Кыргыз өрүктөрүнүн генетикалык маалыматы кайда сакталат жана андан ким пайда көрүшү мүмкүн?

Published
Окуу убактысы: 5 мүнөт

Элеонора Куленбекова,

Би-Би-Си кабарчысы, Ереван

Ереванда өтүп жаткан БУУнун биологиялык ар түрдүүлүк боюнча COP17 саммитинде санариптик генетикалык маалыматты (DSI) пайдалануу жана андан түшкөн пайданы бөлүштүрүү маселеси талкууланып жатат. Биологиялык артүрдүүлүккө бай, бирок илимий мүмкүнчүлүктөрү чектелүү Кыргызстан сыяктуу өлкөлөр үчүн бул жаңы мүмкүнчүлүктөрдү да, жаңы суроолорду да жаратууда. Мисалы, өлкөнүн өсүмдүктөрүнүн генетикалык маалыматы кайда сакталат, аны чет өлкөлөрдө ким пайдалана алат жана андан түшкөн пайда Кыргызстанга жетеби?

"Санариптик генетикалык маалымат айыл чарбасындагы изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатып, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Бирок кирешеси төмөн өлкөлөрдө мындай маалыматтарды пайдаланууга керектүү адистер, техникалык мүмкүнчүлүктөр жана каржы жетишсиз. Мунун айынан өлкөлөрдүн ортосундагы технологиялык ажырым дагы тереңдеп кетиши мүмкүн", - дейт Биологиялык артүрдүүлүк боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөн Alliance of Bioversity International жана Эл аралык тропикалык айыл чарба борборунун (CIAT) башкы илимий кызматкери Майкл Хейлвууд. Ал бул маселени Еревандагы талкуулардын биринде көтөрдү.

Кыргызстанда жапайы өсүмдүктөрдүн жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн генетикалык артүрдүүлүгү чоң. Бирок бул байлыктын генетикалык өзгөчөлүктөрү толук изилденип бүтө элек. Мындай иштер үчүн атайын жабдуулар, тажрыйбалуу адистер жана туруктуу каржылоо керек.

2024-жылы жарыяланган илимий изилдөөдө окумуштуулар Кыргызстандын төрт облусунан - Чүй, Ысык-Көл, Ош жана Баткенден чогултулган жапайы жана өстүрүлгөн өрүктүн 91 үлгүсүнүн генетикалык артүрдүүлүгүн изилдешкен.

Изилдөөдө ДНКдагы кыска кайталануучу тизмектерге негизделген SSR-маркерлер колдонулуп, үлгүлөрдүн генетикалык жакындыгы жана популяциялык түзүлүшү талданган. Натыйжада өрүктүн изилденген үлгүлөрү генетикалык белгилерине жараша беш топко бөлүнгөн. Ошондой эле түндүк жана түштүк аймактардан алынган үлгүлөрдүн генетикалык түзүлүшүндө айырмачылыктар байкалган. Изилдөө Кыргызстандын өрүк ресурстарынын генетикалык артүрдүүлүгүн документтештирип, жергиликтүү генетикалык ресурстарды сактоо жана келечектеги селекциялык иштер үчүн илимий маалыматтарды берген.

"Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан өрүктүн келип чыккан аймактарынын бири болгондуктан, бул жердеги генофонд өзгөчө мааниге ээ. Анда мөмөнүн канттуулугу, түсү жана формасы, кеч гүлдөө, ошондой эле кургакчылыкка, суукка жана тузга чыдамдуулук сыяктуу касиеттер кездешет", - дейт ал изилдөөгө катышкан кыргызстандык окумуштуу, айыл чарба илимдеринин доктору Кубанычбек Турганбаев.

Изилдөөнүн жыйынтыгында өрүктүн үлгүлөрү генетикалык өзгөчөлүктөрүнө жараша беш топко бөлүнгөн. Түндүк жана түштүк аймактардан алынган үлгүлөрдүн көбү өз-өзүнчө топторго бириккен. Бул Кыргызстандагы өрүктөрдүн генетикалык артүрдүүлүгү бай экенин көрсөтөт. Мындай маалыматтар жергиликтүү сортторду сактоо жана келечекте жаңы сортторду чыгаруу үчүн маанилүү.

