Санкциялык тобокелдиктен улам 240 банк эсеби жабылды

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Кыргызстанда санкциялык тобокелдиктерди азайтууга байланышкан иштердин алкагында 240тан ашык банк эсеби жабылды. Мындан тышкары, 52 юридикалык жак ишин токтотуп, дагы 57 компанияны мажбурлап жоюу жол-жоболору жүрүп жатат.

Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлининин билдирүүсүндө айтылат. Маалыматка ылайык, бул чаралар бир гана A7 тармагына жана A7A5 стейблкоинине байланыштуу эмес, башка компанияларды да камтыйт.

Министрлик Кыргызстан Европа Биримдиги, Улуу Британия жана АКШнын тынчсызданууларына көңүл буруп жатканын белгиледи.

Билдирүүдө мамлекеттик органдар компанияларды текшерип, трансчек аралык төлөмдөрдү талдап, ишканалардын акыркы бенефициардык ээлерин жана шектүү операциялардын экономикалык максатын аныктап жатканы айтылат.

Ошондой эле A7 жана A7A5 менен байланышкан рыноктун айрым катышуучуларынын лицензиялары кайтарылып алынганы белгиленет. Билдирүүдө өкмөт бир катар уюмдарды жоюу боюнча чечимдерди кабыл алганы, айрым субъекттерге байланыштуу материалдар текшерүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилгени белгиленген.

"Көрүлгөн чаралар жана алардын аткарылышынын натыйжалары жөнүндө коомчулукка маалымат берип турабыз. Бул ишти Европа Биримдиги, Улуу Британия, АКШ жана башка эл аралык өнөктөштөр менен кызматташтыкта ырааттуу жүргүзөбүз. Биздин максатыбыз — финансы системасынын ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу, мыйзамдуу сооданы коргоо жана Кыргызстандын узак мөөнөттүү экономикалык өнүгүүсү үчүн шарттарды сактоо", - деп айтылат маалыматта.

Ай башында АКШнын Каржы министрлиги Орусия менен байланышкан A7 каржы тармагын "олуттуу трансулуттук кылмыштуу уюм" деп таанып, санкциялык тизмеге киргизген. Кошмо Штаттардын Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы (OFAC) жарыялаган документте A7 Network менен байланышкан өлкөлөрдүн арасында Орусия, Кыргызстан, Нигерия жана Зимбабве болгон A7 компаниясы билдирүү таратып, санкцияларга байланыштуу айыптарды четке каккан.

АКШнын Финансылык кылмыштарга каршы күрөш тармагынын иликтөөсүндө A7 менен байланышкан компаниялар 2025-жылдын январынан 2026-жылдын июнуна чейин дүйнө боюнча 17 миллиард доллардан ашык каражатты өткөргөнү айтылат.

A7 жана Кыргызстандын байланышы тууралуу The New York Times да жакында иликтөөсүн чыгарган. Андагы маалыматка караганда, A7 Батыштын Орусияга каршы санкцияларын кыйгап өтүү үчүн эл аралык компаниялар менен криптовалюталарды пайдаланган жана бул тармакта Кыргызстан негизги багыттардын бири болгон.

The New York Times буга чейин 15-сентябрда да Кыргызстан жөнүндө макала жарыялап, Кыргызстанда экономикалык "бум" болуп жатканын, ага олуттуу себеп - Украинадагы согуш экенин жазган.

21-сентябрда АКШга иш сапары менен барган президент Садыр Жапаров Америка-Кыргыз бизнес кеңеши уюштурган жыйында сүйлөп жатып, Кыргызстан санкцияга кирген бир да товарды Орусияга жөнөтпөгөнүн айткан.

Кыргызстандагы компанияларга 2023-жылы май айынан тарта санкция киргизиле баштаган. Алгач ирет ирет Чүй облусунун Токмок шаарында катталган компания АКШнын чектөөсүнө илинген.

Кийинчерээк банктарга да санкция салына баштаган. Алардын арасында, "Керемет банк", "Капитал банк", "Толубай банк", "Евразиялык сактык банкы" жана "ЭкоИсламикБанкы" бар.