Сиз бул сайттын азыраак дата коротуучу, тексттен турган версиясын көрүп жатасыз. Сайттын бардык сүрөттөрдү жана видеолорду камтыган негизги версиясын көрүңүз.
"Сотто адилеттүүлүк жок деген тыянактар бар": Жогорку Cот төрагасы соттордун ишин сынга алды
Кыргызстандын Жогорку Cоту 2026-жылдын тогуз айындагы сот тутумунун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын талдады. Жыйындын жүрүшүндө айрым соттордун жана судьялардын, анын ичинде жетекчилердин иши сынга алынды. Бул тууралуу Жогорку Cоттун басма сөз кызматы билдирди.
Жогорку Cоттун төрагасы Медербек Сатыев айрым судьялардын ишинин натыйжасы талаптагыдай эмес экенин белгилеп, мындай адамдар сот тутумунда калбашы керектигин айтты.
"Сотто адилеттүүлүк жок деген тыянактар бар. Бул, билесиздерби, кандай сөз? Улуу сөздө уят жок, ушуга жеткирген биздин арабызда кумалактар бар. Ошолордон арылышыбыз керек",- деди ал.
Ал Судьялар кеңешинин жана Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу кеңешинин мүчөлөрүнүн ишине өзгөчө талап коюлушу керектигин белгиледи. Айтымында, бул органдардагы судьялардын көрсөткүчтөрү жогорку деңгээлде болушу зарыл.
"Булар биздин жүзүбүз. Бул кеңештеги мүчөлөрдүн көрсөткүчү жогорку деңгээлде болушу керек. Ошол эле Соттор кеңешинин жана Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча кеңештин мүчөлөрүнүн статистикалык маалыматына таянсак, көрсөткүчтөрү төмөн. Мындай мүчөлөрдөн арылышыбыз керек. Резервди караңыздар. Мындай судьяларды биз кармабашыбыз керек. Көрсөткүчтөрү төмөн сотторду тандап отурушат",- деди ал.
Сатыев көрсөткүчтөрү төмөн судьялардын ишин атайын комиссия аркылуу иликтеп, алар боюнча тиешелүү сунуштарды берүүнү тапшырды. Ошондой эле мындан ары сот жетекчилеринин жоопкерчилиги күчөтүлөрүн эскертти.
Анын айтымында, облустук соттордун төрагалары бул багытта жеке жоопкерчилик алат, сот коллегияларынын төрагаларына эки эсе жоопкерчилик жүктөлөт.
"Сиздерге ушундай милдеттеме жүктөлөт. Кесипкөйлүгү төмөнбү, сунушту бериңиздер. Биз сот тутумун ичинен тазаоого тийишпиз. Президенттин айтканын уктуңуздар. Элди аралап жүрүп, адилеттүүлүк жок деген тыянакка келип жатат. Бул ар бирибиздин башыбызга чоң балта менен урганга барабар. Андыктан жоопкерчиликти күчөтөбүз",- деди ал.
Сатыев сот жетекчилерине иштерди негизсиз создуктурбоону жана сот чечимдеринин сапатын жогорулатуу боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.
Соңку айларда президент Садыр Жапаров өлкөнүн аймактарын кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрүп жатат. Бул жолугушууларда жарандар тарабынан ар кандай маселелер менен катар соттук териштирүүлөргө, чыгарылган чечимдерге жана укук бузууларга байланыштуу даттануулар көп айтылууда.
21-октябрда Бишкекте өткөн республикалык кеңешмеде президент аймактарга болгон иш сапарлары учурунда жарандардын сот адилеттигине нааразы экенин байкаганын айткан.
"Мен аймактарды кыдырып жүрүп, карапайым эл менен жолугушууларда негизги көйгөйдү байкай алдым. Коомчулукта "адилеттүүлүк жок" деген нааразы маанай калыптана баштагандай. Демек, сот адилеттигинде көйгөй бар. Биз аларды тез аранын ичинде жоюшубуз зарыл. Мыйзам алдында эч ким күчтүү да, алсыз да болбошу керек. Мыйзам алдында баары тең болот! Көз карандысыз, эч кимге жана эч нерсеге сатылбаган, кесипкөй сот ушул теңдиктин анык кепилдиги болушу керек. Сот сөзсүз түрдө жеке менчиктин кол тийбестигин, инвестициялардын коопсуздугун, ар бир жарандын укуктарын коргоп, мыйзам үстөмдүгүн камсыздоого тийиш. Биз сот адилеттигине саясий, административдик же башка мыйзамсыз кийлигишүүгө каршы катаал институционалдык тосмолорду түзөбүз. Сот корпусунда жоопкерчиликтин сөзсүз болушунун катаал принциби иштейт. Коррупцияга, кызыкчылыктардын кагылышына, кызматтык ыйгарым укуктарды кыянаттык менен пайдаланууга жана судьялык этиканын бузууга токтоосуз жана аёосуз чаралар көрүлөт. Соттордун абсолюттук ачык-айкындуулугуна өзгөчө көңүл бурулат. Жаран соттук чечим кандай кабыл алынып жаткандыгын так билиши зарыл. Ал өз ишинин жүрүшү тууралуу маалыматты ээн-эркин алууга укуктуу жана соттун чечими бир гана мыйзамга негизделип чыгарыларына ишенгендей болушу керек",- деген ал.