Бирок изилдөөнүн дагы бир жагы бар: алынган генетикалык маалыматтар азыр кайда сакталат жана аларды башка изилдөөчүлөр же компаниялар кандай шартта пайдалана алат?

"Ал изилдөөдө алынган генетикалык маалыматтар Түркияда сакталган деп түшүнөм. Бирок физикалык үлгүлөрдүн атайын коллекцияда же криосактоочу жайда сакталарын так билбейм", - дейт генетика боюнча адис Кубанычбек Турганбаев.

Өсүмдүктүн генетикалык маалыматы санариптик форматта сакталса, жана баарына жеткиликтүү болсо, аны башка өлкөлөрдөгү окумуштуулар да пайдаланып, жаңы сортторду чыгара алышат.

Мисалы, кыргыз өрүктөрүнүн генетикалык өзгөчөлүктөрүн изилдеп, кургакчылыкка чыдамдуу же мөмөсү сапаттуу жаңы сорт өстүрүшү мүмкүн. Бирок андай изилдөөлөрдөн же жаңы сортторду сатуудан пайда түшсө, анын бир бөлүгү Кыргызстанга да тиешелүү болушу керекпи деген суроо жаралат.

Санариптик генетикалык маалыматты (DSI) пайдалануу жана андан түшкөн пайданы бөлүштүрүү COP17деги негизги талкуу темаларынын бири болуп жатат.

Ушул маселени чечүү үчүн эл аралык деңгээлде Cali Fund фонду түзүлгөн. Анын максаты - генетикалык маалыматты коммерциялык максатта пайдаланып пайда тапкан компаниялар ошол пайданын бир бөлүгүн жаратылышты коргоого жумшашына шарт түзүү. Фондго түшкөн каражаттын кеминде жарымы жергиликтүү жана түпкү элдердин жамааттарын колдоого багытталышы керек.

"COP16да Cali Fund боюнча Кыргызстан колдоо көрсөткөн. Кыргызстанда азыр DSI жана ага ылайык укуктук-ченемдик актылар кабыл алынып жатат, иштелип жаткандары да бар",- дейт Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Биоресурстар башкармалыгынын жетекчиси Кумар Мамбеталиев:

"Кыргызстанда био артүрдүүлүктүн генетикалык маалыматы буга чейин Улуттук илимдер академиясынын базасында сакталып келген. Биз ошонун негизинде азыр DSI же санариптик генетикалык маалымат боюнча онлайн база түзүүгө киришип атабыз. Бул үчүн бизде бүгүнкү күнү мыйзамдык базаны жетиштүү деңгээлде камсыздап жатабыз. Бирок дагы толуктоо жаңылоо аракеттери көрүлүп жатат. Биологиялык артүрдүүлүк боюнча улуттук стартегияда да бар. Ал жакта бүт жол караталары каралган. Биз генетикалык ыраттуулук тууралуу маалымат эле эмес, ал жакта, биологиялык артүрдүүлүк боюнча жалпы мониторинг базасын түзөлү деп атабыз. Бул өтө кыйын, аны ишке ашырган бир да өлкө жок азыр", - дейт Кумар Мамбеталиев.

Бирок Cali Fund иштөө тартиби боюнча дүйнөлүк жогорку деңгээлде деле айрым маселелер толук чечиле элек. Еревандагы COP17нин 26-октябрдагы сүйлөшүүлөрүндө фондго салым кошууга тийиш болгон компанияларды аныктоо жана салым кошкондорго берилүүчү сертификаттардын шарттары талкууланды.

Ошол эле учурда фондго түшкөн каражат аз бойдон калууда: конференциянын күнүмдүк отчетуна ылайык, 26-октябрга карата анда болгону 8 990 доллар чогултулду.

Бирок Кыргызстан сыяктуу өлкөлөр бул фонддон кандай пайда ала алары жана каражат кантип бөлүштүрүлөрү азырынча маанилүү суроо бойдон калууда.

Ал арада Кыргызстандагы жапайы биоартүрдүүлүккө кызыгып, генетикалык маалыматтарды изилдөөгө кызыкдар компаниялар бар.

