Сиз бул сайттын азыраак дата коротуучу, тексттен турган версиясын көрүп жатасыз. Сайттын бардык сүрөттөрдү жана видеолорду камтыган негизги версиясын көрүңүз.
Трампка саясий сокку: демократтар кантип республикачылардан Конгресстеги көпчүлүктү тартып алышты?
- Author, Ольга Просвирова
- Role, Би-Би-Си
- Published
- Окуу убактысы: 6 мүнөт
АКШда өткөн аралык шайлоодо демократтар ишенимдүү жеңишке жетип, Конгресстин эки палатасында тең көпчүлүктү камсыз кылышты. Эки жыл мурун эле президенттик жана парламенттик шайлоолордо республикачыларды жеңишке жетелеген Дональд Трамп үчүн бул партия ичиндеги саясий таасирине урулган олуттуу сокку болду. Анын үстүнө, Трамп шайлоочуларды бюллетенде анын аты тургандай катары кабыл алып, добуш берүүгө чакырган эле. Би-Би-Си республикачылар эмне себептен күйүүчү майдын кымбатташы жана Ирандагы согуштун шартында жеңилип калганын талдап чыкты.
Трамп менен шайлоочулардын ортосунда калган партия
АКШдагы аралык шайлоолордо бийликтеги президенттин партиясы Өкүлдөр палатасындагы орундардын көбүн жоготуп коюшу Америка саясатында кадыресе көрүнүш.
АКШда өткөн аралык шайлоолордун дээрлик баарында президенттин партиясы Конгресстин Өкүлдөр палатасындагы орундарынан ажырап келген.
АКШда президент төрт жылдык мөөнөткө шайланат, Өкүлдөр палатасынын курамы эки жылда бир жаңыланат. Өлкөнүн негиздөөчүлөрү бул палатаны элдин эркине көбүрөөк көз каранды кылып түзүүнү көздөшкөн. Башкача айтканда, шайлоочулар саясатчылардын ишине нааразы болсо, президенттик мөөнөттүн аякташын күтпөстөн, мыйзам чыгаруучулардын курамын өзгөртө алгандай шарт түзүлгөн. Ошондуктан Өкүлдөр палатасына шайлоо төрт жылда бир президенттик шайлоо менен катар өтөт, ал эми алардын ортосунда аралык шайлоо өткөрүлөт.
Аралык шайлоолор көп учурда президенттин ишине берилген баа катары эсептелет. Анын саясатына нааразы болгон шайлоочулар добуш берүү аркылуу өз нааразылыгын билдире алышат. Мындан тышкары, эки партиянын тарапкерлеринин шайлоого канчалык активдүү катышканы да жыйынтыкка таасир этет.
Сенатта да президенттин партиясы көп учурда орундарын жоготот. Бирок бул көрүнүш анчалык туруктуу эмес. Себеби Конституцияга ылайык, Сенаттын бардык мүчөлөрү бир убакта шайланбайт. Эки жылда бир сенаторлордун болжол менен үчтөн бири гана кайра шайланат.
Бул жолку аралык шайлоонун алдында Дональд Трамп тарапкерлерин бюллетенде анын аты тургандай добуш берүүгө чакырды.
Айрым талдоочулардын пикиринде, президенттик шайлоодогу жеңиштен кийин Трамп өзүн шайлоочулардын толук колдоосуна ээ болгон адам катары кабылдап, өлкөнү түп-тамырынан өзгөртүүгө элден мандат алдым деп эсептеп калган. Мындай ойго келишине негиз да болгон: Трамп атаандашы Камала Харриске караганда жети бирдей эмес, атаандаштык күчтүү штаттын баарында жеңишке жетип, шайлоочулар коллегиясынын 312 добушун алган. Харрис 226 добуш менен чектелген.
Бирок жалпы өлкө боюнча берилген добуштарды эсептегенде, Трампты шайлоочулардын 49,8 пайызы, демократтардын талапкерин 48,3 пайызы колдогон. Болгону 1,5 пайыздык айырма менен жеңишке жетүү - коомчулук өлкөдөгү өзгөрүүлөрдү толугу менен колдойт дегенди билдирбейт.
Кийин америкалык саясат таануучу Жорж Эдвардс да бул жагдайды изилдеп чыккан. Ал шайлоонун жыйынтыктарын Трамптын администрациясы сунуштаган конкреттүү чечимдер боюнча жүргүзүлгөн сурамжылоолор менен салыштырган. Натыйжада америкалыктардын көбү Трамптын жеңишин өлкөдө масштабдуу өзгөрүүлөрдү жүргүзүүгө берилген колдоо катары кабыл албаганы жана президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүүнү каалабаганы аныкталган.
Күйүүчү майдын кымбатташы: шайлоочулар эмнеге нааразы болушту?
