде өз кызматтарына дайындалган. Кол тийбестиктен ажыратылса, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу мүмкүнчүлүгү жаралат.

«Бул сот жеке менчикке айланып калды. Биз анын талаптагыдай иштешин калыбына келтиришибиз керек», — деп AFP агенттиги Журктин сөзүнө шилтеме берди.

Буга чейин Конституциялык трибуналдын эң улуу судьясы Анна Корвин-Пиотровская Богдан Свенчковскийди кызматтык милдеттерин аткаруудан четтетип, сотту башкарууну өз колуна алганы белгилүү болгонун Reuters агенттиги кабарлаган.

Бул чечимге нааразы болгондор трибуналдын имаратынын алдына чогула баштады. AFP агенттигинин маалыматына караганда, акциянын айрым катышуучулары полициянын тосмолорун бузуп өтүүгө аракет кылышкан. Полициянын билдиришинче, трибунал жайгашкан имараттар комплексинин аймагына кирүүгө аракет кылган үч адам кармалган.

Дональд Туск жетектеген өкмөт бир нече жумадан бери 2015–2023-жылдары бийликте турган «Мыйзам жана адилеттик» партиясынын мурдагы өкмөтү дайындаган судьялардын кызматтан кетишине жетишүүгө аракет кылып келет.

Демонстранттардын сот имаратына киришине жол бербөө үчүн ал жакка полициянын атайын бөлүктөрү жөнөтүлгөн.

Конституциялык трибуналдын өзү өкмөт кылмыш жоопкерчилигине тартууну көздөп жаткан эки судья бул органга мыйзамдуу түрдө дайындалган жогорку судьялар бойдон кала берерин билдирди.

«Бул аракеттерге катышып жаткан бардык адамдар мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылып жатышат», — деп айтылат трибуналдын билдирүүсүндө.

Дональд Туск социалдык тармактарга мындай деп жазды: «Мыйзам үстөмдүгүн калыбына келтирүү биздин милдетибиз. "Мыйзам жана адилеттик" партиясы бийликте турганда көп жылдар бою мыйзамсыздык өкүм сүргөндөн кийин бул жараян оор болууда, кээде азаптуу өтүп, чечкиндүү аракеттерди талап кылууда. Мындан башка жол жок».

«Мыйзам жана адилеттик» партиясынын колдоосуна ээ болгон Кароль Навроцкий жайкы жаштар Олимпиадасына катышуу үчүн Сенегалга бара жаткан учагын кайра буруп, Варшавага кайтып келди.

«Мыйзам жана адилеттик» партиясы түзгөн өкмөт 2015-жылы бийликке келгенден кийин Конституциялык трибуналга өз судьяларын тез арада дайындап, бул органда көпчүлүктү камсыз кылууга аракет кылган. Конституциялык трибунал кабыл алынган ченемдик-укуктук актылардын мыйзамдуулугун аныктоо укугуна ээ.

Кийинчерээк Европанын негизги сот органдары — Адам укуктары боюнча Европа соту жана Европа Биримдигинин Соту «Мыйзам жана адилеттик» партиясы үч судьяны мыйзамсыз шайлаган деген чечим чыгарышкан. Анткени алар парламенттин мурунку курамы мыйзамдуу түрдө ээлеп койгон кызматтарга дайындалган.

Европалык соттор Польшанын Конституциялык трибуналы «көз карандысыз жана калыс сот органы» болбой калган деген тыянакка келишкен. Дональд Тусктун өкмөтү ушул чечимдерге таянып, трибуналдын токтомдорун расмий жарыялоону токтоткон.

Туск 2023-жылы бийликке келгенден кийин сот системасын саясаттын таасиринен арылтууга убада берген. Бирок «Мыйзам жана адилеттик» партиясы бийликте турганда кабыл алынган өзгөртүүлөрдү жокко чыгара алган эмес. Буга жарым-жартылай Навроцкийдин жана анын мурдагы башчысы, «Мыйзам жана адилеттик» партиясы да колдогон Анджей Дуданын президенттик ветону колдонуп, Тусктун демилгелерине бөгөт койгону себеп болгон.

Мындан тышкары, Навроцкий быйыл март айынан бери парламент шайлаган Конституциялык трибуналдын беш судьясын ант бердирүүдөн баш тарткан. Ал муну судьяларды тандоо жол-жобосунда мыйзам бузуулар болушу мүмкүн деген жүйө менен түшүндүргөн.

Ал беш судьянын бири — Анна Корвин-Петровская. Ал трибуналдын төрагасы Свенчковскийди кызматынан четтетип, анын милдеттерин өзү аткарарын билдирген.

Ушул айдын башында Кароль Навроцкий Конституциялык маселелер боюнча Европа Кеңешинин кеңеш берүүчү органы болгон Венеция комиссиясынан судьяларды ант бердирип, алардын соттун курамында иштей башташына шарт түзүү боюнча сунуш алган.

Юстиция министри Журек Свенчковскийге жана анын орун басарына каршы кылмыш ишин козгоо керектигин билдирди. Анын айтымында, алар судьялардын сот адилеттигин жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылып жатышат.

Тусктун айрым тарапташтары аны «Мыйзам жана адилеттик» партиясы бийликте турганда жүргүзүлгөн реформаларды жокко чыгаруу үчүн чечкиндүү чараларды көрбөй жатат деп сындашат.

Польшада парламенттик шайлоо кийинки жылы өтөт. Айрымдар азыркы кадамдар Тусктун шайлоочулар арасындагы колдоосун арттырууга багытталган деп эсептешет.

Бирок анын аракеттери сынга да кабылды. Сентябрда Туск Конституциялык трибуналдын судьялыгына өз өкмөтүндө министр болуп иштеген юрист жана саясатчы Мачей Беректи талапкер катары көрсөткөн.

«Мыйзам жана адилеттик» партиясы жүргүзгөн сот реформаларын сындап келген юрист Марцин Матчак буга чейин Свенчковскийди соттун тарыхындагы эң начар төрага деп эсептей турганын билдирген. Ошол эле учурда ал Свенчковскийди кызматтан четтетүүгө «миллион себеп боюнча» да мыйзамдуу негиз жок экенин айтты.

«Менин оюмча, бүгүн Конституциялык трибуналга карата жасалган аракеттер бул органга да, жакынкы жыйырма жыл ичинде мыйзам үстөмдүгү маселесине да чекит коёт», — деп жазды профессор Матчак социалдык тармактарга.

«Куралчан полиция тартылган кадрлар жана юстиция министри өз чечими менен Конституциялык трибуналдын төрагасын кызматтан четтете алат деген укуктук чечмелөөлөр мыйзам үстөмдүгүнө каршы багытталган олуттуу кесепеттерге алып келет. Анын таасири дагы көп жылдар бою сезилет», — деп кошумчалады ал.