Шайлоодон кийин Израил саясий туңгуюкта: кырдаалдан чыгуунун төрт жолу

Published
Окуу убактысы: 4 мүнөт

Шейшемби күнү өткөн шайлоодо добуштардын 99 пайыздан ашыгы саналгандан кийин, Израилде саясий туңгуюк жаралышы мүмкүн экени белгилүү болду. Алдын ала жыйынтыктарга караганда, азыркы премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун коалициясы да, анын негизги атаандашы Гади Айзенкот баштаган саясий блок да парламентте көпчүлүк орунга ээ боло албайт.

Добуштардын 99 пайызы саналгандан кийин Нетаньяхунун оңчул коалициясы Айзенкоттун партиясынан бир аз алдыда келе жатат. Аларга 53 жана 48 депутаттык мандат берилери болжолдонууда.

Бирок 120 орундуу парламентте көпчүлүктү түзүү үчүн эки тарапка тең добуш жетишпейт.

Алдын ала жыйынтыктарга ылайык, араб партиялары парламенттен рекорддук 19 орун алышы мүмкүн. Бул партиялар жаңы өкмөттү түзүүдө чечүүчү ролду ойношу ыктымал. Бирок жөөтөрдүн партияларынын бири гана алар менен кызматташууга даяр экенин билдирген. Калган партиялар араб партиялары менен биригүүдөн баш тартышкан.

Өкмөт түзүү үчүн негизги партиялардын бири шайлоо алдында берген убадасынан баш тартууга аргасыз болушу мүмкүн. Андыктан шайлоону кайра өткөрүү эң ыктымал варианттардын бири болуп турат.

Бирок добуштардын баары эсептелип бүтө элек. Бейшемби күнү шайлоо комиссиялары шайлоо участкаларына жеке өзү келе албаган жарандардын 480 миңге жакын бюллетенин санай баштады. Алардын арасында аскер кызматкерлери, дипломаттар жана ооруканаларда дарыланып жаткан бейтаптар бар.

Бул добуштар Израилдеги пропорционалдык шайлоо системасына ылайык, партиялардын ортосунда депутаттык мандаттардын акыркы бөлүштүрүлүшүнө таасир этиши мүмкүн.

Шайлоонун жыйынтыгы расмий бекитилгенден кийин президент Ицхак Герцог бардык саясий фракциялары менен кеңеш өткөрөт. Андан соң өкмөттү түзүүгө мүмкүнчүлүгү эң жогору деп эсептеген лидерге тапшырма берет. Бул жараян бир нече жумага созулушу мүмкүн.

Эгер өкмөттү түзүү мүмкүн болбосо, жаңы шайлоо өткөрүүгө туура келет.

Нетаньяху башында турган улуттук биримдик өкмөтү

Нетаньяху Айзенкотту улуттук биримдик өкмөтүнө кошулууну сунуштап, аны көндүрө алабы?

Бул үчүн Айзенкот шайлоо алдында берген негизги убадаларынан баш тартууга аргасыз болмок. Ал өзүн Нетаньяхунун ордуна келе ала турган жалгыз талапкер катары көрсөтүп, шайлоо өнөктүгүн көп жылдан бери премьер-министр болуп келе жаткан Нетаньяхуну кызматтан кетире ала турган адам өзү экенине негиздеген.

Шайлоо түнү өзүнүн үгүт штабына чогулгандар алдында сүйлөп жатып, Айзенкот Нетаньяхуну "бүгүн эле саясаттан кетерин жарыялоого" чакырган. Ал израилдиктер Нетаньяхунун "калп айтуу маданиятынан", "коомду бөлүп-жарганынан жана чагымчылдыгынан" тажаганын билдирген.

Бирок бул сөздөр Айзенкоттун блогу алдыга чыгат деп болжолдогон негизги экзитполдордун биринин жыйынтыгы кайра каралып, Нетаньяху алдыга озуп кеткенге чейин айтылган.

