Сиз бул сайттын азыраак дата коротуучу, тексттен турган версиясын көрүп жатасыз. Сайттын бардык сүрөттөрдү жана видеолорду камтыган негизги версиясын көрүңүз.
Президент энергетикалык суусундукту өндүрүү, өлкөгө киргизүүгө тыюу салуу маселесин карап чыгууну тапшырды
Элеонора Куленбекова,
Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчы
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө жана өлкөгө киргизүүгө тыюу салуу маселесин бир айлык мөөнөттө карап чыгууну, алты ай аралыгында мыйзам алкагында жөнгө салууну тапшырды. Бул тууралуу Жапаров өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.
Президент энергетикалык суусундуктардын айынан зыян тарткан жарандардын маселеси тууралуу ага кыйла кайрылуулар болгонун белгилейт.
"Улутубуздун келечеги үчүн күйүп-жанган жарандардан энергетикалык суусундуктардын кесепеттери тууралуу кыйла кайрылуулар келип жатты эле. Бул маселе Жогорку Кеңештин бийик трибунасынан да көтөрүлгөн. Эл бизден өлкөнүн генофондун уулап жаткан бул жагдайга каршы кескин чара көрүүнү талап кылышууда.Мына ушундай кайрылуулардын негизинде Администрациянын тармактык бөлүмдөрүнө маселени тыкыр талдап чыгууну тапшыргам", -делет бул тууралуу билдирүүдө.
Жүргүзүлгөн талдоого ылайык, 2025-жылы өлкөдө энергетикалык суусундуктарды ички керектөөнүн көлөмү 54 млн 199 миң литрди түзгөн. Бул болжол менен 129 млн банкага барабар. Ал эми 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында керектөөнүн көлөмү 36 млн 83 миң литрге же болжол менен 85 млн 900 миң банкага жеткен.
2025-жылы Кыргызстанда 25 млн 263 миң литр энергетикалык суусундук өндүрүлгөн. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден 28 млн 430 миң литр, ал эми үчүнчү өлкөлөрдөн 1 млн 239 миң литр алып келинген.
Бул тармактан түшкөн салык жана бажы төлөмдөрү 2025-жылы 1 млрд 104 млн 100 миң сомду, ал эми 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 996 млн 710 миң сомду түзгөн.
"Саламаттыкты сактоо тармагынын адистери: кардиолог, уролог, эндокринолог сыяктуу медициналык эксперттер энергетикалык суусундуктарды АШЫКЧА колдонуунун кесепеттерин расмий эскертип келишет. Албетте, айрымдар "ашыкча ичпесе эч нерсе болбойт, ичип эле жүрбөйбүзбү" деп айтышы мүмкүн. Бирок бул суусундуктардын бара-бара адамды көз карандылыкка алып келерин эске алганыбызда, ал кадимки адатка айланып, андан баш тарта албай, акыры соңу кейиштүү абалга алып барып жаткан учурлар арбын", - дейт Жапаров.
Анын айтымында, кыргыз өкмөтү энергетикалык суусундуктардын айынан инфаркт, кант диабети, бөйрөк оорусуна, жана башка дарттарга чалдыккан миңдеген жарандарды дарылоого, гемодиализ борборлорун ачууга жана кымбат баалуу операцияларды каржылоого республикалык бюджеттен андан да алда канча көп каражат коротууга мажбур болууда.
"Медициналык чыгымдар эселеп өсүп жатат. Дарттын кесепеттери менен күрөшпөй, аны алдын алуу чараларын ойлонуп, ар тараптуу ыкчам кадамдарга барууга мезгил жетти деп ойлойм.Биз эл аралык тажрыйбаларды да иликтедик, бул багытта башка өлкөлөр жарандарынын саламаттыгы менен катар экономикасын кандай айкалыштырып жатканы изилденди", -деди мамлекет башчысы.
Жапаров белгилегендей, Европанын Литва, Латвия сыяктуу өлкөлөрүндө энергетикалык суусундуктар кадимки дүкөндөрдө эркин сатууга чектөө коюлду. Польша 2024-жылдан баштап 18 жашка чейинкилерге сатууну мыйзам аркылуу таптакыр токтотту. Боордош Казакстанда 2025-жылдын 1-январынан тарта 21 жашка чейинкилерге энергетикалык суусундуктарды сатууга толук тыюу салынды.
"Министрлер Кабинетине улуттук коопсуздуктун негизи болгон элибиздин саламаттыгына терс таасирин тийгизип жаткан энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө жана өлкөгө киргизүүгө тыюу салуу маселесин 1 айлык мөөнөттө карап чыгууну, 6 ай аралыгында мыйзам алкагында жөнгө салууну тапшырдым", - деди Жапаров.