Сиз бул сайттын азыраак дата коротуучу, тексттен турган версиясын көрүп жатасыз. Сайттын бардык сүрөттөрдү жана видеолорду камтыган негизги версиясын көрүңүз.
Кыргызстан газ системасын орусиялык "Газпромдон" кайтарып ала алабы?
Элеонора Куленбекова,
Бишкектеги Би-Би-Синин кабарчысы
Президент Садыр Жапаров орусиялык "Газпром" ишканасы өлкөнү толук газдаштыруу боюнча алган милдеттенмесин аткарбаса, кыргыз өкмөтү өлкө аймагындагы газ системасын мамлекетке кайтарып аларын эскертти. Бул орусиялык компания Кыргызстанда 12 жылдан бери газ тармагын башкарып келет. Бул убакытта газдаштыруу деңгээли 22% дан 44% өскөн. Бирок өлкөнү толук газдаштыруу иши аягына чыга элек. "Газпром" кандай иштерди аткарды жана Кыргызстан газ системасын кайра өз алдынча башкара алабы?
Президент Садыр Жапаров Талас облусунун тургундары менен жолугушууда "Газпром" Кыргызстанды толук газдаштыруу боюнча алган милдеттенмесин аткарбаса, газ системасын мамлекетке кайтарып аларын билдирди.
Ал бул тууралуу жергиликтүү тургун Курманбек Дакеев аттуу жарандын суроосуна жооп берип жатып айтты. Жапаровдун маалымдашынча, учурда Кыргызстан газ системасын өз алдынча башкара албайт. Өлкөдөгү газ тармагына байланыштуу иштер "Газпром" менен макулдашылып жүргүзүлөт.
"Биз өзүбүздүн газ системабызга өзүбүз кожоюн эмеспиз. "Газпром" кожоюн. Муну 2039-жылга чейин деп болсо керек, бир долларга сатып жибергенбиз. 2013-жылы "бизге "Кыргызгаздын" кереги жок, бизге газ керек" деп сатып жибергенбиз. Ошондуктан биз газды өзүбүз билгендей киргизе албайбыз. Кыргызстанда газга байланыштуу иштерди "Газпром" менен гана макулдашып жасайбыз", - деди президент.
Ал "Кыргызгазды" сатуу келишиминде республиканы толук газдаштырууга каражат бөлүү милдеттенмеси болгонун, бирок ал азырынча аткарылбай жатканын айтты.
"Бирок "Кыргызгазды" бир долларга сатып алып жатканда "бүтүндөй республиканы газдаштырууга акча бөлөт" деген бөлүмү бар экен. Бирок аны аткара элек. Мен бул боюнча "Газпромго" үч жылдан бери маселе көтөрүп келатам. "Эгерде аткарбасаңар, Кумтөрдөгүдөй кылып алып коём да, өзүм жасайм" деп айтып келем. Газ өзүбүзгө өтмөйүнчө сөз бере албайм", - деди Садыр Жапаров.
2014-жылы Кыргызстандын өкмөтү менен "Газпромдун" ортосунда келишим түзүлүп, анын негизинде "Кыргызгаз" ишканасынын 100 пайыз акциясы орусиялык компанияга бир долларга өткөрүлүп берилген.
"Газпром Кыргызстан» президенттин бул билдирүүсүнө азырынча жооп бере элек. Би-Би-Си компаниядан комментарий алууга аракет кылды, бирок материал даярдалып жаткан учурда жооп алган жок.
"Газпром Кыргызстан" 12 жылда эмне иштерди аткарды?
Орусиянын "Газпром" компаниясы Кыргызстандын газ тармагын 2014-жылы башкарууга алган. Ошондон бери компания жаңы газ түтүктөрүн куруп, эски тармактарды жаңылап, калктуу конуштарды газга кошуп келет.
