Байлар көбүрөөк салык төлөшү керекпи? Токаевдин демилгеси

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ири байлык ээлери үчүн салык ставкасын жогорулатуу маселесин талкуулоого чакырды. Анын айтымында, ар бир жаран өлкөнүн өнүгүшүнө өз мүмкүнчүлүгүнө жараша салым кошушу керек.

Жеке менчик Kursiv.media басылмасынын маалыматына караганда, Токаев бул сунушун 28-октябрда парламентте элге кайрылуу жасап жатып билдирген.

"Менимче, ири байлык ээлери үчүн жогорулатылган салык ставкасын киргизүүнү талкуулай турган мезгил келди", - деген ал.

Президент бул сунуш мыйзамдуу жол менен топтолгон мүлккө чектөө коюуну билдирбей турганын белгилеген.

"Мындай чектөө Конституциянын өзүнө каршы келмек. Кеп ар бир жарандын өлкөбүздүн өнүгүшүнө адилеттүү жана өз мүмкүнчүлүгүнө жараша салым кошушу жөнүндө болуп жатат. Бул - адилеттүүлүк маселеси", - деген Токаев.

Ал өкмөт менен парламент - Курултай бул маселени изилдеп, сунуштарын киргизиши керектигин айткан. Kursiv.media басылмасынын кабарында сунушталып жаткан салыктын ставкасынын өлчөмү жана байлыкты эсептөө тартиби көрсөтүлгөн эмес.

Казакстанда азыр кандай тартип бар?

Казакстанда азырынча байлыкка өзүнчө салык салынбайт. Бирок 2026-жылдан тартып айрым кымбат баалуу мүлк түрлөрүнө жогорулатылган салыктар жана акциздер киргизилген, деп жазат Kursiv.media.

Бир адамга таандык кыймылсыз мүлктүн салык салуу үчүн белгиленген жалпы наркы 450 миллион теңгеден ашса, салык эки бөлүктөн эсептелет: 2 миллион 946 миң 600 теңгеге кошумча түрдө 450 миллион теңгеден ашкан бөлүгүнүн эки пайызы алынат. Эсептөөдө базар баасы эмес, салык салуу үчүн белгиленген нарк колдонулат.

Баасы кеминде 77,85 миллион теңге турган жеңил автоунааларга, ошондой эле кеминде 103,8 миллион теңгелик яхталарга жана аба кемелерине сатып алуу баасынын 10 пайызы өлчөмүндө акциз белгиленген.

Быйыл жеке адамдардын кирешесине салык салууда прогрессивдүү шкала да киргизилген. Негизги тартипке ылайык, жылдык салык салынуучу кирешенин болжол менен 36,8 миллион теңгеге чейинки бөлүгүнө 10 пайыз, бул чектен ашкан бөлүгүнө 15 пайыздык ставка колдонулат. Башкача айтканда, жогорулатылган ставка кирешенин бардык көлөмүнө эмес, чектен ашкан бөлүгүнө гана салынат. Кирешенин айрым түрлөрү үчүн өзүнчө эрежелер каралган.

Киреше салыгы менен байлыкка салынуучу салык бирдей эмес. Биринчиси адамдын тапкан кирешесинен алынат. Экинчиси болсо ага таандык мүлктүн жана башка активдердин наркына жараша эсептелет.

Forbes.kz басылмасынын 2026-жылдын май айында жарыялаган рейтингиндеги 75 катышуучунун жалпы байлыгы 60,84 миллиард доллар деп бааланган. Тизмеге ишкерлер менен катар айрым үй-бүлөлөр да кирген.