Роза Айтматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Белгилүү коомдук ишмер, педагог, физика-математика илимдеринин кандидаты Роза Айтматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 28-октябрда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү.

Аза күтүү иш-чарасына Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлерлер, маркумдун туугандары кесиптештери катышты.

Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Роза Айтматова 26-октябрда 89 жашында акка моюн сунган.

Роза Төрөкуловна Айтматова залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы, мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматов менен Нагима Айтматованын кызы.

Ал 1937-жылы 8-мартта Москва шаарында төрөлгөн. Анын балалыгы сталиндик репрессиянын оор жылдарына туш келген. 1937-жылы атасы Төрөкул Айтматов камакка алынып, 1938-жылы 5-ноябрда атылган. Андан кийин үй-бүлөсү "эл душманынын" жакындары катары көптөгөн кыйынчылыкка кабылган. Ал апасы Нагима Айтматова жана бир туугандары Чыңгыз, Илгиз, Люсия менен чогуу Таласка көчүп келген.

Роза Айтматова 1963-жылы Владимир Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун физика-математика факультетин бүтүргөн. Кийин кристаллография багытында илимий иштерди жүргүзүп, физика-математика илимдеринин кандидаты болгон.

Эмгек жолун Кыргыз ССРинин Илимдер академиясында баштаган. 1977-жылы өзү билим алган педагогикалык институтта иштей баштаган. Окутуучу, доцент, кафедра жетекчиси болуп эмгектенип, кийин институттун тарбия иштери боюнча проректору кызматын аркалаган. Ал 1999-жылга чейин жогорку окуу жайында иштеген.

Роза Айтматованын коомдук ишмердигинин негизги багыты аялдардын укугун коргоо, гендердик теңчилик жана аялдардын коомдогу ордун бекемдөө менен байланыштуу.