Сиз бул сайттын азыраак дата коротуучу, тексттен турган версиясын көрүп жатасыз. Сайттын бардык сүрөттөрдү жана видеолорду камтыган негизги версиясын көрүңүз.
Аймактагы жолугушуулар: Эл эмнеге арыз-муңун президентке жеткиргиси келет? Маселе эмнеде?
- Author, Мээрим Догдурбекова
- Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын кабарчысы
- Published
- Окуу убактысы: 5 мүнөт
Президент Садыр Жапаров соңку жарым жылда аймактарды кыдырып, калктын көйгөйүн жарандардын оозунан угуп, айрымдарынын маселесин дароо чечип да берүүдө. Бирок президентке жеке көйгөйлөрүн жеткирүүгө аракет кылган жарандардын көптүгү мамлекеттик башкаруу системасынын ишине байланыштуу суроолорду да жаратууда.
Мисалы, жакында Аксыдагы жолугушууда өзүнө донор боло турган иниси түрмөдө отурганын айткан жаранга мамлекет башчы дароо реакция кылып, анын бир тууганын абактан бошотуу маселесин чечүүнү тапшырды.
"Ырайым жазыңыз, жети жыл отурса. Баарын отурду кылып жазгыла да бир айда чыгарып бергиле, бир айда. Көзөмөлгө ал, түшүндүң, ээ? Рустамжан, Кербен. Мен жазып алдым, өзүм көзөмөлүмө алам", - деген Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров ал жарандын дарылануусу мамлекеттин эсебинен акысыз болорун да билдирген. Бул президент жолугушууда көңүл бурган маселелердин бири гана.
Ошол эле учурда президентке көйгөйүн жеткирүү үчүн бир облустан экинчисине чейин барып, бир нече жолу кайрылууга аргасыз болгон жарандар да бар. Алардын бири - Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Жаныбек Асанбеков. Ал депутаттык мандатты кайтарып алуу боюнча маселени чечип берүүнү суранып келет.
"17-июлда сиз мени Ысык-Көлдө жеке кабыл алдыңыз эле. Ошондо менин эл берген депутаттык мандатымды кылдат кароо боюнча дагы тапшырма бергенсиз. Ошол боюнча мен ыраазычылык билдирем. Бирок, тилекке каршы, мына үч ай болду, ошол тапшырма аткарылбай келгендиктен, айлам жок ушул кайын журтумдун алдында сизге кайрылууга туура келди", - деди Жаныбек Асанбеков.
Анткен менен жолугушууларда президентке датын айтууга жетишпей калгандар да бар.
Маселе президентке жеткенде гана чечилеби?
Жер талаштан баштап, сот проццесстери, кылмыш иштери, жеке үй-бүлөлүк маселелерине чейин чечип берүүсүн суранган жарандар эмне үчүн президентке үнүн жеткиргиси келет? Же маселе президентке жеткенде гана чечилеби?
Саясий серепчи Эмилбек Жороев бул жолугушуулардагы жагдайды бир нече өңүтүнөн талдап берди.
"Бул жерде кеминде эки-үч чоң маселе турат. Биринчиден, Садыр Жапаров президент болгонго чейин эле калыптанып калган президенттик аппараттын, президенттик институттун үстөмдүгү.
Экинчиден, албетте, акыркы беш жылда жаңы Конституцияга ылайык, президент Жапаровдун башкаруусу алдында бийликтин борборлошуусу. Ар кандай ыйгарым укуктардын, мамлекеттик башкаруунун кубаты, кайраты, баары ошол борборго, өзгөчө президенттик институтка топтолгондугу.
Кайсы бир деңгээлде биз күчтүү бийликке жетиштик деп сүйүнүп жатпайбызбы. Ошол күчтүү бийликтин бир көрсөткүчү - президент бир сөзү менен кандайдыр бир маселени чечип коё алышы. Калк менен жолугуп, сүйлөшүп жатканда, жарандардын айткан сөзүн ошол жерде, ошол замат чечип коё алгандыгынын өзү ошонун далили болуп жатат.
Үчүнчүсү, бул менимче биздин жалпы маданиятыбыз, саясий маданиятыбыз, саясий билим деңгээлибиз десек болсо керек. Ошол микрофон колуна тийгендердин баары өзүнүн кайнатасы же айылдаштары менен болгон маселелерине чейинки суроолорду берип жатат. Ал эми президент баарына оң карап жатат. "Жок, аларды мен чечпейм, аларды тиешелүү органдар чечсин" дегенге барган жок. Ооба, жергиликтүү тиешелүү органдар аларды чечпей жаткандыктан андай суроолор чыгууда.
А эгер суроолор мисал үчүн, билим берүү тармагындагы мүчүлүштүктөр же саламаттыкты сактоодогу системдүү маселелер тууралуу болгондо, мүмкүн президентке, президенттин деңгээлине жараша проблемалар айтылмак", - деди Эмил Жороев.
"Мамлекеттик башкаруу системасы өзгөрүш керек"
Президентке жергиликтүү бийликтин деңгээлинде чечилиши керек болгон маселелердин айтылышы мамлекеттик башкаруу системасындагы кемчиликтерди көрсөтөрүн белгилегендер да бар.
