Камышеваханын аскердик мааниси: эмне үчүн Орусия бул айылга тынымсыз сокку урууда?

    • Author, Илья Абишев
    • Role, Би-Би-Синин аскердик серепчиси
  • Published
  • Окуу убактысы: 3 мүнөт

2-ноябрда эртең менен Запорожье облусунун Камышеваха айылына Орусия абадан сокку уруп, мунун натыйжасында отуздан ашуун киши каза тапты, дагы 58 адамдын дайыны белгисиз болууда.

"Орусиянын бул соккусунан каза тапкандардын басымдуу бөлүгү гуманитардык жардам сурап келген карапайым адамдар жана биринчи соккудан кийин аларга жардамга келгендер болду", - деди Украинанын президенти Владимир Зеленский.

"Бул трагедиянын масштабы үрөйдү учурат, - деп айтты облустук аскердик администрациянын башчысы Михаил Семикин. – Сокку урулган жерде издөө-куткаруу иштери уланууда".

Орусиялык аскер башчылары Камышевахага урулган сокку тууралуу комментарий беришкен жок.

Максат – талкалоо, аскерлер үчүн шарт түзүү

Гуманитардык жардам берүүчү жарандык пунктка урулган соккуну аскердик зарылчылык көз караштан түшүндүрүү мүмкүн эмес. Бул объектти украиналык аскерлер колдонгону тууралуу ишенимдүү далилдер да жок.

Камышевахада ири аскердик жана өнөр жай объектилери жок, бирок бул айыл Запорожьеге жакын жерде коргонуу жана транспорт системасынын элементи катары чоң аскердик мааниге ээ.

Айыл облустук борбордон 30 чакырым аралыкта маанилүү трассада орун алган. Бул жол аркылуу Украина Куралдуу күчтөрүнүн алдыңкы позициялары менен байланышы бар системалар өтөт.

Анын үстүнө Камышеваха фронттун Орехов жана Степногорский сыяктуу тилкелерине жакын оорук зонасында жайгашкан, бул экөө тең Запорожьеге жолдо маанилүү чек катары кызмат аткарат. Айылдагы имараттарды жана инженердик курулмаларды өздүк курамды жайгаштыруу, техниканы жашыруу жана коргонууну уюштуруу үчүн пайдаланса болот.

Орус армиясы фронтко жакын калктуу конуштарда мына ушундай инфраструктураны талкалоого умтулуп жатат.

Камышевахага буга чейин бир нече жолу сокку урулган. 2026-жылы эле абадан кеминде беш жолу чабуул коюлган.

22-январда орусиялык авиация айылга төрт фугастуу бомба таштаган. Ошол күнү бир адам каза болуп, он адам жараат алып, үйлөр жана башка объектилер талкаланган эле.

2026-жылдын 15-июнунда орусиялык дрондор Камышевахадагы "Пролиска" гуманитардык миссиясы иштеп жаткан мектептин аймагын бутага алышкан. Маалыматка ылайык, беш FPV-дрон түшүп, алардын төртөө гуманитардык пункттун жанында жарылган. Бул чабуулда төрт жай тургун жараат алып, ыктыярчылардын автоунааларына зыян келтирилген. Ушундан кийин гуманитардык миссия айылга жардам жеткирүүнү токтотуп, тургундарды айылдан чыгара баштаган.

2026-жылдын августунда Орусия Камышевахага башкарылуучу авиабомбаларды таштап, бул айылда бир топ үйлөр талкаланган.

28-октябрда орусиялык аскерлер Запорожьедеги 13 калктуу конушка абадан сокку урган, алардын бири Камышеваха айылы болчу. Ошол күнү Орусия Запорожье облусуна ар кандай куралдар менен 849 чабуул койгон.

2026-жылдын март айында Украинанын түштүгүндөгү Коргонуу күчтөрүнүн өкүлү Владислав Волошин Запорожье облусундагы фронтко жакын шаарларга Орусиянын соккуларынын негизги максаттарын санап берген. Анын баамында, орусиялык аскерлер төмөнкү максаттарды көздөп жатат:

Украинанын аскер бөлүктөрү баш калкалоочу жай жана коргонуу позициясы катары колдонушу мүмкүн болгон калктуу конуштарды талкалоо;

украин резервдеринин кыймылына бут тосуу;

Орехов багытында мындан аркы чабуул аракеттери үчүн шарттарды даярдоо;

Украинанын коргонуу күчтөрүн Орусиянын алдыңкы позицияларынан алыстатуу.

Ошол мезгилде Орусиянын чабуулчу топтору Камышевахадан 20 чакырым түштүктө жайгашкан Малый Щербаков жана Щербаков райондорунда алдыга жылууга аракет кылып жатышкан. Жети айдан кийин бул тилкедеги абал анчалык деле өзгөргөн жок.

Кандай куралдар колдонулуп жатат?

Украина тараптын маалыматына ылайык, Камышевахага жана башка калктуу конуштарга сокку уруу үчүн Орусия авиабомбаларды, FPV-дрондорун, сокку уруучу учкучсуз учактарды, ошондой эле реактивдүү жана дүрмөттөлгөн артиллерияны колдонуп жатат.

Запорожье облусунун аскердик администрациясынын башчысы Михаил Семикин 2-ноябрда Камышеваханын борборуна ФАБ-3000 авиабомбалары менен сокку урулганын билдирди.

Башында ФАБ-3000 оор бомбалоочу учактардан ташталуучу курал катары жасалган. Заманбап шарттарда ал пландоочу жана түзөтүүчү модулдар менен жабдылгандыктан, бомбаны абадан коргоочу системанын көзүнө илинбестен, кыйла аралыктан таштоого мүмкүндүк берет.

Бул эң кубаттуу авиациялык ок-дарылардын бири, анын жалпы салмагы болжол менен 3 тоннаны, ал эми жарылуучу заттын салмагы 1 400 килону түзөт. ФАБ-3000 темир-бетондон жасалган калкалоочу жайларды жана курулмаларды жок кыла алат.

Ушул убакка чейин мындай оор, күчтүү жардыргыч бомбаларды ташууга үн ылдамдыгынан ылдам учкан, бомбалоочу Ту-22М3 учагы гана колдонулуп келген. Бирок, орус авиациясы Камышевахага жеңилирээк – бир жарым тонналык же жарым тонналык ФАБ менен да сокку урган болушу ыктымал.

Ошол эле маалда тынымсыз бомбалоо орус армиясы бул тилкеге кирүүгө даярданып жатат дегенди билдирбейт. Кандай болгон күндө да, Запорожьеден түштүккө карай аскерлер топтолуп, ири операцияга даярданып жатат дегендин белгилери жок, бирок кысым кылып, чакан чабуулчу топтордун бастырып кирүү аракеттери уланууда.

Тынымсыз соккулар бир нече максатты көздөйт: Орусия өз аскерлеринин Орехов жана Запорожье тарапка жылышына шарт түзүп берүүгө, ошону менен бирге фронтко жакын калктуу конуштарды талкалап, ал жакта жашагандарды сүрүп чыгарууга жана жарандык инфраструктуранын ишин татаалдаштырууга аракет жасап жатат. (ZMa)