Сиз бул сайттын азыраак дата коротуучу, тексттен турган версиясын көрүп жатасыз. Сайттын бардык сүрөттөрдү жана видеолорду камтыган негизги версиясын көрүңүз.
"Көптөрдүн "Түндүгү" жок экен". 30 миң кол топтоо иши кандай жүрүп жатат?
Азырынча үч адам президенттикке талапкер болуу максатында БШКга катталган. Учурда алар кол топтоп жатышат. 8-декабрга чейин ар бири 30 миң адамдын колун чогултушу керек. Талапкер болууга арыз бергендер "Түндүк" тиркемеси аркылуу кол чогултуу кыйын болуп жатканын айтышууда. Ал эми БШК мүчөлөрү, тескерисинче, "Түндүк" аркылуу кол топтоо талапкер болом дегендерге жеңил экенин билдирүүдө.
"Мурун 30 миң колду кагаз аркылуу топтосо, азыр онлайн экен, "Түндүк" тиркемеси аркылуу чогултат экенбиз. Бул жерде эң чоң маселе, көп адамдарда "Түндүк" жок экен. Элүүдөн ашкан адамдарда "Түндүк" болбойт экен. Улгайып калган адамдарда түшүнүк аз экен. Ошол жерде оорчулук бар. Экинчиден, "Түндүк" президенттин иш башкармасы Туманбаевдин карамагында. Бул дагы бир суроо жаратат. Үчүнчүдөн, БШК КТРден талапкерлерди колдогула деп түшүндүрүп бербейби?!" - дейт президенттикке талапкерлигин көрсөтүү үчүн арыз жазган Сыймык Жапыкеев.
Талапкер болууга умтулган Аймен Касенов да кол топтоо менен убара. Ал социалдык тармактагы баракчаларында "Түндүк" аркылуу кантип колдоо керектигин түшүндүрүп жүрөт.
"Элдин токсон пайызында маалымат жок экен. Экинчиден, көп элдин "Түндүгү" жок экен. Үчүнчүдөн, маалымат аз болгондуктан, "Түндүккө" киргизип койсом, менин атымдан насыя алып алышпайбы, мага залакасы тийип калбайбы" деп коркушат экен. Ошондуктан БШК кеңири маалымат берсе жакшы болмок", - деди Би-Би-Сиге Аймен Касенов.
Бул арада тил сынагынан өтүп, бирок азырынча БШКга арыз тапшырар-тапшырбасын чече элек саясатчылар да бар. Алардын бири - Исхак Масалиев. Ал каттоодон өтсө, 30 миң колду "Түндүк" аркылуу да, мурдагыдай кагаз жүзүндө да топтойм деп ойлоп жаткан экен:
"Эл катары эле топтойм да. "Түндүктөн" баракча ачылат экен. Бул - бир. Экинчиден, балдарды топтоп, айылдарга, шаарга жөнөтүү керек. Ошентип, бирден-бирден кол жыйналат да".
Бирок Исхак Масалиевди бир аз капа кылып коёт окшойбуз. Мыйзамда кол топтоо санариптик жана кагаз аркылуу да мүмкүн экени жазылганы менен, БШК 23-сентябрда атайын жобо кабыл алган. Ага ылайык, талапкерликке үмүткөрлөр бир гана "Түндүк" аркылуу кол топтой алышат.
Боршайком кол чогултуунун мындай жолу кагаз документ жүгүртүүнү азайтууга, убакытты үнөмдөөгө жана техникалык каталардын тобокелдигин төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берерин билдирүүдө.
"Түндүк" менен топтолгондо талапкерлерге да жеңилдик болот. Анткени кагаз көтөрүп, көчө кыдырганга адамдарды табуу керек да. Экинчиден, текшерүүгө келгенде бир тонна кагазды көтөрүп келип, аны бир жумалап текшерип, анын ичинде эки жолу кол коюп койгондорду, паспортун, адресин туура эмес жазгандарды жумалап текшерип отурчубуз да", - дейт Боршайкомдун мүчөсү Бөдөш Мамырова.
Эрежеге ылайык, жарандар "Түндүк" аркылуу бир нече, керек болсо бардык талапкерди колдой алат. БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова ким кайсы кызматта иштебесин, эч кооптонбой каалаган талапкерди "Түндүк" аркылуу колдоп койсо болорун баса белгилейт:
"Кийин шайлоо убагында белгилүү бир адамга добушумду беришим керек эле, азыр буга макулдук берип койдум деп, эки анжы болбош керек. Добуш башка, макулдук башка. Эч кандай куугунтук да болбойт. Добуш бул - сыр. Бул болсо талапкер болуп катталууга эле берилген макулдук".
3-ноябрга карата Аймен Касенов 8 минден ашуун, Азамат Эсенбеков 4 миңге чукул, Сыймык Жапыкеев 9 миңден ашуун кол топтоду.
БШКга арыз калтыруу үчүн үмүткөрлөрдө шайлоо төгүмүн төккөндүгүн ырастаган документ, башка мамлекеттин жарандыгы жок экендигин тастыктаган декларация, соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымкат, мамлекеттик тилди билүүсү "ортодон жогору" деңгээлинен төмөн эмес сертификат, шайлоо алдындагы программа болуш керек.
Андан кийинки баскычта шайлоочулардын 30 миң колун топтоо зарыл. Кол топтоо 8-декабрда аяктайт.
Конституция боюнча президент болуп 35 жашка чыккан, мамлекеттик тилди билген жана өлкөдө жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргызстандын жараны шайлана алат.
Президенттик шайлоо 2027-жылы 27-январь күнү өтөт.