Жороевдин айтымында, президенттин аймактардагы жолугушуулары башкаруу системасын реформалоого негиз болушу керек. Анткени бир эле адамдын көйгөйү жүздөгөн жарандарга тиешелүү жалпы маселени чагылдырышы мүмкүн. Бул жолугушуудагы маселелер талдоого статистикалык маалымат болуп бере алат дейт серепчи.
"Президент ар бир барган сайын жеке маселелерди, Баланча Түкүнчөев менен адамдардын ортосундагы жаңжалдарды чечип отурганы туура эмес. Мисалы, жер маселесинен улам талаш жаралып, бирөөнүн эгин айдаган жерин курулушка алып коюп, жаңжал чыгып жатса, бул бир эле адамдын көйгөйү эмес. Жети миллион калктын ичинен жүздөгөн адамдар ушундай абалда болушу мүмкүн. Демек, бул багытта мамлекеттик саясат иштелип чыгып, мамлекеттик деңгээлде мыйзамдар кабыл алынышы керек. Менимче, азыркы жолугушуулардын сериясы президенттин жана мамлекеттик башкаруу системасынын алдында чоң реформалык программага айланышы керек. Бул көрүнүштүн ушундай нукта улана бергени туура эмес. Анткени, акырында микрофонго жетпей калган жарандардын көйгөйлөрү чечилбей кала бериши мүмкүн", - деди Эмилбек Жороев.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүндөбү маселе?
Саясий талдоочу, профессор Алмазбек Акматалиев да жарандардын президентке кайрылуусун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, аймактык бийликтин жана тиешелүү мамлекеттик мекемелердин ишиндеги көйгөйлөр менен байланыштырат.
"Маселе чечилбей жатканы үчүн президентке чейин жетип жатат да. Албетте, бул жакшы көрүнүш эмес. Бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, регионалдык бийликке же кайсы бир министрликке суроо бар экендигинин белгиси деп эсептейм. Биз эми жаш демократиябыз да, биз өнүгүп келе жаткан мамлекетбиз. Президенттик бийликке жаңы эле өттүк. Албетте, баягы өзгөчөлүктөрү бар, кыйынчылыктар бар. Менин оюмча, президент ар бир жерге барган сайын эмне үчүн мындай маселелер чыгып жатат деп тажрыйба топтоп жатат. Эмне үчүн ушундай болуп жатат дегенден кийин, албетте, башкаруу системасында өзгөрүүлөр болот деп ойлойм, финансылык каржылоо маселесинде өзгөрүүлөр болот деп ойлойм", - деди Алмазбек Акматалиев.
Канткен менен президент өзү да жергиликтүү жетекчилердин жай иштеп жатканын моюнга алып, жаңы жылдан кийин аларга чара көрүлөрүн эскертти. Ал бул тууралуу 28-октябрда жергиликтүү медиалардын бирине билдирди:
"Жаңы жылдан кийин 2026-жылдын жыйынтыгын чыгарабыз. Ошондо элдин көйгөйлөрүн, илгертен бери чечилбей келе жаткан талаш-тартыш маселелерин создуктуруп жүргөн облус жетекчилерине, губернаторлорго эле эмес, бардык жетекчилерге чара көрөбүз".
Жолугушуулар үгүт эмеспи?
Садыр Жапаров 2026-жылдын апрель айынан бери эл аралап, жарандардын арыз-муңун угууда. Анын алдыдагы президенттик шайлоого баруу ниетин билдиргенин эске алганда, бул иш-аракеттер шайлоо алдындагы үгүткө жатып калбайбы деген суроолор да жаралууда.
"Үгүткө жатабы деген суроо чыгып жатат. Бул жолугушуулар үгүткө жатпаса да, жатса да үгүт деп кабыл алынат. Президенттин командасына болсо, агитация кылса да, кылбаса да, кылбаган болот.
Муну чечүүнүн бир гана жолу бар деп ойлойм. Бул ошол мөөнөтүнөн мурда үгүт жүргүзүү деген системаны, мыйзамды жокко чыгарыш керек да, башка атаандаштар, талапкерлер болобу, дегеле ким болбосун, президенттикке ат салышам дегендердин баары каалагандай аракеттерин кыла бергени туура. Анткени, бул жерде конкреттүү математика сыяктуу так, даана эреже, аныктай ала турган мүмкүнчүлүк жок. Иштеп турган президент, албетте, аракетин кылат. Анын ар бир аракети үгүт сыяктуу көрүнө берет", - деди Эмилбек Жороев.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров соңку маегинде анын эл менен жолугушууларын президенттик шайлоо алдындагы үгүт катары кабыл алуу туура эмес экендигин баса белгилеген. Ал өзүнүн президент катары ыйгарым укуктарын аткарып жатканын айткан.
"Элдин алдына өзүм чыгып, көйгөйлөрүн угуп, мамлекеттик органдардын ишин көзөмөлдөп жатам. Бул – менин президент катары түздөн-түз милдетим. Эгер мен эл менен жолугушууларда "Мага добуш бергиле, шайласаңар тигини же муну жасап берем" десем, анда үгүт жөнүндө сөз кылууга негиз болмок. Бирок мен эч кимди өзүмө добуш берүүгө чакырган жокмун. Мыйзам талаптарын жакшы билем жана аларды сактап жатам. Башка талапкерлерге тоскоолдук жаратуу же кимдир бирөөгө басым көрсөтүү ниетим жок", - деген Садыр Жапаров.