Сиз бул сайттын азыраак дата коротуучу, тексттен турган версиясын көрүп жатасыз. Сайттын бардык сүрөттөрдү жана видеолорду камтыган негизги версиясын көрүңүз.
Ала-Арчада дайынсыз жоголгон Амир Кунакуновдун сөөгү табылды
Ала-Арча улуттук жаратылыш паркында 7-ноябрда дайынсыз жоголгон 14 жаштагы Амир Кунакуновдун сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Министрликтин маалыматына караганда, куткаруучулар өспүрүмдүн сөөгүн 9-ноябрда саат 16:00 чамасында "Электро" чокусунун аймагынан табышкан.
"Баланын сөөгүн алып түшүү үчүн тик учак жөнөтүлдү", - дешти Би-Би-Сиге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.
Алдын ала маалымат боюнча, Амирдин сөөгү таштардын арасынан табылган. Анын өлүмүнө үшүп калуу себеп болушу мүмкүн деген божомол айтылууда. Өлүмдүн так себеби азырынча белгисиз.
Жоголгон өспүрүмдүн тууганы Султан Карынбаев буга чейин Би-Би-Сиге берген маегинде Ала-Арчада куткаруучулар менен бирге Амирдин төрт тууганы да издөө иштерине катышып жатканын билдирген эле.
"Амирди бүгүн эртең мененки саат 8.00дөн бери издеп жатабыз. Биз менен ӨКМдин эки издөө тобу кошо жүрөт. Түшкө чейин жыйырма чакырымдай жерди кыдырып чыктык, бирок Амирди таба элекпиз", - деген эле ал.
ӨКМ тарабынан издөө-куткаруу иштерин жетектеп жаткан лейтенант Эльдар Эсенбековдун айтымында, операцияга жалпы 23 адам тартылды. Алардын 14ү ӨКМдин, бешөө милициянын кызматкерлери, калгандары - Амирдин жакындары.
"Куткаруучулар түн ичинде Адыгене чокусунун бир тарабын тинтип чыгышкан. Бүгүн экинчи тарабын карап жатабыз", - деген эле Эсенбеков Би-Би-Сиге.
Амир кандай жагдайда жоголгон?
Амир 7-ноябрда Ала-Арчада өтө турган чуркоо мелдешине катышууну каалап, апасынан уруксат сураган. Апасы макул болбогондуктан, ал телефон аркылуу агасына байланышып, андан уруксат алгандан кийин үйдөн чыгып кеткен.
Бирок жашы жете элек болгондуктан, уюштуруучулар аны мелдешке катыштыруудан баш тартышкан. Андан кийин Амир тоого өз алдынча кеткен.
Жакындарынын маалыматына караганда, аны ошол күнү саат 14:00 чамасында "Электро" унаа токтотуучу жайынан көрүшкөн. Кечинде, болжол менен саат 19:00–20:00дө, Амир Өзгөчө кырдаалдар министрлигине телефон чалып, адашып калганын билдирген. Андан кийин аны менен байланыш үзүлгөн.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, Амирдин жоголгону тууралуу маалымат милицияга 8-ноябрда түшкөн. Анын акыркы жайгашкан жери 2GIS тиркемесиндеги геолокация аркылуу "Электро" чокусунун аймагында аныкталган.
Ал эми жакындарынын маалыматы боюнча, 8-ноябрда таңкы саат 05:05те өспүрүмдүн телефонунан Аламүдүн районундагы Восток айылында сигнал катталган. Кийин байланыш кайра үзүлгөн.
Издөө учурунда Амирдин рюкзагы табылганы кабарланган. Бирок ал телефонунан акыркы сигнал катталган жерден кыйла алыс болгон.
9-ноябрда президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги астында издөө иштерин күчөтүү боюнча онлайн жыйын өткөнүн билдирген.
Анын маалыматына караганда, операцияга ӨКМ кызматкерлери, тажрыйбалуу альпинисттер жана дрондорду колдонгон ыктыярчылар тартылды. Ошондой эле издөө иштерине тик учак, дрондор да тартылган эле.