Сиз бул сайттын азыраак дата коротуучу, тексттен турган версиясын көрүп жатасыз. Сайттын бардык сүрөттөрдү жана видеолорду камтыган негизги версиясын көрүңүз.
"Супара Чуңкурчак" этно-комплексиндеги өрттөн үч адам иске ууланды
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы "Супара Чуңкурча" этно-комплексинде 4-ноябрга караган түнү өрт чыкты. Кырсыктан үч адам иске ууланып, медициналык жардам сурап кайрылышты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Илим Манапов журналисттерге билдирди.
"Түнкү 01.10дор чамасында ошол өрттүн кесепетинен үч жабырлануучу келди. Үчөөнүн экөөсүнө амбулатордук биринчи жардам көрсөттүк. Үчүнчү баланы ооруканага жаткырдык. Ал дагы иске ууланган. Баары иске ууланышкан. Азыр анн абалы туруктуу, дарылануусун улантып жатат", - деди Клиникалык тез жардам ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Илим Манапов.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өрт түнкү саат 01:15те чектөөгө алынган. Аны өчүрүүгө төрт өрт өчүрүүчү унаа жана тез жардам кызматы тартылган.
Өрттүн токойго жайылышына жол берилген эмес. Учурда тилсиз жоону толук өчүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын ӨКМ билдирет.
Этно-комплекстеги өрт тууралуу күбөлөр тарткан видеолор буга чейин социалдык тармактарда тарап, анда имараттардын биринен жалын чыгып, катуу күйүп жатканы көрүүгө болот.
"Супара Чуңкурчак" этно-комплекси Бишкектен 40 чакырымдай түштүктө, Чуңкурчак капчыгайында жайгашкан. Аны белгилүү ишкер, маркум Табылды Эгембердиев негиздеген.
Быйылкы жылдын биринчи жарымында Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдардын саны көбөйдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин январь–июнь айларындагы ишинин жыйынтыгы чыгарылган коллегиясында маалымдалды.
ӨКМдин маалыматына караганда, 2026-жылдын алгачкы алты айында өлкөдө 33 өзгөчө кырдаал катталган. Былтыр январь-июнда андай кырсыктар саны болгону жетиге жеткен. Быйыл катталган өзгөчө кырдаалдарда 24 адам каза тапканы такталды.
Жылдын алгачкы жарым жылдыгында өлкө боюнча 1 258 өрт кырсыгы катталды.