Андай чет элдик компаниялардын бири - генетикалык ресурстарды изилдеген британиялык Basecamp Research. Анын өкүлү Дональд Пан Кыргызстандын жаратылышы жана бул багыттагы илимий изилдөөлөрдүн абалы тууралуу Би-Би-Сиге өз ою менен бөлүштү.

"Кыргызстан - Жер жүзүндөгү өзгөчө жерлердин бири. Бул өлкөдө бийик тоолуу аймактардан, мөңгүлөрдөн жана токойлордон тартып, чөлдөргө, талааларга, саздак жерлерге чейин ар түрдүү экосистемалар бар. Ошондой эле дүйнөдөгү эң терең көлдөрдүн бири жайгашкан. Кыргызстан биоартүрдүүлүгү өзгөчө бай аймак катары таанылган", - деди Дональд Пан.

Анын айтымында, Кыргызстанда, анын ичинде Ысык-Көлдөгү микроорганизмдердин ар түрдүүлүгү боюнча илимий изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Бирок Пандын баамында, бул багытта изилдөөлөр азырынча жетишсиз жана алардын көбүн чет өлкөлүк окумуштуулар жетектейт.

"Мен кыргызстандык окумуштуулар менен сүйлөштүм. Алар өлкөдө лабораториялар жана жабдуулар бар экенин, бирок негизги чектөөлөрдүн бири - адистердин жетишсиздиги экенин айтышты", - деди Пан.

Basecamp Research компаниясынын жергиликтүү окумуштуулар менен кызматташуудагы мамилесин түшүндүрүп жатып, Пан изилдөөлөрдү жергиликтүү адистер өздөрү жетектеши керектигин белгиледи.

"Биз өнөктөштүктүн алкагында жергиликтүү окумуштуулар өздөрү жүргүзгүсү келген изилдөөлөрдү жетектешин каалайбыз. Ошондой эле алар өз изилдөөлөрүнүн натыйжаларынан пайда көрүшүнө шарт түзгүбүз келет. Мисалы, илимий макалаларды жарыялаганда негизги авторлордун катарында болушу маанилүү", - деди ал.

Пандын айтымында, компания кыргызстандык окумуштуулар жана студенттер менен кызматташуу аркылуу өлкөнүн микробдук биоартүрдүүлүгү тууралуу билимди кеңейтүүгө жана бул багыттагы изилдөөлөрдү уланта турган жаңы муундагы адистердин даярдалышына салым кошууну көздөйт.

"Биз Кыргызстандагы биоартүрдүүлүктү изилдөөгө кызыккан адамдар менен кызматташууга ачыкпыз. Мындай кызыгууну конкреттүү өнөктөштүккө айландыруудагы эң маанилүү кадам - генетикалык ресурстарга жетүү жана аларды пайдалануудан түшкөн пайданы бөлүштүрүү боюнча макулдашуу (Access and Benefit-Sharing, ABS)", - деп белгиледи Дональд Пан.

Ошентип, кыргыз өрүктөрүнүн генетикалык маалыматын кимдер пайдаланып жатканы жана андан Кыргызстан кандай пайда көрүшү мүмкүн экени азырынча толук аныктала элек. Ошол эле учурда дүйнөлүк деңгээлде санариптик генетикалык маалыматты пайдалануудан түшкөн пайданы бөлүштүрүүнүн эрежелерин иштеп чыгуу уланууда. COP17де да Cali Fund фондунун иштөө тартиби жана компаниялардын салымдары тууралуу талкуулар жүрдү.

Кыргызстанда болсо генетикалык маалыматтардын онлайн базасын түзүү жана бул багыттагы укуктук базаны өркүндөтүү аракети башталганы айтылууда. Бирок эл аралык механизмдерден өлкө кандай пайда ала алары COP17 де кабыл алынчу Ереван жол картасында кабыл алынган эрежелерге жана каржылоонун жеткиликтүүлүгүнө көз каранды.

  • Бул материал Informed Earth уюму жана Internews'тун Earth Journalism Network тармагы менен биргеликте уюштурган 2026-жылдагы БУУнун Биологиялык артүрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын COP17 стипендиялык программасынын алкагында даярдалды.