Нетаньяху Айзенкоттун "Яшар" партиясын өзүнүн "Ликуд" партиясы менен биригип, улуттук биримдик өкмөтүн түзүүгө көндүрүүгө аракет кылышы мүмкүн. Бул үчүн ал азыркы башкаруучу коалицияга кирген ашынган оңчул жана ультраортодоксалдык партиялар менен түзгөн союзунан баш тартышы керек болот.

Бирок шаршемби күнү кечинде "Ликуд" партиясынын штаб-квартирасында сүйлөгөн Нетаньяху өзүнүн "ишенимдүү өнөктөштөрүнө" ыраазычылык билдирип, "күчтүү оңчул өкмөт" түзүүгө чакырды. Бул сөздөрдү ал азыркы коалициясын сактап калууну көздөп жатканынын белгиси катары түшүнүүгө болот.

Улуттук биримдик өкмөтүнүн түзүлүү мүмкүнчүлүгүн жогорулата турган жагдайлардын бири — Иран менен жаңжалдын кайра күчөшү. Жаңы аскердик операция партия лидерлерине олуттуу басым жаратып, аларды саясий пикир келишпестиктерди четке коюп, биргелешип иштөөгө түртүшү мүмкүн.

Шайлоого бир нече күн калганда Израилдин жана АКШнын маалымат каражаттары Нетаньяху Иранга жаңы соккуларды урууну талап кылып, Дональд Трампка басым жасаганын жазышкан. Ал АКШны бул операцияга катышууга көндүрүүгө аракет кылган.

Нетаньяхунун сынчылары муну анын өзүнүн саясий карьерасын сактап калуу үчүн өлкөнү дагы бир аймактык жаңжалга тартуу аракети катары баалашы шексиз.

Айзенкоттун жетекчилигиндеги араб партиялары катышкан коалиция

Эгер мындай өкмөт түзүлсө, бул Израилдин саясатындагы олуттуу өзгөрүү болмок. Буга чейин арабдардын бир гана көз карандысыз партиясы 2021-жылы башкаруучу коалицияга расмий түрдө кирген. Бирок бул көпкө созулган эмес.

Айзенкот жана анын блогундагы жөөтөрдүн партияларынын бири гана араб партиялары менен коалиция түзүү мүмкүнчүлүгүн четке каккан эмес. Калган партиялар мындай кызматташууга каршы. Бирок азыркы учурда оппозициянын Кнессетте көпчүлүк орунга ээ болушунун жалгыз жолу — араб партиялары менен биригүү.

Шайлоо түнүндө негизги көңүл араб партияларына бурулду. Алдын ала эсептөөлөргө караганда, алар күтүлгөндөн да көп добуш алып, парламенттен рекорддук 19 орунга ээ болушу мүмкүн. Буга Израилдеги араб калкынын шайлоого болуп көрбөгөндөй көп катышканы да өбөлгө түздү. Арабдар өлкө калкынын болжол менен бештен бирин түзөт жана алардын көбү өздөрүн Израилдин палестиналык жарандары деп аташат.

Көп жылдар бою алардын айрымдары Израилдеги шайлоолорго бойкот жарыялап келишкен. Алардын айтымында, добуш берүү өздөрүнө экинчи сорттогу жарандардай мамиле кылган системаны мыйзамдуу деп таанууга барабар болмок. Бирок бул жолку шайлоодо араб калкынын добуш берүүгө көп катышканы Израилдин тарыхындагы эң оңчул башкаруучу коалицияны бийликтен кетирүү каалоосу менен түшүндүрүлөт.

Алдын ала божомолдор боюнча, "Бириккен араб тизмеси" парламенттен сегиз орун алышы мүмкүн. Бул партия оппозиция түзгөн өкмөткө кирүүгө даяр экенин билдирди. Ал эми 11 орун алышы күтүлүп жаткан "Бириккен тизме" өкмөткө кирбестен, аны сырттан колдоого даяр экенин маалымдады.

