Сиз бул сайттын азыраак дата коротуучу, тексттен турган версиясын көрүп жатасыз. Сайттын бардык сүрөттөрдү жана видеолорду камтыган негизги версиясын көрүңүз.
Абу-Дабидеги сүйлөшүүлөр жыйынтыкталды: туткундар алмашылат
Абу-Дабиде Орусия, Украина жана АКШнын катышуусунда үч тараптуу сүйлөшүүлөр аяктады. Бул акыркы тогуз ай ичиндеги алгачкы сүйлөшүү болду. Азырынча бир гана макулдашуу белгилүү болду. Ал кезектеги аскер туткундарын алмашуу алмашуу. Бирок анын шарттары азырынча жарыялана элек. АКШнын делегациясы туткун алмашуу маселесин Орусиянын жана Украинанын президенттери менен өз-өзүнчө талкуулоону пландап жатат. Аймактык маселе да көтөрүлдү, бирок бул боюнча эч кандай жылыш болгон жок.
Эгер сүйлөшүүлөрдүн биринчи күнүндө делегациялар төрт сааттан ашык убакыт баарлашса, экинчи күнкү жолугушуу кыйла кыска болду. Орусиянын, Украинанын жана АКШнын делегацияларынын катышуусундагы жолугушуу болжол менен эки саатка созулду. Андан соң украиналык жана америкалык өкүлдөр Европа өлкөлөрүнүн жана Евробиримдиктин өкүлдөрү менен жолугушууга жөнөп кетишти. Ошондуктан үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарына алгач Москва өкүлдөрү комментарий берүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Орусиянын делегациясынын башчысы, өлкө президентинин жардамчысы Владимир Мединский жолугушуунун жыйынтыктарына комментарий берип жатып, "Европадагы коопсуздуктун комплекстүү системасы" сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы болгонун ырастады. Мединскийдин айтымында, азыр бул система начар иштеп жатат жана Украинадагы окуялар анын "ириңдеген жарасын ачып койду". Ал талкуунун чоо-жайын ачыкка чыгарган жок. Анын түшүндүрүшүнчө, конкреттүү макулдашууларга жетишилмейинче, сүйлөшүү процессинин майда-бараты коомчулук алдында талкууланбайт.
Бул теманы Абу-Дабиде талкуулоону АКШ сунуштаган. Бул Москванын талаптарына туура келет. Москва келишим түзүлмөйүнчө согуштук аракеттерди токтотууну четке кагып келет. Ал эми Киев тескерисинче, башка шартты талап кылууда. Украина президенти Владимир Зеленский бир күн мурун Киевдин позициясын эске салып, адегенде "согушту токтотуу", экинчи баскычта Украинанын коопсуздук кепилдиктерин талкуулоо, үчүнчү баскычта болсо "Европадагы жана дүйнөдөгү коопсуздук маселелери боюнча" диалог жүргүзүү зарылдыгын билдирген.
"Биз америкалык тараптын катышуусунда пикир алмаштык. Айрым маселелер боюнча түшүнүшүү болду, айрымдары боюнча болгон жок. Диалог улантылат", - деди Мединский.
Ошол эле учурда ал америкалык делегацияга ыраазычылык билдирип, анын максаты "сүйлөшүү эмес, натыйжага жетишүү" экенин белгиледи.
Орусиянын делегациясынын башчысы буга чейин тараган маалыматтарды ырастап, сүйлөшүүлөрдө аскер туткундарын алмашуу боюнча макулдашууга жетишилгенин билдирди. Алмашуунун шарттары кийинчерээк жарыяланарын айтты.
Мединский Москва келечектеги сүйлөшүүлөргө Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусун каалабай турганын да ырастады. Ал эми АКШ алардын катышуусун талап кылууда. Абу-Дабиге келген Европа өлкөлөрүнүн жана Евробиримдиктин өкүлдөрү тууралуу сөз кылып жатып, ал: "Алардын бул жерде кандай макамда жүргөнүн анча түшүнбөй турабыз", - деди жана аларды "туристтер" деп атады.
Ал эми Украинанын делегациясын жетектеген Украинанын Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Рустем Умеров Абу-Дабиде коопсуздук маселелери боюнча "чоң прогресске" жетишилгенин билдирди.
Делегациянын дагы бир мүчөсү, Жогорку Рададагы "Эл кызматчысы" фракциясынын башчысы Давид Арахамия туткундарды алмашуу боюнча макулдашуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле ал келечекте үч тараптуу сүйлөшүүлөр Европа өкүлдөрүнүн катышуусу менен көп тараптуу форматка өтөт деген үмүтүн билдирди.
Ал жаңжалды жөнгө салууда жыл аягына чейин олуттуу прогресске жетишилиши мүмкүн деген божомолун да айтты. Анын белгилешинче, Абу-Дабиде "жакшы динамика" байкалып, сүйлөшүүлөр "жакшы түрткү" алды. Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп да жаңжал жакын арада жөнгө салынышы мүмкүн экендиги тууралуу билдирүүлөрдү жасаган.
Абу-Дабидеги сүйлөшүүлөрдө АКШнын атынан катышкан эки өкүлдүн бири Жаред Кушнер экинчи күндүн жыйынтыгы боюнча жолугушуулар абдан жемиштүү болгонун билдирди. Анын айтымында, анда "татаал маселелер", анын ичинде эң оор маселе болгон аймактардын тагдыры талкууланды. Бирок ал бул боюнча кененирээк маалымат берген жок.
Ошондой эле ал бейшемби күнү, 12-ноябрда, АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф менен бирге туткундарды алмашуу маселесин талкуулоо үчүн Москвага барарын жарыялады. Андан кийин алар Дублинге жөнөп, Украина президенти Владимир Зеленский менен жолугушат.
Кушнер европалыктар менен болгон сүйлөшүүлөр да жемиштүү өткөнүн кошумчалап, Европа сүйлөшүүлөр үстөлүндө сөзсүз болушу керек деген пикирин дагы бир жолу кайталады.
Орусия менен Украинанын ортосундагы акыркы туткун алмашуу 23-октябрда болгон. Анда Орусиянын туткунундагы 270 украиналык аскер Украинага, ал эми Украинанын туткунундагы 270 орусиялык аскер Орусияга кайтарылган. 2026-жылдын башынан бери Киев менен Москва туткундарды алмашуу боюнча дээрлик жыйырма жолу макулдашууга жетишип, алмашууларды жүргүзгөн.