Сиз бул сайттын азыраак дата коротуучу, тексттен турган версиясын көрүп жатасыз. Сайттын бардык сүрөттөрдү жана видеолорду камтыган негизги версиясын көрүңүз.
"Уулум ордун таппаган коомго таарынды". Чындык издеген ата
- Author, Мээрим Догдурбекова
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы
- Published
- Окуу убактысы: 4 мүнөт
28 жашында дайынсыз жоголду делген Ханэл Жоробаевдин сөөгү 2-ноябрда Бишкектин четиндеги Панорама дачасы жактагы тоонун этегенинен табылды. Кечээ жерге берген уулун атасы зирек, акылы курч эле деп эстеп отурду. Ал издөө иштерине катышкан бардык мамлекеттик органдарга жана кайдыгер эмес элге ыраазычылыгын билдирди.
"Экспертизаны так, тергөөнү ачык жүргүзүп бергиле"
"24 күн издедик. Контролго алган биринчи Ички иштер министрлиги жагы. Күндө отуздан бала келип жатты. Жети-сегиз уголовный розыск, ат менен издеди, волонтерлор, кинологдор келди. Мүмкүн болушунча издеп аттык. Анан акырында оюңа жаман нерсе да келбей койбойт экен, жакшы бир адамдардын кеңеши менен Озгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылдым. Ошол ӨКМдин балдары үч күн издеп, үчүнчү күнү баламдын сөөгүн табышты", - деди маркумдун атасы Бешболуш Матисаков.
Баласын акыркы сапарга узатып, сай-сөөгү сыздап турган ата укук коргоо органдарынан экспертизанын жыйынтыгын, тергөө амалдарынын ачык-айкын, адилет жүргүзүлүшүн суранууда.
"Тергөө, иликтөө иштерин бир жакка буруп, ойлорун буруп койгондой болбоюн, ак да, кара да дебейин. Зыйнатын өткөрүп алгандан кийин кечээ тийиштүү адамдарга да айткам. Бизге, коомчулукка экспертизанын жыйынтыгын так, толук, кандай болсо, ошондой кылып бергиле. Бул тагдыр экен. Уулум таптаза, периште бойдон... ушундай болуп калды", - деди көз жашын аарчып Бешболуш Матисаков.
"Экпертизанын жыйынтыгы чыга элек"
Бишкектин Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгы Ханэл Жоробаевдин өлүмү боюнча экспертизанын жыйынтыгы күтүлүп жатканын ырасташты. Маалыматка ылайык, ал 300 метр бийиктиктен кулап түшкөн болушу мүмкүн.
"Экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы күтүлүүдө. Башка эч кандай маалымат бере албайбыз", - деди Октябрь райондук ИИБ басма сөз кызматы.
Ханэлдин баш мээсинен жаракаты болгон
28 жашында дайынсыз кетип, сөөгү табылган Ханелдин атасы Бешболуш Матисаковдун айтымында, уулу 2015-жылы баш мээсинен жаракат алган. Ошондон кийин анын коомго аралашуусу кыйындап, өзүн ар тараптан изилдей баштаган. Ага чейин эле төрт-беш тилде эркин сүйлөгөн Ханэл эми диний илимин жогорулатууга багыт алган. Беш маал намаз окуп, арабча үйрөнүп алган экен. Атасы көрсөткөн бөлмөсүндө диний китептерден тарта Пушкинге окшогон классикалык жазуучулардын да калың китептери бар экен.
"Мен эң биринчи коомчулукка рахмат дегим келет, ар бир жазган сөз бизге жетип жатты. Элдин ар бир айткан сөзү бизге кадимкидей дем берип, үмүт берип жатты. Элдин тилеги акталбай калды. Жараткан алла-таалага керек экен. Уулум жапжаш бойдон кете берди.
