"Жеңилгенибиздин себебин баары билет": Республикачылар Трампты сындай башташты

    • Author, Жаңылыктар бөлүмү
    • Role, Би-Би-Синин Орус кызматы
  • Published
  • Окуу убактысы: 2 мүнөт

АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Республикачыл партиянын аралык шайлоодогу жеңилүүсүнө пикирин айтып, буга Иран менен согуш себепчи болгонун билдирди.

Вице-президент Х тармагындагы жеке аккаунтуна жазган узун постто буларды белгиледи: "Биздин жеңилип калганыбызга согуш себеп болду. Биз эмне үчүн жеңилгенибизди баары билет. Мындан аркы багыт кандай болушу керектиги жөнүндө ар кандай чынчыл сүйлөшүүлөр мына ушундан башталууга тийиш".

Дональд Трамп да шайлоодон кийинки түнү республикачылардын жеңилүүсүндө февралда Иранга каршы баштаган согуш белгилүү бир ролду ойногонун мойнуна алды.

Сурамжылоолор көрсөткөндөй, бул согушту АКШнын коому колдогон эмес. Согуш бензиндин, дизелдик отундун жана башка биринчи кезекте керектүү товарлардын баасынын өсүшүнө алып келди.

Шайлоо күнү сурамжылоого катышкан америкалыктардын 63% согуштук аракеттерди баштоо туура эмес чечим болгонун айтышты. Респонденттердин төрттөн үч бөлүгү (74%) бул согуш кимге добуш берүү тууралуу чечим кабыл алып жатканда маанилүү фактор болгонун белгилешти.

Жей Ди Вэнс өзүнүн постунда жеңилүүнүн башка да себептерин санап өттү: анын баамында, мисалы, АКШ администрациясынын Израил менен мамилеси да шайлоонун жыйынтыгына таасирин тийгизди. Ал ошондой эле Трамп жүргүзгөн иммиграциялык саясатка карата мекендештеринин нааразычылыгына жооп кайтарып, бул саясатты өзгөртүүнү, тактап айтканда, мыйзамсыз иммигранттарды жалдаган фирмаларга басым жасоону талкуулоого даяр экенин жазды.

Америкалык медиа каражаттары Вэнстин согушка көңүлү жок деген билдирүүлөрдү таратышкан эле. Мындан тышкары, ал Иран менен сүйлөшүүлөргө жигердүү катышкан. Бирок вице-президент жана анын өкүлдөрү ар дайым эл алдына чыгып сүйлөгөндө президенттин багытынан четтебөөгө аракет кылышарын баса белгилеп келишчү.

Жей Ди Вэнс 2028-жылы өтө турган президенттик шайлоодо республикачылардын ыктымалдуу талапкерлеринин бири катары каралууда. New York Times – Siena 12-октябрдан 19-октябрга чейин жүргүзгөн сурамжылоодо республикалык праймеризге катышуу ниетин билдирген респонденттерге бул праймеризде кимге добуш берери жөнүндө суроо узаткан. Респонденттердин эң көп үлүшү, 36% "Вэнске добуш бермекмин" деп жооп кайтарышты. Экинчи орунду мамлекеттик катчы Марко Рубио ээлеген.

Республикачылар арасында Трампка сын күчөдү

Би-Би-Синин кабарчылары кепке тарткан айрым саясатчылар бул шайлоодо республикачылардын жеңишке жетпей калганына Трампты күнөөлөп жатышат.

"Бул жерде Трамптын гана күнөөсү бар. Шайлоочулар президент Трампты толугу менен четке кагышты, - деди Республикачыл партиянын Техастагы лоббистти Билл Миллер. – Бул олуттуу даражадагы катастрофа. Мындайды эч ким күткөн эмес".

Республикачыл партиянын Миннесотадагы саясий кеңешчиси Грегг Пеппин Трамптын шайлоо алдындагы жүрүм-турумуна нааразычылыгын билдирди. "Кайра-кайра каталарды кетире берди. Улам бир штатта адамдар президенттин саясатынан ирээнжий баштаганы көрүнүп турат".

Пеппиндин пикири боюнча, эми партия жаңы багытты карманууга тийиш.

"Мен чын жүрөктөн бир нерсеге ишенем: Трамптын доору бүтүп, бизде жаңы оюнчулар, жаңы күн тартиби жана жаңы багыт болот, мына ушулар менен биз алдыга умтулабыз", - деди саясий кеңешчи.

Республикачыл партиянын аты-жөнүн атагысы келбеген тарапкери Трамптын согуштан улам төмөндөгөн рейтинги, импорттук бажы алымдарынын кесепеттери жана иммиграциялык саясаты айкалышып, мунун баары республикачыларга сокку урганын белгиледи.

"Партияда мунун натыйжасында кыжырдануу ачык байкалууда. Адамдар Трампка абдан ачууланып жатышат", - деди ал.

Белгилүү республикачыл саясатчы, Флориданын кызматынан кетип жаткан губернатору Рон ДеСантис (анын штатында Республикачыл партия губернатордук кызматты да, сенатордук мандатты да сактап калды) бул шайлоонун жыйынтыгы боюнча партия терең чуңкурга түшкөнүн белгиледи. Ошол эле учурда ДеСантистин баамында, "шайлоочулар биринчи кезекте Вашингтондогу республикачылардан жүзүн бурушту, ошондуктан демократтарды алардын көз караштары жана пландары үчүн тандашты деп айтууга болбойт".

Дональд Трамп шаршемби күнү Ак үйдүн бузулган Чыгыш канатынын ордуна бал залы курулуп жаткан аймакта журналисттер менен сүйлөштү. Ал негизинен курулуштун жүрүшү тууралуу кеп кылганы менен ("Шамчырактарды, мрамор полдорду элестетсеңиз"), Иранга каршы согуш жана андан да көбүрөөк деңгээлде күйүүчү майдын кымбатташы республикачылардын шайлоодогу жеңилүүсүнө алып келгенин мойнуна алды.

Ошол эле учурда Трамп эгерде артка кайтуу мүмкүнчүлүгү болсо, "баары бир Иранга каршы согуш баштамакмын", - деп кошумчалады.

Ошондой эле ал дайыма айтып жүргөн сөздөрүн да кайталады: "Эгерде мен бюллетенде болгондо, биз жеңишке жетмекпиз". (ZMa)