Добуш берүү жайларынан чыккан шайлоочулар арасында AP Voter Poll жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, ар бир он адамдын төртөө өлкөдөгү эң чоң көйгөй катары экономиканы атаган. Ал эми үчөө демократиянын абалына тынчсызданарын билдирген. Күнүмдүк жашоодогу негизги көйгөйлөрдүн катарына азык-түлүк менен бензиндин кымбатташы кирген.
Айрыкча бензиндин, дизелдик отундун жана газдын баасы кескин өскөн. Иран менен согуштун айынан Ормуз кысыгы аркылуу мунай ташуу үзгүлтүккө учурап, анын кесепети АКШдагы май куюучу жайларда да сезилген.
Согуш башталганга чейин АКШда бир галлон бензиндин орточо баасы 2,98 доллар болчу. Шайлоого бир жума калганда, 26-октябрда, баа 4,29 долларга жеткен. Бул дээрлик 44 пайыздык өсүштү түзөт.
2024-жылы инфляцияны ооздуктоону убада кылган Трамп үчүн баалардын мындай өсүшү башкы саясий көйгөйгө айланды. Сурамжылоого катышкандардын ондон алтысы кымбатчылыктын негизги себебин президенттин жүргүзүп жаткан саясаты менен байланыштырган.
Мындан тышкары, шайлоочулардын ондон төртүнө жакыны Конгресске шайлоодо Трампка каршы экенин көрсөтүү үчүн добуш бергенин айтышкан. Он адамдын экөөсү араң президентти колдоо максатында добуш берген. Ал эми калгандары үчүн шайлоодо Трампка чечүүчү фактор болгон эмес.
Ошол эле учурда сурамжылоого катышкандардын ондон жетисине жакыны Конгресс президенттин бийлигин жетиштүү деңгээлде чектей албай жатат деп эсептешкен.
Америкалык маалымат каражаттары республикачылардын жеңилүүсүнө эмне себеп болгонун талдап жатышат.
Дональд Трамп "шайлоочулардын кеңири катмарынын колдоосуна ээ болуу мүмкүнчүлүгүнө караганда, өзүнө берилгендигин жогору коёт". Дал ушундан улам республикачылар мурда жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү жогору болгон штаттарда да өз позицияларын сактап калуу үчүн күрөшүүгө аргасыз болушкан,- деп жазат Reuters агенттиги.
Буга Трамптын Техастагы Кен Пакстонду колдогону мисал боло алат. Пакстон көп жылдан бери коррупциялык жаңжалдардын чордонунда болуп келет. Анын саясий карьерасы ар кандай расмий иликтөөлөр, соттук доолор, атүгүл импичмент жарыялоо аракети менен коштолгон.
Техастагы жеңилүүгө республикачылардын өз саясаты да себеп болушу мүмкүн. Штатты ондогон жылдар бою башкарып келген республикачылар компанияларды төмөн салыктар, жеткиликтүү турак жай жана ишкерликке коюлган чектөөлөрдүн аздыгы менен өзүнө тартып келишкен. 2015-жылдан бери 300дөн ашык компания башкы кеңсесин Техаска көчүргөн.
Алар менен кошо штатка жаңы тургундар да келе баштаган. Алардын арасында жогорку билими бар адамдардын үлүшү Техастын жергиликтүү калкына салыштырмалуу көбүрөөк болгонун The Atlantic басылмасы белгилейт.
Акыркы он жылда штаттын бакалавр даражасына ээ болгон, бойго жеткен тургундарынын үлүшү 28 пайыздан 35 пайызга чейин өскөн. Бул катмар акыркы жылдары демократтарды көбүрөөк колдой баштаган.
Басылманын талдоосуна караганда, калктын курамындагы мындай өзгөрүүлөр демократтардын жеңишине шарт түзгөн. Ал эми баалардын кымбатташына болгон нааразылык жана Кен Пакстондун талапкерлиги демократтарга ошол мүмкүнчүлүктү дал ушул шайлоодо пайдаланууга жардам берген.
Трамп туура эмес талапкерлерди колдодубу?
Акыркы эки жылда Дональд Трамп өз партиясынын ичинде ушунчалык чоң таасирге ээ болду. Анын колдоосунан ажырап, партия ичиндеги баштапкы шайлоодо жеңилип калуудан корккон республикачыл сенаторлор менен конгрессмендер президентке каршы пикирин ачык айтуудан чочулап келишкен.
Натыйжада аралык шайлоонун алдында көптөгөн конгрессмендер оор тандоого туш болушту: Трампка каршы чыксаң, партия ичиндеги шайлоодо жеңилип калышың мүмкүн. Ал эми аны бардык маселеде колдосоң, негизги шайлоодо шайлоочулардын колдоосунан ажырап калышың ыктымал.