2015-жылы он биринчи класс болуп калган. Ал Азиябы же Европабы деп окууга бара турчу жерин тандап баштаган, эми жанагынча тил билгенден кийин. Тагдыр ушундай кылды. Өспүрүм боюнча калып, жанагындай оор окуялардан кийин он бир жыл алпуруштук. Өтө оор болду. Менин уулум намаз окуп атып, чиркөөгө да барды. Эки жумадай. Мен изилдеп кошо жүрдүм. Акыйкатчылыкты издеди. Мен ата катары аны Чымкоргонго жаткыргым келген жок. Биз ушул баламды эч жакка алып бара албадык. Намыскөй жигит экен, мен инвалид эмесмин, барбайм, эч кандай пенсия, жөлөкпул албайм деп койду. Мен ушуну айтып коеюн, бул тукум кууган генетикалык оору эмес, бул жаракаттан кийинки оору болгон. Мээси кысылып калган",-деди Бешболуш Матисаков.
"Балам ордун таппаган коомго таарынды"
Бул алган жаракаты Ханэлди индивид катары коомго кошулуусуна тоскоолдук жараткан дейт атасы. Маркум сезимдерин ачык билдире алчу эмес жана айрым кыймыл-аракеттерди кополураак жасаган жайы болгон экен. Мындан улам Бешболуш Матисаков Ханэл сыяктуу мүмкүнчүлүгү чектелгендерге шарт түзүп бере турган фонд ачкысы келерин билдирди.
"Биз коомчулук, баарыбыз сактай албадык. Бирок коомдо ушундайлар көп, ошолор сакталышы учун мен коомчулукка кайрылам. Ошол уулумдун атындагы соопчулук-кайрымдуулук фондун ачам. Келинчегиме да айттым. Ар бир жасаган ишибиздин сообу тийсин, биз бул ишти колго алалы. Балким эл арасында жакшы адамдар, меценаттар чыгат. Мен мыйзам чегинде да бул ишти көтөрүп чыккым келет.
Таарынтып койдунар, тиги-бу деп жатышат. Андай жок. Таарыныч ичинде бар. Эмнеге - коомго бар. Таарыныч ордун таппаган коомго болуп калды. Ал өзүн тапкан жок. Ал турсун, компьютеринде мени эмне үчүн коом сүйбөйт деп да жазыптыр", - деп кейип отурду Бешболуш Матисаков.
"Өзүн-өзү өлтүрмөк эмес"
Нерв системасынан жаракаты болгону менен, Ханэл башкалардай эле көчөдө өз алдынча басып жүрө алган. Атасынын айтымында, ал барган мечиттерде Ханэлге урмат кылып турушчу. Беттегенин бербеген, өжөр мүнөз Ханэл өзүнө кол салбайт деп атасы сыздап турат.
"Ошончолук динге берилген адам өзүнө өзү кол салды дегенге барбайт. Кырсык деген бул башка. Туура эмес басып алдыбы, эмне болду, типтик жер экен. Издеп жатканда мен ал жерге канча бардым?! Алдын ала биз эч нерсе айта албайбыз, ошол үчүн сурандым. Тергөөнү, экспертизаны так жасап, маалыматты тезирээк бергиле", - деди Бешболуш Матисаков.
Ханэл Жоробаев 9-октябрда Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Салкын көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Анын жакындары милицияга арыз менен кайрылып, издөө иштери башталган.
Буга чейин Ички иштер министрлиги 1998-жылы туулган Ханэл Жоробаев изделип жатканын билдирген.
Ал тууралуу маалыматта сүйлөшүп жатканда бир аз нерв оорусу бар экени байкалары, англис, орус жана кыргыз тилдеринде эркин сүйлөй турганы айтылган. Түрк, француз жана араб тилдерин да өздөштүргөнү белгиленген. Жума күндөрү калтырбай мечитке барып, беш убак намаз окуганы да маалымдалган.
Жоробаевдин апасы Гүлкайыр Маткалыкова уулунун дайынсыз жоголгону тууралуу Facebook баракчасына билдирүү жазып, аны күнү-түнү издеп жатышканын айткан. 2-ноябрда уулунан айрылганы тууралуу пост жарыялаган.