Сиз бул сайттын азыраак дата коротуучу, тексттен турган версиясын көрүп жатасыз. Сайттын бардык сүрөттөрдү жана видеолорду камтыган негизги версиясын көрүңүз.
Туманбаев "Манас" орденин, Мирбек Атабеков "Эл артисти" наамын алды
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Эмгек баатыры", президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев I даражадагы "Манас" ордени менен сыйланды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Мындан тышкары Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, ички иштер министри Улан Ниязбеков да I даражадагы "Манас" орденине, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов III даражадагы "Манас" орденине ээ болушту.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев баштаган бир нече чиновник "Данк" орденин алды. Дагы бир нече адам "Ардак" медалы менен сыйланды.
Бул арада ырчысы Мирбек Атабековго "Кыргыз Республикасынын эл артисти" наамы ыйгарылды.
Жарлыкта сыйлыктар Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитин, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана Кыргызстандын эгемендигин белгилөөгө арналган иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө кошкон салымы, кесиптик ишиндеги жетишкендиктери үчүн берилгени айтылат.