Сиз бул сайттын азыраак дата коротуучу, тексттен турган версиясын көрүп жатасыз. Сайттын бардык сүрөттөрдү жана видеолорду камтыган негизги версиясын көрүңүз.
Мурдагы элчи Мамбетжунус Абылов президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз жазды
Бүгүн, 12-ноябрда, мурдагы элчи Мамбетжунус Абылов президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө БШКга арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы билдирди.
Маалыматка караганда, ал өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде арыз жазды.
12-ноябрга карата БШКга президенттикке талапкерлигин көрсөтүү боюнча жалпысынан он арыз келип түшкөн.
72 жаштагы Мамбетжунус Абылов мурдагы мамлекеттик ишмер жана дипломат. Ал Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясын жетектеп, Өзгөчө кырдаалдар министри болуп иштеген. Кыргызстандын Малайзиядагы жана Түркиядагы элчиси кызматтарын аркалаган.
2010-жылдан тартып Абылов оппозициялык кыймылдардын өкүлдөрүнүн бири катары коомчулукка таанылган, "Эл үнү" партиясын жетектеген.
2022-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара маселеси чечилип жатканда Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы жерлердин Өзбекстанга өтүшүнө каршы болгон активисттердин бири болгон.
2022-жылдын 26-октябрында Абыловдун үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, ага "Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
2024-жылдын 14-июнунда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча 27 адамдын 22син актаган. Алардын арасында Мамбетжунус Абылов да болгон.
Президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Буга чейин президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына Аймен Касенов, Сыймык Жапыкеев, Азамат Эсенбеков, Акай Кыдыров Исхак Масалиев, Садыр Жапаров, Бактыбек Адылов жана Амур Айба Медер арыз менен кайрылган. Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.