Азырынча мындай демилгени ачык колдогон жалгыз жөөт саясатчысы — "Демократтар" партиясынын лидери Яир Голан. Бирок мындай коалиция, айрыкча оккупацияланган аймактарга байланыштуу маселелерде, өтө эле туруксуз болушу мүмкүн.

Жөөт партияларынын араб партияларынын өкмөткө киришине каршы бирдиктүү позицияда турушу Израил коомундагы ажырымды көрсөтүп турат.

Нетаньяху башында турган оппозициядагы оңчул партиялар да кирген көпчүлүк коалиция

Нетаньяху Айзенкоттун блогундагы оңчул партияларды бөлүп чыгып, өз коалициясына кошулууга көндүрө алабы?

Мындай сценарийде эки саясатчынын аты көбүрөөк аталууда. Алар — "Бе-Яхад" ("Бирге") саясий альянсынын теңтөрагасы Нафтали Беннет жана "Исраэль Бейтейну" ("Биздин үй — Израил") партиясынын лидери Авигдор Либерман.

Экөө тең оңчул саясатчылар жана коопсуздук маселелеринде катаал позицияны карманышат. Ошондой эле алардын айрым саясий көз караштары Нетаньяхунун позициясына жакын.

Бирок Беннет да, Либерман да шайлоо өнөктүгү учурунда Нетаньяхуну бийликтен кетирүүнү жана ультраортодоксалдык жарандарды да аскердик кызмат өтөөгө милдеттендирүүнү ачык колдошкон. Бул талап аларды Нетаньяхунун өкмөтүнө кирген эки ультраортодоксалдык партия менен түздөн-түз карама-каршылыкка алып келген.

Ошондуктан алардын Нетаньяху менен бир коалицияга биригиши оңой эмес.

Беннет менен Либермандын партиялары өкмөттөгү ультраортодоксалдык партиялардын ордун басышы мүмкүн деген божомолдор да айтылууда. Бирок азыркы шайлоонун жыйынтыктарына негизделген эсептөөлөр боюнча, мындай коалиция парламентте көпчүлүк түзүү үчүн жетиштүү мандат топтой албай калышы мүмкүн.

Жаңы шайлоо

Эгер жогоруда айтылган варианттардын бири да ишке ашпаса, анда жаңы шайлоо өткөрүүгө туура келет.

Мындай жагдай Нетаньяхунун кыйыр жеңиши катары кабыл алынышы мүмкүн. Анткени жаңы шайлоо өткөнгө чейин ал премьер-министрдин милдетин аткаруучу бойдон калат. Ошондой эле ал кийинки шайлоодо жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү жогору болот деп эсептеши ыктымал.

Айрым талдоочулар жаңы шайлоодо араб шайлоочулары азыркыдай көп катышпвй коюшу мүмкүн деп эсептешет. Айрыкча алардын парламенттеги рекорддук өкүлчүлүгү эч кандай өзгөрүүгө алып келбесе, шайлоого болгон кызыгуусу төмөндөшү ыктымал. Мындан тышкары, кайра шайлоо оңчул көз караштагы шайлоочуларды дагы активдештириши мүмкүн.

Нетаньяху чет өлкөдөн атайын добуш берүү үчүн Израилге учуп келген 70 миңдей жаран кийинки шайлоодо кайра келбейт деген эсепке да таянышы мүмкүн. Алардын көбү Нетаньяхунун бийликте калышына каршы добуш бергени айтылууда.

Мындан тышкары, шайлоо босогосунан (3,25%) өтө албай калган бир нече оңчул партия кийинки шайлоодо дагы аз добуш алышы же такыр талапкерлерин көрсөтпөй коюшу мүмкүн. Мындай учурда алардын добуштары "Ликуд" партиясына жана анын өнөктөштөрүнө көбүрөөк пайда алып келиши ыктымал.

2019-2022-жылдар аралыгында Израилде беш жолу шайлоо өткөн. Буга Нетаньяху менен анын атаандаштарынын өз ара кызматташуу боюнча бир пикирге келе албай келгени себеп болгон.