Сиз бул сайттын азыраак дата коротуучу, тексттен турган версиясын көрүп жатасыз. Сайттын бардык сүрөттөрдү жана видеолорду камтыган негизги версиясын көрүңүз.
Вашингтондогу атышуудан бир адам каза болуп, төртөө жаракат алды. Куралчан адам өзүнө кол салды
Бейшемби күнү эртең менен Вашингтондун Логан Серкл районунда, Ак үйдөн бир жарым чакырым алыстыкта жайгашкан жерде болгон атышууда бир адам каза болуп, төртөө жаракат алды. Ок чыгарган киши полиция менен атышып жатып, өзүнө-өзү кол салды.
"Окуя болгон жерден биз октон жаракат алган төрт адамды таптык, алар ооруканаларга жеткирилди, бири каза болду", - деди Вашингтон полициясынын башчысынын милдетин аткаруучу Жефф Кэрролл брифинг учурунда.
Жабырлануучунун жана жаракат алгандардын ким экендиги азырынча ачыктала элек.
Аткан адам 55 жаштагы Мэтт Уэйд Ламберт экени аныкталды. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал АКШнын жараны. Ал кандай ниет менен ок чыгарганы азырынча белгисиз.
Полициянын айтымында, алар куралчан адамды багынып берүүгө көндүрүү үчүн бир саат бою аракет кылышкан, бирок ал жашынып жаткан батирдин эшиги аркылуу коопсуздук кызматкерлерине ок чыгарган.
"Бир нече мүнөт мурун, офицерлер адам менен байланыш түзүүгө аракет кылып жатканда, ок атылганын угушкан. Андан кийин офицерлер батирге күч менен кирген. Ичинде шектүү октон жараткат алганы аныкталган", - деди Метрополитен полициясынын башчысынын милдетин аткаруучу Жефф Кэрролл журналисттерге.
Аткан адам өзүн-өзү өлтүрүүнү көздөгөнбү же кокустан өзүн-өзү атып алганбы, белгисиз. Кол салган адамдын ниети да белгисиз.
Азырынча эмне белгилүү
Жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 8:30 чамасында башталган атышуу тууралуу алгачкы чалуулардан кийин, окуя болгон жерге Метрополитен полиция департаментинин тез жардам тобу жөнөтүлдү.
Аймакты ондогон полиция унаалары курчап алган. Полициянын тик учактары окуя болгон жерди абадан көзөмөлдөп турушкан.
Логан Серкл - Вашингтондун борборундагы жергиликтүү тургундар жана туристтер арасында популярдуу болгон жандуу жана кымбат район.
Аткан адам башында Vida Fitness спорт залынында ок чыгарып, бир адамдын өмүрү кыйылган.
"Адам спорт залдын ичинде окко учуп, каза болду", - деп билдирди полиция.
Анан ок чыгарган адам сыртка чыгып, көп кабаттуу унаа токтотуучу жайды көздөй ок чыгарууну уланткан,- деп билдиришти булактар.
Спорт залдын айланасындагы аймактты укук коргоо органдарыны көзөмөлгө алган. Операцияга Улуттук парк кызматынын, Вашингтондун, Метрополитен полициясынын, ФБРдин, Алкоголь, тамеки, ок атуучу куралдар жана жарылуучу заттар бюросунун (ATF) жана АКШнын Маршалдар кызматынын кызматкерлери катышкан.
"Метрополитен полициясынын өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу тобу окуя болгон жерде. Кырдаалды жөнгө салуу үчүн иштеп жаткан учурда, ал аймактан алыс болуңуздар", - деп айтылат Метрополитен полиция департаментинин билдирүүсүндө.
Күбөлөр эмне дейт?
Окуянын күбөлөрүнүн бири Майкл Карни Washington Sun гезитине билдиргендей, ок атышуу башталган учурда ал Vida Fitness спорт залында машыгып жаткан.
Алгач катуу үн чыкканын угуп, гимнастикалык топ жарылып кетти деп ойлогон. Бирок көп өтпөй жерде жарадар адамды көргөн.
"Баары гүл өстүрүлгөн чоң идиштердин жана башка буюмдардын артына жашынууга аракет кылышты",- деди Карни. Анын айтымында, ошол учурда кимдир бирөө өрт сигнализациясын иштеткен.
Спорт залдан сыртка чыкканда Карни дагы он чакты жолу ок атылганын уккан. Анын айтымында, ок атышуу жакын жердеги кууш көчөдөн угулган.
Дагы бир күбө Washington Sun гезитине билдиргендей, ал аялдардын кийим алмаштыруучу бөлмөсүндө турганда кулак тундура тургандай катуу үндү уккан. Спорт залдан эвакуациялангандан кийин сырттан дагы ок атылган үндөр угулган.
"Алгач бир нерсе урап же кулап кетти деп ойлогом. Кийин гана октун үн экенин түшүндүм",- деди ал.
Биринчи айымдын кортежи
Вашингтондун мэри Мюриэл Баузер АКШнын борборунун түндүк-батыш бөлүгүндө бейшемби күнү эртең менен болгон ок атышуу тууралуу Ак үйгө кабар берилгенин билдирди.
"Ооба, мен адатта ушундай учурларда жасаганымдай эле, Ак үйгө да маалымат бердим",- деди Баузер журналисттерге.
Мелания Трамптын басма сөз кызматынан билдиришкендей, ок атышуудан улам коопсуздук кызматкерлери биринчи айымдын кортежинин багытын өзгөртүүгө аргасыз болушкан. Кортеж жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 8:22де Ак үйдөн чыккан. Бул ок атышуу башталган учурга туш келген. Ок атышуу кортеж өткөн жерден бир жарым чакырымдай аралыкта болгон.
Мелания Трамп Мэриленд штатындагы Эндрюс биргелешкен аскердик базасына бара жаткан. Ал жерден АКШнын вице-президентинин жубайы Уша Вэнс менен бирге Алабама штатындагы Форт-Ракер аскердик базасына учуп кетиши керек болчу.
Ал жерде Ыраазычылык күнүнүн алдында аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү жана башталгыч класстардын окуучулары менен жолугушуулар пландалган.
Маалыматтарга караганда, эртең мененки кыска убакытка созулган кечигүүдөн тышкары, АКШнын биринчи жана экинчи айымдарынын пландарына өзгөртүү киргизилген эмес.