Келишим 25 жылга түзүлгөн. Ага ылайык, "Газпром" газ тармагын оңдоп-түзөөгө жана өнүктүрүүгө кеминде 20 миллиард рубль инвестиция салууга милдеттендирилген. Ошондой эле "Кыргызгаздын" 40 миллион доллардан ашык карызын төлөөнү өз мойнуна алган.
Компаниянын маалыматына караганда, 2014-жылдан бери Кыргызстандагы газ тармагын өнүктүрүүгө 34 миллиард сом жумшалган.
Бул каражатка жаңы газ түтүктөрү курулуп, эскилери жаңыланган. Бишкекте, Чүй жана Ош облустарында жаңы конуштарды газга кошуу иштери жүргүзүлгөн.
Компаниянын маалыматы боюнча, 2014-жылы өлкөнүн газдаштыруу деңгээли 22 пайыз болсо, 2026-жылы 44 пайызга жеткен. Учурда Кыргызстанда 450 миңге жакын газ абоненти бар.
2024-жылы төрт калктуу конуш газдаштырылып, 156 чакырым газ түтүгү курулган. Мындан тышкары, 19 миңден ашык үйдү газга кошууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Компания газ тармагынан тышкары социалдык долбоорлорду да ишке ашырды. Алардын катарында Бишкектеги "Газпром Кыргызстан" мектеби, Нарын жана Жалал-Абад шаарларындагы спорттук комплекстери бар.
Газдаштырууга эмне тоскоол болууда?
"Газпром Кыргызстан" компаниясынын башкы директорунун орун басары Арзымат Алдаяров буга чейин билдиргендей, газдаштыруу иштерине экономикалык жана инфраструктуралык чектөөлөр таасир этип жатат.
Анын айтымында, Кыргызстанда газга болгон керектөө өсүп жатат. Бирок газды ташып келүү мүмкүнчүлүгү азырынча чектелүү.
"Газдаштыруу маселеси биз үчүн дагы көйгөй. Анткени абоненттер канчалык көп болсо, биздин кирешебиз да ошончолук көбөйөт. Бирок азыр экономикалык жана инфраструктуралык чектөөлөр бар.
Кыргызстандын түндүк аймактарына мурда газ Казакстандан келчү. 2022-жылга чейин Орусия газды Казакстанга берип, андан кийин Казакстан бизге өткөрүп берчү.
2022-жылдан тартып физикалык транзит башталды. Анткени коңшу мамлекеттердин ресурстук базалары азайып, өздөрүнө газ көбүрөөк керек боло баштады.
Азыр газ жеткирүүдө "Бейнеу - Бозой - Шымкент" магистралдык газ кууру маанилүү роль ойнойт. Былтыркы сезондо ал долбоордук кубаттуулугунун 115 % менен иштеди.
Кыргызстанда газ керектөө 2014-жылы 210 миллион куб метр болсо, азыр 540 миллион куб метрге жетти.
2024-жылы Санкт-Петербургда түзүлгөн келишимге ылайык, Казакстан Кыргызстанга газ жеткирүү үчүн экинчи түтүк курат. 2027-жылдын 1-октябрынан тартып газ жеткирүү көлөмү көбөйүп, азыркы чектөөлөр чечилет деп күтүлүүдө", - деген Арзымат Алдаяров журналист Ыдырыс Исаковдун суроолоруна жооп берип жатып.
"Бейнеу - Бозой - Шымкент" газ кууру Казакстандын батышынан түштүк аймактарына газ жеткирүүчү магистралдык түтүк болуп саналат. Кыргызстан газдын негизги бөлүгүн импорттойт. Ошондуктан өлкөнү газдаштыруу ички инфраструктуранын абалына гана эмес, коңшу мамлекеттер аркылуу газ ташуу мүмкүнчүлүгүнө да байланыштуу.
"Газпром Кыргызстан" өлкөнү толук газдаштыруу иштерин 2030-жылга чейин аяктоону пландап жатканын билдирген.
