Сиз бул сайттын азыраак дата коротуучу, тексттен турган версиясын көрүп жатасыз. Сайттын бардык сүрөттөрдү жана видеолорду камтыган негизги версиясын көрүңүз.
Франция Иранды супермаркеттердеги муздаткычтарга киберчабуул жасады деп айыптады
Октябрь айында өлкөдөгү супермаркеттердин муздаткычтарына жана тоңдургучтарына жасалган киберчабуулдун артында Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу турат,- деп билдирди Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ноэль Барро.
"Бул биздин аймакта диверсиялык максатта жасалган алгачкы ири масштабдагы киберчабуул болду. Ал Франциянын улуттук кызыкчылыктарына жана калктын коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаратты",- деди министр Парижде өткөн маалымат жыйынында.
Анын айтымында, бул киберчабуулга тиешеси бар адамдардын баарына каршы Европа биримдигинин деңгээлинде санкциялар киргизилет.
Франциянын Тышкы иштер министрлигине Париждеги Иран элчиси чакыртылып, ага окуяга байланыштуу нааразылык айтылган.
Барро Франция мындай окуялардын кайталанышына жол бербөө үчүн зарыл болгон башка да чараларды көрөрүн кошумчалады.
Иран азырынча француз министринин билдирүүсүнө комментарий бере элек.
Киберчабуул 11-12-октябрда болуп, Франция боюнча жүздөгөн супермаркеттерге таасирин тийгизген. Хакерлер муздаткыч жабдууларынын температурасын жөнгө салган программаны көзөмөлгө алып, анын температурасын жогорулатышкан.
Жабыркаган соода түйүндөрүнүн биринин маалыматына караганда, муздаткычтардын ичиндеги температура 50 градуска чейин жеткен. Кесепетинен азык-түлүктөр жараксыз болуп, келтирилген чыгым миллиондогон еврого бааланган.
Киберчабуулдан Coopérative U соода тармагынын 100дөн ашуун супермаркети, Intermarché тармагынын жана ага караштуу Netto брендинин 180 дүкөнү жабыркаган.
Мындан тышкары, Carrefour, Monoprix жана E.Leclerc сыяктуу ири соода түйүндөрү да чабуулга кабылган. Хакерлер Даниянын Danfoss компаниясы иштеп чыккан программаны бутага алышкан. Ал соода түйүндөрүнө муздаткыч жабдууларын алыстан башкарууга мүмкүнчүлүк берет.
2-ноябрда Европанын дагы тогуз өлкөсүндө ушундай эле киберчабуулдар катталган. Алар Финляндия, Эстония, Швеция, Бельгия, Нидерланддар, Люксембург, Ирландия, Италия жана Португалия. Бул жолку чабуулдан 100дөн ашуун дүкөн жабыркаган.
Дүйшөмбү күнү Париждин прокурору Лор Бекко супермаркеттерге жасалган киберчабуул боюнча тергөө башталганын билдирди. Тергөө КСИРдин киберборбору менен байланышы бар "Шахид Кавех" хакердик тобуна жана анын жетекчилигиндеги эки адамга карата жүргүзүлүүдө.
Франциянын бийлиги Ирандын жоопкерчилиги тууралуу тыянакка кандай далилдердин негизинде келгенин азырынча ачыктаган жок. Киберчабуулдарды ким уюштурганын аныктоо өтө татаал, анткени хакерлер өздөрүнүн кайсы жерде экенин жашырууга аракет кылышат.