Сиз бул сайттын азыраак дата коротуучу, тексттен турган версиясын көрүп жатасыз. Сайттын бардык сүрөттөрдү жана видеолорду камтыган негизги версиясын көрүңүз.
Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз жазды
Сыймык Жапыкеев Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды.
"Эртең менен банкка бир миллион сом төктүм. Тил боюнча сертификатым бар. Арыз жаздым", -деди Жапыкеев Би-Би-Сиге.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев менен мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев 8-октябрда "Кыргызтестке" кырыз тилинен тест тапшырган. Экөө тең жазуу бөлүгүнөн өтпөй калган.
Сыймык Жапыкеев 21-октябрда "Кыргызтестке" кайра сынак берип, кийин 63 балл менен жазуу бөлүгүнөн өткөнүн маалымдаган.
Өмүрбек Суваналиевдин кайра тест тапшырган-тапшырбаганы белгисиз.
Президенттик шайлоого катышуу арызы менен Боршайкомго алгач ишкер Аймен Касенов 14-октябрда кайрылган.
Экинчилерден болуп, 27-октябрда Чүй облусунун Москва районунун мурдагы акими Азамат Эсенбеков арыз жазган.
Бул арада мурдагы депутат Исхак Масалиев, ишкер Акай Кыдыров, мурдагы элчи Мамбетжунус Абылов, мурдагы УКМК башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев "Кыргызтил" сынагынан тест тапшырганы маалым.
БШКга арыз калтыруу үчүн талапкерлерде шайлоо төгүмүн төккөндүгүн ырастаган документ, башка мамлекеттин жарандыгы жок экендигин тастыктаган декларация, соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө декларация, мамлекеттик тилди билүү денгээли "ортодон жогору" деңгээлинен төмөн эмес сертификат, шайлоо алдындагы программа болуш керек.
Андан кийинки баскычта шайлоочулардын 30 миң колун топтоо зарыл. Кол топтоо 8-декабрда аяктайт. Азырынча "Түндүк" тиркемесинде бир гана талапкердин ысымы турат.
Конституция боюнча президент болуп 35 жашка чыккан, мамлекеттик тилди билген жана өлкөдө жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргызстандын жараны шайлана алат.
Президенттик шайлоо 2027-жылы 27-январь күнү өтөт.