Орусия: "Новая газета" жабылып жатканын жарыялады

Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

1993-жылы негизделген "Новая газета" басылмасы жабыларын жарыялады. Быйыл сентябрда Орусиянын Юстиция министрлиги аны "чет элдик агенттердин" реестрине киргизген. Буга чейин, 28-октябрда, редакция дээрлик 30 жылдан бери иштеп келген имараттан чыгарылары белгилүү болгон.

"Новая газетаны" өлтүрүштү. "Новая газета" өз ишин токтотот. 9-ноябрда биз 30 жыл жашаган үйүбүздүн жарыгын өчүрөбүз. Серверлерди өчүрүп, кетебиз", - деп айтылат басылманын сайтында жарыяланган билдирүүдө.

"Өлкө жана анын жарандары менен бирге өткөргөн отуз жылдан ашык өмүрүбүз көчөдө, жашоого каражатсыз жана репрессия коркунучу тынымсыз сакталып турган шартта аяктайт", - деп айтылат билдирүүдө.

"Новая газетанын" башкы редактору Сергей Соколов редакция Москванын борборундагы Потаповский көчөсүндөгү имараттан чыгарылары тууралуу окурмандарга 28-октябрда жазган катында билдирген. Каттын мазмунун РБК, "Медиазона" жана башка басылмалар баяндап беришкен.

Соколов жаңы жай али табыла электигин жана редакцияга көчүп чыгууга аз убакыт берилгенин жазган. Анын айтымында, редакция менен бирге журналист Анна Политковскаянын музейи да жабылат. Музей 2021-жылдын 7-октябрында, Политковская өлтүрүлгөнүнүн 15 жылдыгында, анын мурдагы кабинетинде ачылган.

Соколовдун айтымында, "чет элдик агенттердин" реестрине киргизилгенден кийин "Новая газета" кайрымдуулук каражаттарын чогултуу системасын калыбына келтире алган эмес. Компаниялар жана банктар "корпоративдик ички эрежелерге" таянып, редакция менен иштөөдөн баш тартышкан.

"Бизди имараттан чыгаруу тууралуу кат менен бир убакта окурмандарыбыздан кайрымдуулук каражаттарын алууга мүмкүнчүлүк берген донат системасы да өчүрүлдү. Башкача айтканда, бизди каражатсыз калтырышты. Таптакыр. Бул - макулдашылган аракет.

Банктардын "ички корпоративдик эрежелерге ылайык иш кылып жатабыз" деген шылтоолору эч кимди ынандырбайт. Бул - мамлекеттик репрессиялык аппараттын эрежелери. Ар бир уюмдун ичине кирип алган Федералдык коопсуздук кызматынын кызматкерлери ушул эрежелерди ишке ашырып жатышат. Алар өлкөнү өздөрүнүн менчиги деп эсептешет", - деп айтылат "Новая газетанын" жабылары тууралуу билдирүүсүндө.

"Албетте, ишмердүүлүктүн башка бир формасы болот деп үмүттөнөбүз. Адамдарыбызды сактап калабыз деп ишенебиз. Анткени "Новая газета" - биринчи кезекте, дубалдар эмес, адамдар. Бирок биз муну "Новая газета" деген ат менен ишке ашырууга мүмкүнчүлүк беришпесин түшүнөбүз. Себеби азыр Орусияда репрессияларды биз көп жылдан бери касташып келген адамдар жүргүзүп жатышат. Алар көп жылдар бою өч алууга аракет кылышты, бирок аларга каршы тура алган күч бар эле. Азыр болсо андай күч калган жок", - деп билдирди "Би-Би-Сиге" "Новая газетанын" басма сөз кызматынын жетекчиси Надежда Прусенкова.

"Новая ежедневная газета" 1993-жылы "Комсомольская правда" басылмасынан кеткен Дмитрий Муратов, Сергей Кушнерев, Акрам Муртазаев жана башка журналисттер тарабынан негизделген. Алардын арасында Сергей Соколов да болгон. Кийин басылма "Новая газета" деп атала баштаган.

Басылма тарыхынын көпчүлүк бөлүгүндө оппозициялык гезит катары белгилүү болгон. Анын бир нече журналисти өлтүрүлгөн.

Өз үйүнүн кире беришинде атып өлтүрүлгөн Анна Политковская Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровду кескин сынга алып келген. Ага чейин ал согуш жүрүп жаткан республикадагы аскердик кылмыштар тууралуу жазган.

2022-жылдын март айынын аягында Орусиянын Украинага каршы согушу башталгандан кийин "Новая газета" Роскомнадзордун эскертүүлөрүнөн улам ишин убактылуу токтоткон. Бирок кийин кайрадан иштей баштаган.

Ошол эле жылдын күзүндө соттун чечими менен басылманын кагаз түрүндөгү версиясынын жана сайтынын лицензиялары жокко чыгарылган. Андан кийин редакция интернеттеги жарыялары менен катар жаңы форматтагы басма материалдарын чыгарууну жолго койгон.

Украинадагы согуш башталгандан кийин басылманын айрым журналисттери Орусиядан чыгып кетип, "Новая газета Европа" долбоорун негиздешкен. Кийин Орусиянын бийлиги бул уюмду өлкө аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм деп тааныган.

2026-жылдын сентябрында Орусиянын Юстиция министрлиги "Новая газетаны" "чет элдик агенттердин" реестрине киргизген. Ошол эле учурда мекеме башкы редактор Сергей Соколовду кошкондо, басылмада иштеген же ага байланышы бар 100дөн ашык кызматкердин жана адамдын тизмесин жарыялаган.

Ага чейин башкы редактор кызматын аркалаган, 2021-жылы Нобель тынчтык сыйлыгына татыган Дмитрий Муратов 2023-жылы "чет элдик агенттердин" реестрине киргизилгенден кийин кызматынан кеткен.

Быйыл 15-октябрда "Новая газетанын" башкы редактору Олег Ролдугиндин ишине байланыштуу суракка алынган. Ролдугинге карата жазында жеке маалыматтарды камтыган компьютердик маалыматка мыйзамсыз кирүү беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Соколов сурактан күбө катары чыккан.

Апрель айында ушул иштин алкагында Москванын Потаповский көчөсүндөгү редакциянын имаратында бир нече саатка созулган тинтүү жүргүзүлгөн.

Ошол эле айда Ролдугин жеке маалыматтарды камтыган компьютердик маалыматка мыйзамсыз кирүү беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында камакка алынган. "Новая газетанын" маалыматына караганда, иштин тергөөсү аяктоо алдында турат жана жакын арада журналистке айыптоонун акыркы редакциясы расмий түрдө угузулушу керек.

"Би-Би-Синин" маалыматына караганда, тергөөчүлөрдүн Ролдугинге карата дооматтары "Больше, чем факт" аттуу Telegram-каналына байланыштуу болгон. Мындай жагдайды сот отурумдарынын биринде бөгөт чарасын тандоо боюнча чечим чыгарган судья да айткан.

Июндун башында Ролдугин тергөө абагынан үй камагына чыгарылган.