Сиз бул сайттын азыраак дата коротуучу, тексттен турган версиясын көрүп жатасыз. Сайттын бардык сүрөттөрдү жана видеолорду камтыган негизги версиясын көрүңүз.
Тилекмат Кудайберген уулу саламаттыгы начарлаганын билдирди, жактоочусу президентке ачык кат жолдоду
- Author, Айдай Аманкулова
- Role, Би-Би-Си кабарчысы
- Published
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда активист Тилекмат Кудайберген уулунун баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу өтүнүчү четке кагылды.
Судья Уланбек Туманбаев активист оор кылмыш жасоого айыпталып жаткандыктан, үй камагына чыгарылса, ал качып кетиши ыктымал деген жүйө менен адвокаттардын өтүнүчүн канааттандырган жок.
Бул ишке байкоочу катары келип жаткан укук коргоочу Рита Карасартова соттор менен прокурорлорду өз ишин мыйзам чегинде аткарбай жатат деп айтыптады:
"Азыр көп элдер [Тилекмат Кудайберген уулу] тилин тыйсын деп жатышат. Эртең өзүңдүн балаң түрмөгө отуруп калганда чуркап келесиң. "Бир жылдан ашык жатат, жети айдан ашык жатат, эмнеге мыйзам иштебейт" деп. Бул да бирөөнүн баласы. Жасаган кылмышы болсо, өз мөөнөтүндө соттогула. Отурат прокурор, эч нерсе кылбай. Күбөлөрдү алып келгиле десе, "келбей жатпайбы, телефонун албай жатпайбы" деп. Сага прокурор погонун ким илди эле?! Бизди "Кемпир-Абад иши" боюнча соттоп жатканда да ошол бир жылдык мөөнөткө такап туруп өкүмдү чыгарган. Андан ашырбайлы деп. Бул жерде бир кишинин ишин эмнеге мынчалык созуп жатышат?!"
Иш Ленин райондук сотуна 2025-жылы 10-октябрда түшкөн. Ушул тапта айрым күбөлөр жана эксперттер сотко келбей, иш создугууда.
Кийинки отурум 10-ноябрда өтөт.
"Ооруну басуучу дарылар менен жашап жатам"
Бүгүнкү сот отурумунда конвойлордун бири Тилекмат Кудайберген уулу өзүн жаман сезип жатканын билдирди. Ал Би-Би-Синин суроосуна кыскача мындай деп жооп узатты:
–Өзүңүздү жаман сезип жатасызбы?
–Эки аптадан бери өзүмдү жаман сезип жатам.
–Эмне болду эле?
–Ичим ооруп жатат. Азыр ооруну басуучу дарылар менен эле жашап жатам.
Отурум бүткөндөн кийин Ленин райондук сотуна "тез жардам" чакырылды. Айыпталуучунун жакындары анын кан басымы жогорулап кеткенин билдиришти.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы азырынча Тилекмат Кудайберген уулунун саламаттыгы боюнча комментарий бере элек.
Ал тапта активисттин жакындары эки баласы атасын сагынып куса болуп жатканын айтышууда.
"Эркек баласы ондо, кичүүсү жетиде. Алар абдан сагынып жатышат. Эки жыл болоюн деп калды, атасын көрүшө элек. Ал гана эмес телефон менен байланыш боло элек. Сурап жатышат. Баласы, кызы [атасынын] кийимдерин кучактап укташат. Куса болуп жатышат", – деди айыпталуучунун карындашы Перизат Кудайбергенова.
Адвокат президентке кайрылды
Бул арада активист Тилекмат Кудайберген уулунун жактоочусу Асел Аргымбаева президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Соттун судьясы Медербек Сатыевге ачык кат жолдоп, мыйзам бузуу фактыларына көңүл бурууну өтүндү.
"Мен соттон иштин маңызына жана далилдерге баа берүүгө кийлигишүүнү өтүнбөйм. Бул соттун гана өзгөчө ыйгарым укугуна кирет. Кайрылуу мыйзамда так көрсөтүлгөн бир гана маселеге, башкача айтканда, камакта кармоо мөөнөтүнө байланыштуу.
