Сиз бул сайттын азыраак дата коротуучу, тексттен турган версиясын көрүп жатасыз. Сайттын бардык сүрөттөрдү жана видеолорду камтыган негизги версиясын көрүңүз.
"Азыр эстесем, көзүмө жаш келет". Курулушу бүтпөгөн үйүн күткөн мигранттар
Ош шаарындагы "Элит Строй Сити" курулуш компаниясынын "Манас" турак жай комплексинен батир алган үлүшчүлөр үйлөр белгиленген мөөнөттө бүтпөй жатканына нааразы. Алардын айрымдары батирдин акчасын толук төлөшкөнүн, бирок азыркыга чейин батирде ижарада жашап келишкенин айтышат. Курулуш компаниясы курулуш кийинки жылы аякташы мүмкүн экенин билдирүүдө.
Үлүшчү Мираида Түркбаева жолдошу менен Орусияда иштеп жүрүп, 2022-жылы "Элит Строй Сити" компаниясынан батир алган. Үй алуу үчүн чет өлкөдө эмгектенип, кичинекей балдарын жакындарына калтырууга аргасыз болушкан.
Ал балдарынан алыс жүрүп акча топтоо оңой болбогонун айтып, компаниядан курулушту тездетүүнү өтүнөт.
"2022-жылы үй алып эле кайра Орусияга кеткенбиз. Ал жакта ашканада иштедик. Ал жактагы кыйынчылыктар, балаңа болгон сагыныч оор. Кичинекей баланы таштап кетүү эне үчүн андан да оор. Тырмактай балдарымды таштап коюп Орусияда иштеп жүргөнүмдү эстесем, көзүмө жаш келет. Биз ал акчаларды кандай мээнет менен таптык. Азыр эстесем, көзүмө жаш келет. "Элит Строй Сити" курулуш компаниясынан үйүбүздү эртерээк бүтүрүп берүүсүн суранат элек", - деди Мираида Түркбаева.
"Акчасын толук төлөп, азыр да батирде ижарада жашап жүрөбүз"
"Манас" турак жай комплексинен батир алгандардын арасында Орусияда эмгектенип жүрүп акча топтогондор көп. Алардын айтымында, курулуш иштери жай жүрүп, үйлөр келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө бүтпөй калган.
Үлүшчү Кудайберди Маликов 2023-жылы келишим түзүп, батирдин акчасын толук төлөгөнүн айтат. Бирок анын үй-бүлөсү азыркыга чейин батирге кире элек.
"Москвада 10 жыл жүрдүм. Эл катары "Элит Стройдон" үй алганбыз. Мен 2023-жылы келишим түзгөм. 2024-жылдан бери ушул көрүнүш. Курулуш алдыга жылбай жатат. Акчасын төлөп бүткөнбүз, бир тыйын карызыбыз калган жок. Азыр үй-жайыбыз жок, батирде ижарада жашап жүрөбүз", — деди ал.
Үлүшчүлөрдүн айтымында, алар үйдү 2025-жылдын төртүнчү кварталында тапшыруу пландалганын айтышкан. Бирок белгиленген мөөнөттө батирлер берилген эмес.
Курулуш компаниясы эмне дейт?
"Элит Строй Сити" курулуш компаниясынын аткаруучу директору Бекбол Али уулу курулуштун кечеңдешин инфляция жана рублдин кунунун төмөндөшү менен түшүндүрдү. Анын айтымында, турак жайлар социалдык долбоор катары салынып, батирлер салыштырмалуу арзан баада сатылган.
"Ал жердеги үйлөр социалдык долбоор болгон. Батирлер 280 доллардан баштап 300, 350, 400 долларга чейин сатылган. Анан инфляция болуп, иштер бир аз кармалды. Экинчиден, рубль түшүп кеткен учурда үлүшчүлөрдүн айрымдары рублдин курсу бир сомго чыксын, анан төлөйбүз деген. Көпчүлүгү мигранттар. Жайында, иш жүрө турган маалда акчалар жакшы которулбай калган", - деди ал.
Компаниянын өкүлү курулуш иштери толук токтоп калбаганын, учурда жумушчулар объектте иштеп жатканын белгиледи. Анын айтымында, жаңы график түзүлүп, турак жай комплексин кийинки жылы бүтүрүү пландалууда.
Мэрия курулуш компаниясын көзөмөлгө алганын айтууда
Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Мирлан Казыбаевдин айтымында, "Элит Строй" компаниясынын курулушу бүтө элек объектилери көзөмөлгө алынган.
Анын белгилешинче, компанияга карата чара көрүү маселеси каралышы мүмкүн. Бирок жетекчини камакка алуу курулуштун токтоп калышына алып келиши ыктымал.
"Камап койсоң, үй бүтпөй калат. Же ошол керекпи? Ал камакта болгондо эсептери жабылат, баары токтоп, усталар иштебей калат. Ошондой жолго барбаш үчүн биз алардан милдеттеме алдык. УКМКга, прокуратурага тил кат жазып беришти. Жылдын аягына чейин жыйынтык көрсөтөбүз деп убада беришкен", - деди Мирлан Казыбаев.
Үлүшчүлөр курулуш иштери тездетилип, келишимде көрсөтүлгөн батирлерин мүмкүн болушунча эртерээк алууну күтүп жатышат. Ал эми курулуш компаниясы объектти кийинки жылы бүтүрүүнү пландап жатканын билдирүүдө.