Бул жолку шайлоодо Трамп Техас, Түндүк Каролина жана Түштүк Каролина штаттарындагы республикачыл талапкерлерди жеке өзү колдогон. Бирок үчөө тең жеңилип калышты.
Техас штатында 1988-жылдан бери биринчи жолу сенатка демократ шайланды. Жеймс Таларико коррупцияга айыпталган жана Трамп ачык колдогон штаттын башкы прокурору Кен Пакстонду жеңди.
Таларико ири шаарларда гана эмес, мурда республикачыларды колдоп келген шаар четиндеги айрым аймактарда да жеңишке жеткен.
Түштүк Каролинада педиатр Энни Эндрюс сенатор Дарлин Грэмди жеңди. 62 жаштагы Дарлин маркум сенатор Линдси Грэмдин иниси. Линдси Грэм АКШнын Орусиянын мунайына каршы катаал санкцияларды киргизүүнү караган мыйзам долбоорунун авторлорунун бири болгон.
Агасы каза болгондон кийин анын Сенаттагы орду Дарлинге берилген. Бирок ал жаңы алты жылдык мөөнөткө шайлана алган жок. Буга карабастан, Трамп аны жеке өзү колдоп, шайлоо өнөктүгүнүн акыркы жумаларында штатка эки жолу барган.
Демократтардын талапкери Энни Эндрюс Түштүк Каролинада акыркы 28 жылда республикачыл талапкерди жеңген биринчи демократ болду. Ошондой эле ал бул штаттан Сенатка шайланган алгачкы аял болуп калды.
Түндүк Каролинада мурда штаттын губернатору болуп иштеген Рой Купер Республикалык партиянын улуттук комитетинин мурдагы төрагасы Майкл Уотлини жеңди.
Канзас штатында 1932-жылдан бери биринчи жолу демократтар Сенаттагы шайлоодо жеңишке жетишти. Адам Гамильтон учурдагы сенатор-республикачыл Роджер Маршаллды жеңди.
Огайо штатында буга чейин да сенатор болуп иштеген Шеррод Браун кайрадан Конгресстин жогорку палатасына кайтып келди. Ал учурдагы сенатор-республикачыл Жон Хастедди жеңди.
Ал эми Айовада Жош Турек Конгресстин өкүлдөр палатасынын мүчөсү Эшли Хинсонду утуп алды.
Мындан тышкары, демократтар республикачылар тартып алууну көздөгөн Жорджия жана Нью-Гэмпшир штаттарындагы эки орунду сактап калышты.
Шайлоого чейин Сенатта республикачылардын 53, демократтардын блогунда 47 орун бар болчу. Демократтардын блогундагы эки сенатор көз карандысыз болгон. Республикачылардан алты орунду алуу менен демократтар Сенатта көпчүлүктү камсыздай алышты.
Республикачылар жыл аягына чейин жетишип калабы?
Азыркы Конгресс 2027-жылдын 3-январына чейин ыйгарым укуктарын сактап калат. Демек, республикачыларга Дональд Трамптын президенттигинин кийинки эки жылына Конгресстин эки палатасында тең көпчүлүктүн колдоосу жок шартка даярдануу үчүн бир нече гана жумушчу жума калды.
Республикачылардын пландарынын бири - демократтар өз шарттарын коюу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонго чейин мамлекеттик карыздын чегин жогорулатуу.
Трамп мамлекеттик карыздын чегин жыл аягына чейин көтөрүүнү каалайт. Анын максаты - 2027-жылы жаңы карыз алууга уруксат сурап, анын ордуна демократтардын талаптарын талкуулоо үчүн демократтар көзөмөлдөгөн Конгресске кайрылууга аргасыз болбоо.
Республикачыл сенатор Кевин Крамер демократтар менен мунасага келүүнү сунуштап жатат. Эгер алар макул болбосо, мамлекеттик карыздын чегин жогорулатуу маселесин жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алууга мүмкүн болгон бюджеттик пакет киргизүүнү сунуштоодо.
Трамп ошондой эле SAVE America Act (Американы сактоо жөнүндө мыйзам) долбоорунун жок дегенде бир бөлүгүн кабыл алууга жетишүүнү көздөйт. Бул мыйзам шайлоочуларга коюлуучу талаптарды өзгөртүүгө багытталган.
Президент федералдык шайлоолорго катышуу үчүн каттоодон өтүүдө шайлоочулар АКШнын жарандыгын документ жүзүндө ырастап, добуш берүү учурунда сүрөтү бар инсандыгын тастыктаган документ көрсөтүшүн талап кылууда.
Бирок АКШнын бойго жеткен 21 миллионго жакын жаранында жарандыгын тастыктаган документтер жок. Бул тууралуу Мэриленд университетинин Демократия жана жарандык активдүүлүк борбору 2024-жылдын июнь айында жарыялаган изилдөөдө айтылат.