Сиз бул сайттын азыраак дата коротуучу, тексттен турган версиясын көрүп жатасыз. Сайттын бардык сүрөттөрдү жана видеолорду камтыган негизги версиясын көрүңүз.
"Картөшкө жүктөп алгандай": Автобустар жүргүнчүлөр үчүн канчалык коопсуз?
Соңку күндөрү Бишкекте автобустардын катышуусунда бир нече жол кырсыгы катталды. Шаар мэри Айбек Жунушалиев автобус айдоочуларын жол эрежелерин бузганы жана транспортко жоопкерчиликсиз мамиле кылганы үчүн сынга алды.
"Силер ушундай мамиле кыла турган болсоңор, автобус деле калбай калчудай. Мэрия өз тарабынан милдеттенмелерди толук кандуу аткарууга аракет кылып жатат. Автобустарды алып жатабыз, камсыздап жатабыз. Эмнеге силер өзүңөргө алган милдеттенмелерди аткарбай жатасыңар? Кечээ бир күндө үч автобусту сүздүңөр. Үч автобустун тең айдоочулары күнөөлүү. Бишкек шаарынын тургундарынын ден соолугу, алардын мүлкүнүн коопсуздугу бар. Мындан кийин ар бир айып пулду айдоочу өз чөнтөгүнөн төлөсүн. Шаардыктарга кызматты сапаттуу, тиешелүү деңгээлде көрсөтүп, жол эрежелерин баары бирдей сакташы керек",- деди мэр.
Мындан тышкары, автобустарга WhatsApp номерлери чаптала турганы айтылды. Жүргүнчүлөр айдоочулардын жол эрежелерин бузган учурларын фото же видеого тартып, ошол номерлерге жөнөтө алышат.
Коомдук транспортко күнүгө миңдеген адам адам түшөт. Алардын жолдогу коопсуздугу айдоочулардын колунда. Жүргүнчүлөрдөн алар коомдук траспортортто өздөрүн канчалык коопсуз сезе турганын сурап көрдүк.
"Жакшы эле айдашат, жакшы эле жүрүшөт. Баары ойдогудай",- деди жүргүнчүлөрдүн бири. Дагы бир жүргүнчү "транспорт көбөйсө жакшы болмок. Батпай жатабыз",- деген пикирин айтты.
"Айрымдар картөшкө жүктөп алгандай жулкунуп айдайт",- деп сындады аял. Дагы бири "коопсуздукту ойлобойт. Башка автобустан, унаадан ашайын деп бат айдашат",- деп наарызы болду.
Иляз Кыргызбаев төрт жылдан бери №34 автобусту айдайт. Анын айтымында, айдоочулар күнүнө 15-16 саат иштеп, толук кандуу эс алууга жетишпей калышат. Жүргүнчүлөрдүн көптүгү, шаардагы тыгындар жана жеңил унаа айдоочуларынын жол эрежелерин сактабаганы да алардын ишин кыйындатып, кырсыкка кабылуу коркунучун жогорулатат.
"Автобус айдоочуларын эл чарчатат. Тыгын, жүргүнчүлөр көп. Кээ бирлери айдоочунун сөзүн укпай, айткан талаптарын аткарышпайт. Айдоочулар катуу чарчап калышат. Андан сырткары, айдоочулар жетишпейт, автобустарды оңдоо да талаптагыдай жүргүзүлбөйт. Жеңил унаа айдагандар жол эрежелерин сактабайт, жол беришпейт. Биз күнүнө 15-16 саат иштейбиз. Эртең менен саат төрттө жумуш башталып, кечки тогуз-онго чейин уланат. Андан кийин автобусту жууп-тазалап, өткөрүп бергенге чейин убакыт кетет. Ошентип, айдоочу жакшы эс албай калат",- дейт №34 автобустун айдоочусу Иляз Кыргызбаев.
Бишкекте коомдук транспорттун катышуусунда жол кырсыктары байма-бай катталып келет. Шаар тургундарынын арасында автобус айдоочуларына жана жалпы эле коомдук транспорттун ишине нааразы болгондор да аз эмес. Коомдук транспорт катышкан кырсыктардын кесепетинен адамдар жаракат алып, атүгүл өмүрү кыйылган учурлар да болгон.