Кыргызстан газ системасын өз алдынча башкара алабы?
Президенттин билдирүүсү өлкөнүн газ тармагын мамлекеттин карамагына өткөрүү канчалык мүмкүн нерсе деген суроону көтөрдү.
"2014-жылы Кыргызстандын газ системасынын активдери бир долларга "Газпромго" өткөрүлүп берилди. Келишим боюнча "Кыргызгаздын" 40 миллион долларлык карызы орус тарапка өткөн жана беш жылдын ичинде газ инфраструктурасына эң аз дегенде 600 миллион доллар инвестиция салынууга тийиш болчу. Келишимдин мөөнөтү 2039 -жылга чейин күчүндө турат, андан кийин Кыргызстан активдерди кайра сатып алууга укуктуу" - дейт экономит Искендер Шаршеев.
Бирок бул ишкананы мамлекеттин эсебине которуп, аны иштетип кетүү мүмкүнчүлүгү барбы?
"Учурда Кыргызстан газ системасын өз алдынча толук башкара албайт, анткени ал "Газпром Кыргызстан" компаниясынын (100% "Газпромдун" туунду компаниясы) менчигинде турат жана келишим 2039-жылга чейин күчүндө. Бирок президент Садыр Жапаровдын айтымында, эгер "Газпром" газдаштыруу милдеттенмелерин аткарбаса, Кумтөр кенинин мисалында системаны мамлекеттик контролго кайтарып алууга мүмкүнчүлүк бар. Мындай кадам юридикалык жактан мүмкүн, бирок эл аралык келишимдерди бузуу коркунучун, соттук талаштарды жана Орусия менен мамилелердин татаалдашуусун алып келиши мүмкүн", - дейт эксперт.
"Эгер ишкана мамлекеттин карамагына өтсө, техникалык жактан иштетүүгө болот, анткени инфраструктура (газ куурлары, станциялар) сакталып калат жана жергиликтүү адистер бар. Бирок 2014-жылга чейинки "Кыргызгаз" тажрыйбасы көрсөткөндөй, система карыздарга батып, үзгүлтүксүз камсыздоо жана модернизациялоо кыйынчылыкка дуушар болгон. Азыр газдын негизги бөлүгү Орусия, Казакстан жана Өзбекстан аркылуу келет, ошондуктан камсыздоочулар менен жаңы келишимдер түзүү, ири инвестициялар (ондогон миллиард сом) табуу жана техникалык экспертизаны сактоо зарыл. Газдаштырууну 40–44%дан 60%га жеткирүү үчүн мамлекеттин өз алдынча каражаттары жетишсиз болушу мүмкүн", -дейт Искендер Шаршеев.
Анын айтымында, ишкананы мамлекет карамагына алуу мүмкүн, бирок ийгиликтүү иштетүү үчүн туруктуу газ импортун камсыздоо, каржылоо жана башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу керек. Кумтөр сыяктуу толук көзөмөлгө алуудагы саясий чечимге жана эл аралык макулдашууларга байланыштуу болот.
Жаңы конуштар качан газдаштырылат?
Кыргызстанда жаңы конуштарды жапырт газдаштыруу 2028-жылдан эрте бүтпөшү мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев 16-октябрда "Газпромдун" өкүлдөрү менен жолугушкандан кийин билдирген.
Анын айтымында, учурдагы газ инфраструктурасынын кубаттуулугу жаңы керектөөчүлөрдү кошууга жетишсиз. Орусиядан өзүнчө газ түтүгү тартылып жатат. Ал курулуп бүтмөйүнчө конуштарды толук газдаштыруу мүмкүн эмес.
Бирок кошумча каржылоо табылса, 2027-жылы беш-алты конушту газга кошууга болот. Маматалиев керектүү түтүктөрдү сатып алуу үчүн абанын булганышына каршы күрөшүүгө бөлүнгөн каражаттын бир бөлүгүн пайдаланууну сунуштаган.