ТИМ Элистан Токтогуловду кайтаруу үчүн Орусияга нота жөнөттү

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиядагы аскер бөлүгүнө алдоо жолу менен түшүп калган кыргызстандык жаранды мекенине кайтаруу маселесин көтөрдү. Анын жакындары жаш жигитти Украинадагы согушка барууга коркутуп мажбурлап жатышканын билдиришкен. ТИМдин маалыматына караганда, Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргыз жаранын мекенине кайтарууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен Орусиянын Тышкы иштер министрлигине 5-ноябрда нота жөнөттү.

Элчилик Орусиянын компетенттүү органдарына да кайрылып, окуянын жагдайларын текшерүүнү жана күнөөлүүлөрдү мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартууну өтүндү.

ТИМдин билдирүүсүндө жарандын аты-жөнү толук көрсөтүлгөн эмес. Министрлик анын жакын туугандары менен туруктуу байланышта экенин жана зарыл жардам көрсөтүү иштери уланып жатканын билдирди.

Ошондой эле ТИМ жарандарды келишимдерге жана башка документтерге кол коюудан мурда алардын мазмунун кылдат окуп, өздөрүнө алган милдеттенмелерге көңүл бурууга чакырды.

Эске салсак, 4-ноябрда 21 жаштагы Элистан Токтогуловдун жакындары Манас шаарында бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, аны мекенине кайтарууга жардам сурашкан.

Анын агасы Баястан Куштарбек уулунун 24.kg басылмасына билдиришинче, Элистан Instagram аркылуу Орусиядан жумуш табылганы тууралуу жарыяны көргөн. Ага жүк ташуучу, күзөтчү же автоунаа оңдоочу болуп иштөө сунушталып, айлыгы 105 миңден 110 миң рублга чейин болору айтылган.

Агасынын айтымында, жаш жигит Орусияга баргандан кийин алданганын түшүнгөн. Жакындары аны Украинадагы согушка барууга коркутуу жолу менен мажбурлап жатышканын билдиришкен.

Кыргыз жарандарынын Орусиянын Украинадагы согушуна тартылып жатканы тууралуу маалыматтар соңку кезде байма-бай чыга баштады. Айрымдары акчалай сыйлык же Орусиянын жарандыгын алуу убадасына кызыгып келишим түзсө, айрымдары мажбурлоо же алдоо жолу менен аскер кызматына тартылып жатканы айтылып жатат.

2026-жылдын 13-октябрында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Орусияда эмгек мигранттарын аскер комиссариаттарында же тергөө абактарында аскердик келишимге кол коюуга мажбурлаган учурлар бар экенин билдирген. Анын айтымында, министрлик мындай маалыматты өз убагында алса, айрым жарандардын согуш жүрүп жаткан аймакка жөнөтүлүшүнө бөгөт кое алат. Ал эми адам фронтко жеткирилгенден кийин аны кайтаруу кыйыныраак болот.

Украинанын "Хочу жить" долбоорунун 2026-жылдын апрелиндеги маалыматына ылайык, Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн 12 миң 666 жараны аныкталган. Алардын кеминде 1 миң 439у Кыргызстандын жарандары экени айтылган. Бул маалымат Кыргызстандын расмий статистикасы эмес.

Кыргызстандын мыйзамдарында чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга жалданма аскер катары катышуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Мындай иштер боюнча Кыргызстанда жарандар соттолгон учурлар да болгон.