Тилекмат Кудайберген уулу 2025-жылдын 19-апрелинде кармалып, ошондон бери камакта кармалып келет. Кылмыш иши 2025-жылдын 10-октябрында Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна келип түшкөн.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүнө ылайык, иш сотко келип түшкөн күндөн тартып камакта кармоо мөөнөтү ар бир жолу эки айга чейин узартылышы мүмкүн, бирок жалпы мөөнөт бир жылдан ашпоого тийиш. Бул мөөнөт аяктагандан кийин аны узартууга жол берилбейт жана айыпталуучу камакта кармоо жайынын администрациясы тарабынан прокурорго кабарлоо менен токтоосуз бошотулууга тийиш", - деп жазды Аргымбаева.
Тилекмат Кудайберген уулу 40 жашта. Нарын облусуна карашатуу Кочкор районундагы Чоң-Туз айылында туулган, бирок Ысык-Көлдө чоңойгон. Үй-бүлөлүү. Эки баласы бар. Жакындарынын айтымында, ал ар кыл жумушта иштеген, миграцияда дагы жүргөн.
Тилекмат Кудайберген уулунун ысымы коомчулукка 2020-жылы, өлкөнү Сооронбай Жээнбеков башкарып турганда белгилүү боло баштаган. Ал 5-6-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразылык билдирген. Ушул эле жылы декабрда "Жетим-Тоону коргоо" боюнча кыймыл түзгөн. Жакындары дал ошондон тарта ага каршы кескин куугунтуктоо башталганын белгилеп келишет. Кийин ал "Ханституцияга каршы" деп аталган топко мүчө болгон.
Активит 2021-жылы "Республика" партиясынын мүчөсү болгон. 2021-жылы Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоодо "Туран" партиясынан атынан талапкерлигин койгон.
Тилекмат Кудайберген уулу Фейсбуктагы баракчасы аркылуу бийликти күч менен басууга чакырык жасаган деген айып менен 2021-жылы 15-мартта кармалган.
Ушул эле жылы августта Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту аны 1,5 жылга абакка кескен. Сот аны Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар", "Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу" беренелери менен күнөөлүү деп тапкан. Тергөө Куренов 2020-жылы "Республика" партиясынын атынан шайлоого катышканда шайлоочулардын добушун сатып алган деген кине койгон.
Активист жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу 2022-жылы сентябрда эркиндикке чыккан. Ал өзү коюлган айыптарды четке каккан.
Кийинчерээк ал Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга алмаштырууга каршы чыккан активист жана саясачылардын катарына кошулуп, нааразылык билдирген.
Ошол эле жылы активист-саясатчылар тобунун отузга жакын мүчөсүн кармаган маалда Тилекмат Кудайберген уулу Казакстанда жүргөн жеринен Орусияга өтүп, андан ары АКШдан башпаанек алган.
Кошмо Штаттара жашап жатканда да ал кыргыз бийлигин сындап келген. 2024-жылы 10-январда УКМК аны "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен айыптап, сыртынан камакка алуу ордерин чыгарган.
Атайын кызмат 2025-жылдын 19-апрелинде активист Тилекмат Кудайберген уулу Бириккен Араб Эмираттарынан кармалган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кудайберген уулу кармалган учурда ал конституциялык түзүлүшкө каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп билдирген.
"Тилекмат Кудайберген уулу республиканын чегинен сырткары жүргөндө өзүнүн шериктери менен биргеликте социалдык тармактардагы көп сандаган аккаунттары аркылуу КРде бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу менен жапырт башаламандык уюштурууга чакырган чагымчыл постторду жана видео кайрылууларды байма-бай жарыялап турган", - деп жазылган УКМКнын маалыматында.
2026-жылдын февралында ага айыбы угузулуп, соттук иши башталган.
Тилекмат Кудайберген уулуна Кылмыш-жаза кодексинин төрт беренеси - Бийликти күч менен басып алуу; Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар; Жапырт баш аламандыктарды уюштуруу; Улут жана аймак аралык кастыкты козутуу боюнча айып тагылууда.
Активисттин жактоочулары да, жакындары да бул айыптоолорго макул эмес.